Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Шайлоо дейсиң…

"Кудаяр хан"
(Уландысы. Башы 2-бетте)
Азыркы биз урунуп жаткан миңдеген км. жолдор, көпүрөлөр, имараттар, турак жайлар, оорукана, мектептер, бала бакча, театр-лар, бир эле күндө шылуундарды "капиталист" кылып жиберген нечендеген коомдук жайлар советтик доордун, социалдык идеянын үзүрү болгон. Социалдык идеянын күчүн дагы бир мындай мисал менен бекемдесек жаңылышпаспыз. Дүйнөлүк экинчи согуштан толук жеңилип, экономикасы кошо кыйрап калган Германия 4 жыл бою СССРдин, АКШ, Улуу Британиянын, Франциянын жарым колониясында туруп, 1949- жылы экиге бөлүнүп, эки мамлекет болуп кетишти. (Чыгыш Германия өзүнчө тема, кепти Батыш Германияга бурсак). 1949- жылы Христиан демократтар биримдиги партиясынын жетекчиси, 73 жаштагы Конрад Аденауэр бул өлкөнүн башына канцлер болуп келет. Келгенде да ал мындайча жаңы идеялар менен келет: "Капиталисттер өздөрүнүн үстөмдүгүн өтөп бүтүштү, Европада жаңы Германияны - социалдык Геманияны курабыз" деген ураан таштап, кылымдап түптөлгөн, жеке менчик өндүрүштөрдү, компания, концерндердин акцияларын карапайым калкка таркатат. Коомдук жүрүм - турумга, мамлекеттик кызмат адамдарына христиан этикасын киргизип, финансылык реформа жасап, банктарды мамлекеттештирет, аларды катуу көзөмөлгө алып, элдин зор ишенимине ээ болот. Бул кадамдар канцлер К. Аденауэрдин немец элине зор күч - кубат берүүчү ( дух ) идеясы болгон. Бул туурасында: Карл Маркс сыяктуу "бухгалтерлер" бизде көп эле , бирок элге дух берүү керек - деп айткан экен, ал өзү.
К. Аденауэрдин социалдык антогонизмин жоюу идеясы немец элине эбегейсиз күч - кубат берип, согуштан кыйраган, талкаланган өндүрүштөр кыска эле мөөнөттө кайра жанданып, 5 жылдын ичинде, 1934-жылы калктын 94%ы жумуш менен камсыз болот. Ушул эле аралыкта айыл - чарба продукциясы 20%га өсүп, айлык маяналар 80%га жогорулайт. Германиядагы чагылгандай бул процесстер тарыхта "немец керемети" деп аталып калган. Бийликте 14 жыл туруп, ( 1949 - 1963 ж. ж. ) К. Аденауэр түптөп кеткен Германия дүйнөдө ички дүң продукциясы ( ВВП ) боюнча кыйла жыл 3 - орундан ылдый түшпөй келди.
1989- жылы 28 миллион калкы бар, экономикасы чабал, Чыгыш Германия Аденауэрдин Батыш Германиясына барып кошулду. СССРдин аймагында жашашкан 6 миллион немец ошол бириккен Германияга туруктуу жашаганга барышты. Ошентсе да, Аденауэрдин Германиясы солк этип койгон жок. Кокус, АКШга бир эле учурда 34 миллион калк барганда аргасын таппай ала- шала түшүп калмак беле, ким билет.
Бүгүнкү экономикалык - финансылык кризисте Европа да Германиянын көзүн карап турушат. Биз болсо, дүйнөлүк 2-согушта Гермнияны жеңгендердин тукумдары биз өзүбүздү - өзүбүз "баатыр элбиз", "акылман элбиз" - деп сооротуп, жеңилген немецтердин эски авто унааларын айдаганга көкүрөк керип, деградацияланып, тукум курут болуп кетүү коркунучунда турабыз. Эртең болсо бир туугандарынан, баласынан так талашкан, шарап ичип алганда: "кырам, жойом"! -деп оолуккандан башкага акылы жетпеген Кудаяр хан сыяктанган прогрессчил идеясы жок, акыл - эси тайкы, тек мансапка оолуккандардын бирөөсү тактыга келген жатат окшоп калды...

Жодошбек Токоев




  Туйгунаалы "сүттөн" акпы?

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 17- октябрда "Баракелде" интернет бетине: "Кыргыз газеталары президеттикке талапкерлерди ашыкча ашкерелеп, жамандап жатышат. Алар ушак кылып эмнени гана жазышпайт. Айрымдары бирөөлөрдү жамандап жатса, башкасы бирөөлөрдү мактап жатат. Бул газеталардын артында кимдер турганы көрүнүп турат. Бул газеталар аша чаап бара жатышат" деди.

