Ой, тобоо!

Орустар Толстой менен Достоевскийдин алдында ыр окуп жатканын көрдүңөр беле?
Кечээ жакында, (2011-жылдын 15 - октябрында) УТРКдан Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун айкелинин алдында залкар акын Сүйүнбай Эралиев аганын 90 - жылдык маарекесине карата акындардын ыр окуганын көрсөтүп жатат. Айкелдин алдындагы секичеде ыр окуган акын, жазуучулар, уюштуруучулар, дагы он чакты адам болсо төмөндө поэзия угуучулар отуз чамалуу жаштар. Булар Улуттук университеттин студенттери экен. Мындай маданий уюштурганы го жакшы, бирок оркойгон кемчилиги бул - поэзия саатары максатына жетпей калды. Бул иш - чараны Улуттук университет менен жазуучулар биримдиги уюштурган экен. Уюштурганга жараша көп аудиторияны камсыз кылыш керек эле, "жетим кыздын тойундай" кылбай. Жогорудагы саналуу адамга телевидениенин көп каражатын, убактысын коротуштун кереги бар беле десең. Ансыз деле кыргыздын көркөм маданияты азыркы тапта кризистик абалга жетип депрессияда турат. Буга жогоруда сөз кылып жаткан иш - чара түздөн - түз мисал. Мындай көрүнүшкө эмне себепкер болууда? - деген мыйзамдуу суроо туулбай да койбойт экен...

Өткөн кылымдын башындагы орустун залкар философу, Американын социология мектебинин негиздөөчүсү Питирим Сорокин "Человек, цивилизация, общество" аттуу эмгегинде айрым экономикалык, нравалык кризис каптап кеткен коомдо сөзсүз маданият кошо ошол кризистин таасирине кабылат. Муну биз "туташ кризис" деп атоодон башка аныктама бере албайбыз. - деп жазат. Залкар социологдун бул аныктамасын эч ким четке кага албас. Кыргыз коомун да ушул тапта туташ кризис чулгап турат. Көркөм маданиятын туташ кризистин бир тогоосуна байланып калган себептеринин жагдайларын ачып берүү бир макаланын эле темасы эмес, бул маселе кеңири тема. Бирок, ошентсе да ушул жаатта кыска ойлорду ортого салып көрөлү.
Адамзат эки нерсени, товар жана рухий байлыкты жаратаары белгилүү. Кыргыз бийлиги баарын талкалап таштап эми товар өндүрүп чыгарууга шалтурук болуп турат. Демек, мамлекеттик бийлик начар менеджер. Ушул мажес менеджерлер нечендеген таланттардын, көөдөнүнөн ой - кыялынан, толгоосунан, жаралган рухий даяр турган байлыкты элге жеткирүүнү эптей албай, сырткы күчтөрдүн аң - сезимге булук салчу, табихий адептин эрежелерине жат, эч бир эстетикалык касиетке ээ болбогон, кунарсыз, нарксыз көрсөтүүлөрүнө оюн - зоокторуна чара колдонбой келет. Айтор маданияттын короосунда "мышыктар" чыйылдашып ыйлап жатышат, "иттер" күрсүлдөп үрүп жатат... Буга "кой, ай" деген жан жок. Жогоруда "даяр турган рухий байлыкты малекеттик атка минерлер элге жеткизбей келет" деп айткан сөзүмдүн жөнү мындай: Совет доору улуттук көркөм маданиятты гүлдөтүп койгон. Буга бир эле мисал, Кыргыз опера жана театрында коюлган "Чолпон" балети кино тасмага тартылып, дүйнөнүн 40 өлкөсүнө сатылган. Эгер бул балеттин кунардуулугу, асылдуулугу жок болсо, башка элдер карап да коймок эмес. Өткөн дооордун 80-жылдардын аягында 90-жылдардын башындагы баш аламандык мезгилдерде күнүмдүк жашоо менен алпурушуп, кара жандын камын көрүп жүрүп эл кино, театр, музейлерге барганга мүмкүнчүлүктөрү жок болуп, көркөм маданияттан алыстап, рухий азыктанбай калышкан. Бул хаостук кырдаал түзүлгөнгө чейин эл театр, кино, музей залдарынан кетүүчү эмес. Андан бери эр жеткен бир муун өсүп чыкты. Ушул жаңы муун улуттун, башка элдердин чыныгы көркөм маданияты эмне экенин, анын баалуулугу эмнеде, улуттук валютанын бетинде элеси түшүрүлгөн Токтогул, Тоголок Толдо, Саякбай, Бүбүсара ким экенин билишпейт, ачык айтканда. Буларга караганда алар товарды реклама кылышкан фото моделдерди жакшы билишет. Азыр динге ашыкча берилип, сакал өстүргөндөрдөн чоочулап, хиджаб салынган кыздарга окурая карап жатабыз. Мечиттерге жүздөгөн, миңдеген адамдар барышууда. Мындай көрүнүш көркөм маданиятка жаштарды тарта албагандан келип чыгууда. Диндеги адеп, ыйман маселеси көркөм маданияттын өзөгүндө турганын түшүнүшпөйт.
