Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Өз кабарчы маалымдайт

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО
МААЛЫНДА ОШТО
ХИЗБУТ-ТАХРИРЧИЛЕР БАШ КӨТӨРҮП ЖАТЫШАТ
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүн башчысы Жакып Зулпуев билдиришинче, президенттик шайлоонун алдында диний кырдаал тынч эмес экендиги кабатыр кылууда. Анткени, экстремизмге байланышкан жоруктар былтыркыга салыштырмалуу үч эсе көп катталды.
Расмий маалыматка караганда, диний экстремизмге байланышкан 30 фактынын бети ачылып, анын 23үнүн негизинде иш козголду. Былтыр аймакта "Хизб-ут-тахрир" уюмунун жалгыз гана мүчөсү катталгандыгы аныкталса, учурда алардын саны көбөйүп, 23ү кармалып, темир тордун артында сурак берүүдө. Эң кейиштүүсү: кармалгандардын жетөөсү мурда да ушундай аракеттери үчүн соттолгондор экен.
Диний талдоочулар ашкере радикалдашкан диний уюмдардын санынын арбып бараткандыгын азыркы бийиктин чабалдыгынан жана улуттук идеологиянын жоктугунан көрүшүүдө. Алар мындай аракеттер президенттик шайлоо маалында ого бетер күч алаарын, ат түгүл олуттуу түйшүк жаратаарын улам-улам эскертип жатышат.

МИНИСТР ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ
ОШ ОКУЯСЫНДА ТАЛКАЛАНГАН
ҮЙЛӨРДҮН КУРУЛУШУНУН ЭКИНЧИ
АЙЛАМПАСЫНА ТАПТАКЫР ИЧИ
ЧЫКПАГАНДЫГЫН АЧЫКТАДЫ
Мындай пикирин Өкмөттүн мүчөсү, Ош жана Жалалабат шаарларын калабына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянысынын жетечиси Жантөрө Сатыблдиев Бииккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча башкармалыгынын Борбор Азия боюнча координатору Сабер Азам менен жолугушуу маалында билдирди.
Министр Жантөрө Сатыбалдиев ырасташынча, учурда 13 миңден ашуун бүлүнгөн үйлөрдүн ээлери убактылуу башпаанаге ээ болушту. Аны эл аралык аталган уюм токтоосуз каржылап турду. Бирок, талкаланган жайларды калыбына келтирүүнү жергиликтүүнүн экинчи агымын шаардык бийлик менен макулдашканга эле көп убакыт короду. Ошондуктан, аларды кыш түшкүчө үйлүү кылуу мүмкүн эмес.
Ал эми башпаанесиз калгандар кайжакта кыштаарын билбей, баштары маң болуп турган учуру.


Алишер ТОКСОНБАЕВ, Ош






Текебаев тарыхты "тегереткенде"
Парламенттик система деген баш ооруну "зордоп" киргизген Ө.Текебаев жакында дагы бир "сенсациясы" менен чыкты. Бу сапар А.Акаев менен К.Бакиевди экс-президент деген даражасынан алып салуу керек экени жөнүндө жар салды.

А дегенде ажо болом деп талпынып, талаада каларын сездиби, унчукпай четте калган. Анан аны эч ким эстебегендиктенби, жогорку "жобосун" айтып чыкты. Биз билгенден экс-президенттер кандай башкарышса да тарыхта жазылып калды. Ал эми тарыхты бир Текебаев эмес, миң Текебаев келсе да өчүрө албайт. Анткени, ал тарых. Балким бул анын калбай бараткан кадырынын чаңын кагып, тек элге "мен бармын" дегендей көңүл бурдурууга болгон аракетидир. Бирок, тарыхты өчүрөм дегени болбогон жорукка окшоп калды.




Игорь Чудинов акталды
Бакиевдин бакандай болгон премьери Игорь Чудинов деген эрен Биринчи май райондук сотунан таптаза болуп, акталып чыкканы туурасындагы кабар желдей тарады. Кыргызстандын премьер-министри, кийин өнүктүрүү фондунун жетекчиси болгон кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы тууралуу иш козголуп, сотто иши каралып жаткан. Эми минтип адилеттүү соттор тарабынан сүттөй болуп акталып чыкты. Буга ким ишенет? Деги эле 90дон ашуун жигиттин өлүмү менен бийликке жеткен Утурумдук өкмөттүн желдеттери эскилердин бирөөсүн да жазалай албайт окшойт. Буларды ант урар бекен эми…




Суваналиев эр экен...
Айтылуу генерал, "Катани" деген каймана ысымга ээ болгон Суваналиев атаандашы Алмазбек Атамбаевди түз эфир аркылуу өтүүчү телетаймашка чогуу чыгып, экөөсү тууралуу ММКларда жазылып жаткан сөздөрдүн чын-төгүнүн бышыктоого чакырды. Ошондой эле ал Атамбаевди колдобой тургандыгын айтып, президенттик шайлоодо тандем түзүү жөнүндө жашыруун сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү деген маалыматты четке какты. Көкжал Өмүрбектин бул сунушуна бийликтин даамын татып калган Алмаз мырза макул болор-болбосу азырынча белгисиз.
Эскерте кетсек, чүчүкулакта А.Атамбаев Н.Түлеев менен телетаймашка чыкмак болчу. Бирок Н.Түлеев талапкерлигин алып салгандыгына байланыштуу А.Атамбаев телетаймашка жалгыз чыкмак. Ал эми чучукулакта Ө.Суваналиевдин каршылаштары болуп Р.Оморов жана Ш.Медетбеков аныкталган. Бирок, акыркы талапкер өзүнүн талапкерлигинен баш тарткан. Эми "Катанинин" чакырыгын "Кабылан" кабыл алып теледебатка Суваналиев менен тирешкени келе алаар бекен...




Жолдошеванын жоруктарынан
Билим министринин орун басары Гульжигит Сооронкулов билим берүү системасы боюнча 2012-жылга бюджеттин долбоору боюнча баяндама жасагандан кийин депутаттар Билим берүү министрлиги менен Каржы министрлигинин цифралары ар башка болуп жаткандыгын айтышып, толук маалымат берүүнү суранышты. Буга байланыштуу депутат К.Осмоналиев сунуш киргизип, "2012-жылга бюджеттин долбоору өтө орчундуу маселе, муну кылдаттык менен карап чыгуу керек. Ошондуктан, бул маселе боюнча атайын жыйын өткөрүп, кийинки жыйынга калтырууну сунуштайм", - деди. Бирок, комитет төрайымы Ж.Жолдошева бул сунушту добушка койбой, маселени ошол эле күнү карап чыгууну сунуштады. Ортодо айтыш кызуу болду. Кызыгы, Атамбаев, Текебаев, Отунбаеваларды ашатып келген Жылдыз айым дароо 180 градуска бурулуп, алардын ишин тездетүүгө киришкени түшүнүксүз. Өзгөрүлмө кишилерге айла жок турбайбы...





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??