Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Ташиевди реваншист дегендерге таң калам"
- Садыр Нургожоевич, шайлоо күнү чукулдап калды, бул боюнча кандай ойдо турасыз?
- "Ата-Журт" партиясынын чечими менен Камчыбек Ташиевди президенттикке көрсөткөнбүз. Учурда биздин талапкер партиялаштар менен жер жерлерде үгүт иштерин жүргүзүүдө. Ал эми бизге депутат, мамлекеттик кызматкер катары үгүт иштерине катышканга мыйзам жол бербейт экен. Көпчүлүктүн бири катары сырттан көз салып турабыз. Учурда жыйырмага жакын талапкер калды. Жалгыз орун кимисине энчиленери жакында элдин эрки, Кудайдын буйругу менен билинет.
- Камчыбек Кыдыршаевич алдыга ат чабым озгон үч талапкердин бири катары айтылып жатканы ачуу чындык. "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" дегендей, бийлик тарабынан бут тосуулар болгон жокпу?
- Саясаттын, табияттын көрүнүшү ушундай окшойт. Бийликтеги адам өзүнө оппонент болгон күчтүү лидерге сөзсүз бут тосору турган иш экен. Талапкер өзү тоспосо да, бийликти мыкчып отурган адамдар "шефине" жакшы көрүнүп же жагалданыш үчүн ыплас иштерди жасарын турмуш тастыктап койду. Бул илгертен болуп келген, азыр да болуп жатат. Мындан ары да боло бериши ыктымал.
- Демократиянын чапанын жамынып, 7-апрелден бери бийликти мурастап алган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү "таза шайлоолорду өткөрөбүз, админстративдик ресурсту колдонбойбуз" деген азан чакырып келе жатышат. Бул аткарылып жатабы?
- Жок. Муну мен эле эмес, жалпы эл айта алат. Алар (Убактылуу өкмөт) "таза шайлоо алып келебиз, демократияны орнотобуз, мамлекетти бир жылда бутуна тургузабыз" деген. Айтылган сөздөрү айтылган бойдон калды. Кыпындай нерсе жасалбады. Экономикада артка кеттик. Кирешелүү тармактарды мурдагылардай басып алып, өз кызыкчылыгына пайдаланышууда. Ошол жерлерде иштегендер өзгөргөн эмес, ошол эле булганган, ыплас адамдар отурат. Мен миллиондогон каражаттар казнага эмес, чөнтөккө түшүп жатканын парламенттин трибунасынан ачык айтып жатам. Мисалы, 30га жакын улутташтырылган обьектилер бар. Аларга Убактылуу өкмөттөгүлөр өз туугандарын отургузуп алышкан. Андан бери эки жылга аяк басты. Ошондон бери "революционерлердин" жек-жааттары түшкөн кирешелердин 15 - 20 пайызын гана мамлекетке төгүп, калганын чөнтөккө солошууда.
- Демек, мурдагы эле көрүнүш кайталанып жатыптыр да…
- Ошол эле схема уланууда. Айдар куулуп, анын ордун Максим басканын баары билет. Азыр Максимдин ордун жети-сегиз адам ээлеп алды. Тактап айтканда, мурда өлкөнү жалгыз Айдар менен жалгыз Максим шимирсе, азыр адамдардын жоон тобу тоноп жатат.
- Сиздин оюңузча кандай болуш керек эле?
- 7-апрелден кийин булар эсине келип, "Биз үчүн 90 бала өмүрүн кыйды, эми таза иштейли, болбосо бизди тарых, төгүлгөн кан кечирбейт" деп, эл үчүн иштеп беришсе болмок. Аларга Акаев менен Бакиевдин түшүнө кирбеген чоң мүмкүнчүлүк берилген эле. Декрет менен гана бардыгын чечип жатышты. Эгер бийлик талашканды токтотуп, алкымдарын тыйып, жакшы чечимдерди, декреттерди кабыл алганда бир жылдын ичинде Кыргызстан көтөрүлүп кетмек. Бажы жана салыктан сол чөнтөккө түшүп жаткан акчаларды мамлекетке бурганда, улутташтырылган обьектилерди жакшы жолго салганда өлкө дароо оңолмок. Тилекке каршы андайды жасай алышпады. Солго кетип жаткан көмүскө миллиондор дале башкалардын капчыгына кетип жатат. Ушуну эле бууп койгондо, бюджетте 20 миллиарддык дефицит болмок эмес. Тескерисинде киреше менен чыкмакпыз.
- Аларды санап бере аласызбы?
- Мен көптөгөн мисалдарды ММКлардан айттым. Анын барын кайра кайталап отургандын кажети жок. Бирөөсүн эле айтайын, улутташтырылган бир эле обьектинен күнүнө эки миллион доллар түшөт. Эмне үчүн аны бюджетке кошпойбуз.
- Кайсы обькетини айтып жатасыз?
- "Мегакомду". Ошол эле "Альфателекомдун" 49 пайызы улутташтырылып, 51 пайызы талаш болуп жатат, бирок, мамлекеттин карамаганда турат. Ал жерде күнүнө эки миллион долларга жакын акча түшөт. Бир айда 60 миллион долларга жетет. Биздин жетекчилер көрүнгөн мамлекетке барып кайыр сурап жүрөт. 10 миллион берип койсо, "түрк туугандарга ырахмат" деп бир ай теледен мактанабыз. Ал акча Кыргызстандагы бир компаниянын беш эле күндүк кирешеси. Ушундай жасалма, эки жүздүү саясаттын үзүрү болобу? Албетте жок.