Капырай, Т. Абдраимов Шерлок Холмс болуп кеткенго я, кыргыз газеталарынын артында кимдер турганын билет экен, көрсө. Бирок, газеталардын артында кимдер турганын билген менен Т. Абдраимов көп нерсени билбейт экен. Билбегендерин көңүлүнө түйүп алар эгер кааласа.
Жаратылышта нечен түстөгү боектор болсо, табияттын жаратканы адамдардын ой-сезимдеринде, түрдүү пикирер болот. ММК милдети ошол ой-пикирлерди эле жеткирүү, ошон үчүн газеталар бирөөнүн айыбын ачса, башкасы мактайт. Бул жарыкта телегейи тегиз адам жок. Кыргыз газеталары миң, он миңдеген нускада басылып чыгып, аны эл сатып алып окуп жатышат, демек эл ага муктаж болуп жатат. Азыр элди мамлекеттик бийлик эч ишендире албайт, тескерисинче ММКларга ишенет. Абдраимов мырза, сиз да кыргыз газеталары жөнүндө оюңузду интернет маалымат каражаты аркылуу айтып жатасыз… Сын пикир айткандан мурда адам өзү сындуу болушу керек.
2006-жылдын январь айында маркум Рыспек Акматбаев Бишкек шаарынын 1- Май райондук сотунун чечими менен "кылмышкер эмес" деп табылды. Рыспектин иниси Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев киши колдуу болуп каза болгондон кийин, анын ордуна Балыкчы шайлоо округунан Рыспек Акматбаев талапкерлигин койду. Ошол кезде да БШКнын төрагасы сиз элеңиз Абдраимов мырза. Р. Акматбаев депутаттыка талапкерлигин коюп жатканда, шайлоо жүрүп жатканда ага БШКнын эч бир дооматы болгон эмес. 2006-жылдын 10-апрелиндеги Балыкчыдагы шайлоодо Р. Акматбаев 79,22% менен атаандашын таза утуп чыкты. Ошого карабастан сиз, Абдраимов Р. Акматбаевди депутат катары каттабай жатып алдыңыз. Шылтооңуз болсо: Р. Акматбаев 2000 - 2005 жылдары Кыргызстанда жашаган эмес экен, муну такташ керек, деген сөз болду. Убакыт созугуп жатты. Ошондон туура бир ай өтпөй, 2006-жылдын 10-май күнү Р. Акматбаевди атып кетишти. Ушул жерден күмөндүү, суроолуу нерсе пайда болот. Т. Абдраимовго: "Р. Акматбаевге депутаттын мандатын бербей тургун" деп кимиси буйрук берген, Курманбекпи же Жаныш Бакиевпи? Т. Абдраимов бул экөөнүн кимисинин буйругун аткарган? Деген маанайдагы жүйөлүү суроо жоопсуз турат, алигиче. Болбосо, Р. Акматбаевге жүрөгү даап, өз алдынча Т. Абдраимов мындай кадамга эч качан бара алмак эмес. Ошондон бир аз мурда Рыспек бир тууганы Тынычбектин өлүмүнө карата ал кездеги премьер-министр Ф. Куловду күнөөлөп, аны "сүйрөп чыгам" - деп Ак үйдү камоолго алганда бүтүндөй бийлик титирешип турганда президент башы менен канкор К. Бакиев өзү сыртка чуркап чыгып, Р. Акматбаевдин көңүлүн жайкап тынчытканын эл билет.
Ушинтип "сынчы" Т. Абдраимовдун өзүнүн күмөндүү жагдайлары да бар. Эми жогоруда айтылгандай коомдогу көп пикирдүүлүк жөнүндө бир мисал келтирсек. Дал ошол кездерде, (Т. Абдраимов Р. Акматбаевге мандат бербей жаткан учурда) маркум Дооронбек Садырбаев "Белый парус" интернет бетине: "Рыспекти криминал деп жатышат, чыныгы криминалдар президенттик админстрацияда, өкмөттө да жүрөт. Рыспек мандат алып парламентке келиши керек. Атүгүл аны президенттикке да шайлап алабыз" - деп айткан эле. Бул эми өткөн чак. Тамаша чыны аралаш күйгөндөн айтылган кеп. Дегенибиз, эртеңки шайлоодо да жогорудагыдай 2006-жылкы жорукту кайталабаңыз, Абдраимов мырза дегибиз келет.
Ногойбай Султанов








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??