Көнгөн адат калбастыр,
уйга жүгөн салбастыр...
"Поверь"...
Мансап үчүн таттуу сөзүн аябаган, сөздүн гүлүн тандап сүйлөгөн президенттикке талапкер Адахан Мадумаров трибунанын гана көркү экенин жаамы журт жакшы билет. Арийне айтылган кеп бар "колунан иш келбеген кишилер, убадага бай болуп, ооз менен гана иш бүтүргөнгө жөндөмдүү" - деген. Анын сыңары Адахан дагы кооз сөздөрдү гана тандап сүйлөө жагынан абдан таланттуу, алдына ат салбайт, бирок колунан эч иш келбегинене турмуш өзү күбө. Буга чейин жакшы эле жогорку кызматтарда иштеп жүрдү, бирок ооз толо айта турган эмне иш бүтүрдү?-десең.

Акасы, Бакиев кызматта турган кезде, мен "Де-факто"-газетасынан окуп калдым эле, кадимки Адахан мырзанын " бийлик түштүккө келди, эми биз кырк жыл бийликти бербейбиз, түндүктүн балдарын тебелеп жүрүп өтөбүз"-деп айткан кебин. Ошондо мен Адахандын чыныгы жүзүн көрдүм. Эми минтип мансап үчүн болгон аракетин жасап, кооз сөздөр менен "мен жыргытам"деп жаткан сөзүнө ким ишенет? Эгер Мадумаров ажолук такка конуп калса, анда элдин шору болот го деп ойлойм. Дегеним, эл үчүн туулган, эл камын көргөн адам эч качан элди бөлбөйт жана мансапка манчыркап кетпейт. Кечээ эле Турдакун Усубалиевдин дарегине карата жагымсыз сөздү айтып жатып, бүгүн кайра "мен президент болсом, Усубалиевдей калыс, Масалиевдей чынчыл адам болом"-деп, айткан кеби мени дагы бир жолу ирээнжитти. Бул "мансап" деген неме эмне деген гана сөздү айттырбайт дагы, эмне деген гана убаданы бердирбейт, чиркин! Азыр кыргыз калкы ким таттуу сөздү сүйлөсө, ага ишене берген кез артта калды. Мен бул жерден Мадумаровдун жолуна бут тоскум деле келген жок, жөн гана көнгөн адат адамдын башы менен кетээрин гана эске салгым келди. Ооба, Адахан мырзага тил жагынан талантты берген экен, азыр арааны жүрүп, эл алдында той башкарган тамадалардай сөздүн гана гүлүн тандап, өзүнө колдон келишинче упай топтоп жүргөн чагы. Эгер ажо болуп калса "бийликти түндүккө бербей кырк жыл башкарам" деген сөзүн айтпасына ким кепил боло алат? Адам тилинен, жылкы туягынан жаңылат эмеспи. Адахан канча жолу тилинен жаңылса дагы, мансап үчүн баарына кайыл болуп, убада бергенден тажабай келет. Бирок, чынында ажо болчу киши алакандай элди "түндүк, түштүк"-деп бөлбөйт. Кырк жыл эмес араң беш жыл башкарганга жараган Бакиев, Адахандын айткан сөзүн дагы бир жолу уятка чыгарды. Кимдин ким экенин бир гана убакыт өзү калыстайт. Адахандын ким экенин жакшы билебиз, бирок, дале болсо мансап үчүн далбас урган аракетине эмне деп сөз айтууну билбей турган кез. Азыр Адахан мырза түштүк элине кайрылып "бийлик түндүккө кетпей, бизде калсын"-деген сөзүн кулагыбыз чалды, үн жазгычка түшүрүп да алдык. Сөз соңунда эмне дейли, деги эле шайлоо тынч өтүп, элибизге татыктуу элди бөлүп жарбаган адам келсе деген изги тилегибиз кабыл болсо болгону.