- Кайсы бир обьектини алтын жумуртка тууган тоокко салыштырып, сатканды токтоткула дегендей болдуңуз эле?
- "Альфа телекомдун" 49 пайызы эч бир талаш-тартышы жок улутташтырылган обьектилердин катарына кирет. Ошону болгону 100 миллион долларга сатабыз деп жатат. 100 миллион анын үч айлык пайдасы. Мындайча айтканда "Альфателеком" күнүнө алтын жумуртка тууп берип жаткан тоок. Жумурткасын сат, тоокту сатпагын да десем, өкмөттөгүлөр "дагы бирөө келип тартып алабы деп, коркуп жатабыз" деген жүйөөсүз шылтоону айтышат. Ой айланайындар ким тартып алат, Айдар же Максим келип тартып алабы? Премьер, президент, сот, прокурор дегендер отурбайбы. Алар тартырып жибергидей көчөдөгү бирөө эмес да.
Албетте, муну менчиктештирүүгө кызыкдар бирөө бар. Анын артында Айдар же Максимге окшогон адам турат. Ал 100 милиионду өзү эле төгүп, бир түрккө же бир оруска костюм шым кийгизип, инвестор катары көргөзүп, отургузуп коюну максат кылышууда. Муну бардыгы, министрлер, депутаттар билип турат. Сатып алгандан кийин үч, төрт айда эле өзүн өзү актап, "Альфателеком" андан ары бир гана чиновниктин чөнтөгүн толтуруп калат. Бирок, "кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт кыргызда. Бизде кырк жыл эмес, азыр кырк күндө эле билет. Ошондуктан, түрктүн артына жашынган чиновникке айтар элем, "эсиң барда этегиңди жап" деп.
- Ташиев президент болуп калса иш эмнеден башталышы мүмкүн?
- Эгер Камчыбек Ташиевди эл колдоп берсе, иш мыйзамдуулуктун орношунан башталат. Дегеним, мамлекетти мыйзам башкарыш керек. Мисалы, мен азыр өз көзүм менен көрүп, жон терим менен сезип турам. Азыр парламенте айрым депутаттар мыйзамды тебелеп өтүп, "биз саясий чечим кабыл алсак болот" деп чуркап жүргөн депутаттар бар. Мыйзам деген эмне экенин билбеген же мыйзамды чүлүктөп, каалаган жакка сүйрөй берген депутаттар көп. Мыйзамдан чыкпайлы десең, "биз өткөөл мезгилдебиз, саясий чечим кабыл алсак боло берет" дегенин көрүп таң каласың. Мына ушундай немелерди, мыйзамды бузгандарды дароо камаш керек. Ошондо гана тартип, мыйзамдуулук пайда болот. Мыйзамды сыйлоо башталат. Ташиев ишин дал ушундан баштайт.
- Апрель жана июнь окуялары боюнча күнөлүүлөр жазаланышы мүмкүнбү?
- Апрель окуясы боюнча күнөлүү - Бакиевдер. Алар сөзсүз жазаланышы керек. Ал эми июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күнөлүү. Анткени, 7-апрелден кийин "Өлкөнүн келечеги үчүн, болгон иштер үчүн биз жооп беребиз" дешкен. Анан алдыдагы шайлоолордо өзбек туугандардын добушун алуу макстанда бардыгы саясий оюнга кирип, сепаратистер менен сүйлөшүүгө барышты. Үч топко бөлүнүп алып оюн жүргүзүшүп, жыйынтыгында июнь окуясы чыгып кетти. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Бакиевдер уюштурган деп жатпайбы. Ал болбогон сөз. Андай массалык кыргынды уюштурганга алардын кудурети жетмек эмес. Бакиевдерди колдоп түштүктө ит деле үрүп чыкпай калган. Июнь коогалаңын Батыров, Салахуддинов, Абдрасулов дегендер уюштурду. Булардын бары жазаланып, камалышы керек. Эгер жазаланбай калса, бул көндүм адатка айланып кетет. Өлкөдө жоопкерсиздик пайда болот.
- Садыр Нургожоевич, ошол эле Утурумдук өкмөттүн мүчөлөрү "Бакиевчилер, реваншистер" деген нерсени таратып, элди иренжиткенге аракеттенип келишет. К.Ташиевди дагы ушул нерсеге байланыштырышат. Негизи барбы?
- Булар негизи жок, саясий бойок менен айтып жатышат, реваншистер деп. Мен таң калам, К.Ташиевди кайсы бети менен ушинтип айтышат. Реалдуу болушпайбы. Апрель окуясы болордон жарым жыл мурун Бакиевдердин эшигин тарс жаап кетип калбады беле. Анан кантип реваншист болот? Ошол мезгилде ким ушундайга даай алмак. Эки ай өтпөй иш козгогон. Эгер апрель окуясы болбогондо Камчыбек камалмак. Жасалма көрсөтмөлөр даярдалып, Ташиев сурак берип жүргөн. Бийликтин теле каналардары "мынча акчаны жептир, тигинчени ичиптир" деп эле жатпадыбы. Чындыгында жыйырма жылда он министр кылалбаган ишти, Ташиев эки жарым жылда жасап койгонун эч ким тана албайт. 75 өрт өчүрүүчү унаа, 100дөн ашуун атайын техникаларды сатып алды. ӨКМнын региондогу бөлүмдөрүн көтөрүп койду. Андайды бир дагы министр жасаган эмес. Бардыгы эле жогор жактагылар менен акча бөлүшүп коюп отурган. Муну элдин бары билет.

Ногойбай Султанов








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??