Азыркы шаарда жашаган жаштардын барар жери дискотека, автомат оюндары, анан интернет болуп калды. Интернеттерге "социалдык сайт деп аталган" булактар батыштын бузукулук иделогиясы экенине бийлик көңүл бөлбөйт. Элет жеринде болсо жаштар көркөм маданиятка эч бир жатпаган, жеңил желпи халтураларды, дисктерди көрүп жүрүшөт. Ушул көрүнүштү салыштырып көрсөк диний ишмерлер, халтуршиктер мамлекеттик бийликтен ашык иш жасап жатат десек туура болоор.
Ак үй, Көк үйдүн капталдарында театрлар, музейлер жайгашкан. Булардын баары мамлекеттик казынадан каржыланып жатат. Эмне, артист сахнада репитиция жасаш үчүн, же музейде тарыхый эстеликтер, сүрөттөр жөн эле сакталып туруш үчүн театрлар менен музейлер казнанын эсебинен кармалып жатабы? Бул жайлар элдер келип рухий азык алыш үчүн курулуп, ошол максатта салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кармалып жатат. Азыр элдин жашоосу өткөн 80-жылдардын аягындай 90-жылдардын башындай эмес. Жамандыр, жакшыдыр элде акча болуп калды. Мамлекеттик чиновниктер жаман менеджер болбосо эл менен көркөм маданияттын ортосундагы байланышты небак улаш керек эле. Бул ишке болгону уютуруучулук гана керкек. Бирок, андай болбой жатат.
Мындан 7 -8 жыл илгери павильон ээлери дүң базарларга өздөрү барышчу. Ушул кезде супер маркеттен тарта чакан павильонго чейин соода агенттери, керектүү товарларды дүң базарларынан алышып, жеткизип, зарылдыкты камсыз кылып турушат. Иштин амалын, көзүн тапкан адамдар соода алакаларын жолго коюп алышты. Мамлекеттик мажес менеджерлер болсо мамлекеттик деңгээлдеги олуттуу маселе болуп турган көрүүчүлөр, угуучулар менен театр, музейлердин ортосундагы үзүктү улай албай коюшту. Мезгил болсо закымдап өтүп жатат... Ошону менен кошо жаштардын аң - сезими кошо кризиске капталууда.
P.S. Жогоруда поэзия кечелерин уюштуруучуларга эскерте кетчү кеп, эгер мындан ары ушундай ыр окуу, ыр угуулар уюштурулуп калса, анда ал Ч. Айтматовдун эстелигинин алдында эмес, поэзиянын пайгамбары Аалы Токонбаевдин эстелигинин алдында өткөзүү керек. Ч. Айтматов акын эмес, ал жазуучу, поэзияга эч тиешеси жок. Дүйнө жүзүндө ыр акындардын эстелигинин алдында окулат. Казактар Абайдын, Өзбектер Новаинин, Түркмөндөр Мактымкулинин, Орустар Пушкин менен Лермантовдун, Англиялыктар Байрондун, Германилыктар Гете же Гейненин, Полшалыктар Мицкеевичтин эстеликтеринин алдында ыр окушат. Орустар Толстой менен Достоевскийдин, Казактар Ауезовдун, Франциялыктар Дюманын же Балзактын эстелигинин алдында ыр окушкандарын көрдүңөр беле?
Жолдошбек Токоев