кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"

п»ї

Тагдырдын чайкамасы
Токтогула, эй!!!
Парламенттик башкарууга кирдик дегенибиз менен, аныбыз жамы журтка жакшынакай жарыгын чача албай турат. Кыргызымдын мыкты уулдарынын бири Түгөлбай Казаков агайыбыз кейингендей, "парламенттик башкаруудагы парламентке келген партиялар мамлекетти өз менчигиндей бөлүп алат деп ким ойлоптур. Өлкөнү кыдырсаң ар бир район ар башка партияныкы. Мектеп "соцдемдики", оорукана "республиканыкы", маданият үйү "ата-журттуку" дегендей. Экинчиден булар "чү" деген эле жерден бажы, аэропорт, салык кызматтарын талашты. Ушулардан эле азыркы бийликтегилердин ары жагында эмне турганы билинип жатпайбы? Анан кантип оңолобуз!.."
Кезинде гезитибизге өзүнүн ачуу жана бетке чапкандай чындыгын айтып, Адилет укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын маеги жарыяланган. Анда: "… Проблема в том, что слова "семья" заменили словом "партия". Теперь у нас партийноклановое правление. Чем оно лучше? Для население хуже, потому что раньше была одна стая, а теперь пять стай шакалов" деген пикирин билдирет, Чолпон айым. А чынында бүгүнкү турмуш агымында, жогорку айтылган ушул эки пикирди тең андай эмес деп айта алабызбы? Жок!
Мына, парламенттик системага киргенибизден бери эмне гана жоруктар болуп жатат. Бүгүнкүгө чейин байлык, бийлик талаш. Ал тургай бири-биринин мурду-баштарын канатканга чейин барышууда. Андай талаштын аягы дагы жакын арада бүтчүдөй эмес. "Бийликтин ээси эл" деп Баш мыйзамда жазылган менен, бүгүн эл өздөрү менен өздөрү. Өз түйшүгүн өздөрү артууда. Ар кимиси өз күнүн өзү көрүүдө. Керек болсо алар төккөн салыктары менен бүгүнкү "көпөстөрдү"кошо багып жатат.
Эң негизгиси, ошол элге таазим! Али да болсо көкүрөктөрүндө үмүттөрү өчпөй, өйдөкүлөрдүн өз билгендерине да кайыл болуп, көч бара-бара түзөлөөр деген тилектери муздабай турганы үчүн. Бирок, акыры элдин да чыдамы да түгөнөт да…
Кенжебек Арыкбаев

Редакциядан: Бул жөнүндө ойлор
3-7 беттерде












??.??