Ногойбай Султанов




 Обу жок орсок уй сааганда

Кимди ким куралдандырат?
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев шайлоонун алдында "Элдик ыктыярдуу кошундары куралдандыруу" жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке киргизип, жергиликтүү бей өкмөт уюмдар, президенттике талапкерлерди мындай кой, ПРООН, ОБСЕ, ЮСАИД, МДИ, сыяктуу эл аралык уюмдардын үрөйүн учуруп жиберди. Жогорудагы уюмдар, президенттике талпкерлер, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошуп, өлкөнүн Конституциясынын 4-беренесинин 4-пунктуна ылайык " Кыргыз Республикасында жарандардын бирикмелери тарабынан аскерлешкен курамдарды түзүүгө тыйуу салынат" деген Конституциялык нормага жана эл аралык документтерге таянышып, жогорудагы депутаттын киргизген мыйзам долбоорун "карабагыла" - дешип, чырылдап жиберишти. Чынында чырылдай турган иш эмеспи.
Депутат болуп бийликтин бир бутагында отуруп, Баш мыйзамды тыңдап билбей, ыктыярдуу кошундарды куралдандыруу керек - деп демилге которуп жатса.
Быйыл жазда Филармониянын залында кошундардын жыйынын ушул депутат Данияр Тербишалиев уюштуруп жүрдү эле. Көрсө алысты мелжеп, куралдуу топ түзөм деп жүрсө керек. Ыктыярдуу кошундар эмес, медициналык комиссиядан нечен ирээт текшерилген күч органдарынын кызматкерлерине ишенүү кыйын болуп бара жатат, азыркы коомдогу эбегейсиз көп стрессттик атмосферада. Деги эле ыктыярдуу элдик кошундардын түзүлүшү, аракеттери эч кандай мыйзамдарга негизделбеген. Демек, аракеттери юридикалык күчкө ээ эмес. Кокус бул түзүлүш менен эл ортосунда кандайдыр бир конфликт болуп кетсе мыйзам сөзсүз эл тарапта болоорун Башкы прокуротура азыртадан эскетүү бериши абзел. Шалоого чейин башка бир али көрүнбөгөн, угулбаган күчтөр эмес эле, "Самарканддан саман учуптур десе, жок жоо чааптыр" дегендей болушуп, бийлик бир жагынан, айрым президенттике талапкерлер экинчи жагынан: "Бакиевчилер", "Реваншистер", "тышкы күчтөр",- шайлоодо мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтиргени жатат - дешип элдин ушун азыртадын алып коймой болушту. Депутат Д. Тербишалиевдин жогорудагы демилгеси элге желдей тарап: "бир балекет болот окшойт" дешип чоочулагандар андан көбөйүп, Бишкектеги соода түйүндөрүн 25- 26- октябрына карата жаап, товарларын башка жакка сактоо керек - дегендер да пайда боло баштаптыр. Бул кадамдар карапайым элдин күнүмдүк тиричилигине жолтоо болмой болуу. Депутат Д. Тербишалиевдин ойлонбогон, обу жок демилгеси шайлоо алдында Алмазбек Атамбаевдин аброюна терс таасирин тийгизбесе болду.

Ногойбай Султанов




  Бөрү баласы ит болбой...

Эки жээкти эңсеп, ал...
Акаев, Бакиев доолорунда "майталканга" маарыган Ахматбек Келдибеков деген эргулдун кокосуна карапайым эл жасаган эки революция кылкан болуп сайыла алган жок окшойт. Алкымы чоюлгандан чоюлуп, беш тырмагы эл байлыгына матырылган бойдон туру. Албетте, буга биздин ичкүйдүүлүгүбүз деле жок, мейли каалашынча жесин, ашасын. (Кыргызстан жегичтердин мекенине айланып калбадыбы). Бирок, ыйман деген, ынсап нерсе болуш керек эле. Жок дегенде адамгерчилик, достук деген баалуулуктарды байлыктан өйдө койсо болбойт беле дейсиң, арга кеткенде. Дос демекчи, эки президенттин режиминде бул жигит кимдер менен колтукташканы, айрылышканы жамы журтка белгилүү. Ал эми 7-апрель төңкөрүшүнөн кийин К.Ташиевге коргологонун өзү танса да, тарых тандырбайт. Эгер Камчыбек болбогондо, Келдибековдун аты да, жыты да азыркы саясатта угулмак эмес. Анча - мынчаны элес албаган Ташиевдин шарапаты менен депутат, андан соң спикерликке минди. Бирок, биринчи орунга жалаң байлыкты гана коюп, адамдык, достук мамилени ресурс катары пайдаланып көнгөн Ахмат мырза дароо секирик жасады. Эски досторун калтырып, экинчи жээкке өтүп кетти. Муну имиш катары кабылдап, эрте жазда башталган сөзгө маани бербегендер көп болду. "Эгер президенттик шайлоодо спикер мени колдобосо, партиядан чыгаруу маселесин көтөрөм" деген К.Ташиевдин сөздөрү да жел бойдон калды. Ортодогу үзүлүп-үзүлбөй турган мамилеге, үлбүл жанган үмүткө акыры А.Келдибеков чекит койору байкалып калды. Спикерге тиешелүү делген "Апта" гезитинен кыйышпас "досу" Камчыбек Ташиевди удургута, сан сайын, мөндүрдөй согуп жатканы мунун далили десек болчудай. Дегенибиз, Күлчатай жүзүн ачык ачпаса да, шамал кайдан соккону келесоо кишиге да дайын болуп туру. Аталган гезиттен жарыяланган материалдарды окусаң төбө чачың тик турат. Доско да ушундай мамиле болобу? дейт экенсиң. Сөөк өчтү душмандашкан адам да мынчалык пастыкка эч качан барбаса керек. "Тузуңду ичейин, туздугуңа ч…..н" деген мамиле жакшылыкка алпарбас. Анткени, досун саткан мекенин сатканга барабар эмеспи…

Максатбек Султанов,
Ош шаары