Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Кетсин дешкенде…
Өткөн жума күнү (2011-жылы 15- октябрында) жер жүзү боюнча Америкадан Азияга чейин, Европадан Африкага тарта 84 мамлекеттин 951 шаарларында "Каардануунун күнү" деген акция болуп өттү. Планетаны цунамидей каптаган мындай акция тарыхта биринчи ирээт болду. Америкада элдин мындай каардануусу Вьетнам согушунан (1962 - 1967 ж.ж. ) кийин боло элек болчу. Дүйнөнү өзгөртүүгө жасалган элдердин тилектештигинин феномени "социалдык сеть" деп аталган интернет байланыштары аркылуу жасалганы айкын болду. Бул массалык акциялардын талаптары: бийликтегилер социалдык саясатка көнүлдөрүн буруусу керек - деп жатышты.
Нью- Йорк шаарындагы АКШнын финансылык борбору Уолл-Стрит кварталында 120 миң адам 1 эле күндө бийликке нааразылык катына кол коюшту. Символикалык маанайда "Уолл-Сритти басып алуу", "99% жана 1%" деп аталышта акциялар жүрдү. Бул акцияларынын катышуучулары финансылык чөйрөлөрдүн колдорунда 99% байлык болсо карапайым элде 1% байлык бар деп жатышат.
Лондон шаарында өткөн "Каардануунун күнү" массаалык акциясына дүйнөнү дүң кылган Викликис интернет сайтынын түзүүчүсү Джулиан Ассандж да катышты. Испаниянын Мадрид шаарында 400 миң, Барселоне шаарында 500 миң адам көчөлөргө чыгышты. Рим шаарынын 150 мин жаштары адегенде Италиянын коргоо министрлигине өрт коюшуп, андан кийин көчөлөрдөгү соода имараттарын, авто унааларды талкалашты. Германиянын ири шаарларында жаштар Римдиктердин аракеттерин кайталашты. Чыгыш Азияда: Филиппин, Тайвандын эли: "Америкалык империализм жок кылынышы керек!" деген лозунгту көтөрүп чыгышты. Жаңы Зеландиянын эли башка материктеги толкундоолорго тилектештигин билдиришип, социалдык талап менен акция жасашты. Айрым прессалар бул акциялардын артында кадимки Джорж Сорос турат деп жазышты эле, ал дароо бул малыматты четке какты. Эскерте кетсек дүйнөлүк масштабтагы бул акцияларга мурдакы социалисттк өлкөлөрдүн( Чыгыш Европа, СССР ) эли катышпады. Сыягы "көрбөгөн бейишиңден көнгөн тозогум артык" дегендей, жедеп жакырчылыкка көнгөн эл азыркы жашоолорун "жыргализм" - деп жатышса керек.

Токо Мамбетов




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??