Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Актан арым Кубат:

"Менде үмүт шамы күйүп турат"
Бул киши өзүнүн бардык фильмдериндей, сценарийлериндей, социалдык роликтериндей эле өзү да жарыкка каныга сугарылган. Андыктан анын көпчүлүктүн көксөп көргөн фильмине айланып, бир нече эл аралык сыйлыктарды жеңип алган фильми кокусунан жөнөкөй карапайым айыл тургуну - элге жарык, сүйүү жана жакшылык жеткирип турган электрик жөнүндө баяндабайт. "Жарык-аке", швейцариялык Локарнодо өткөн эл аралык фестивалда гран-прини жеңип алган бул иш ушундайча аталат. Бир эсе, бул жерде атактуу фильмдериндей эле анын бардык сыйлыктарын жана ардак наамдарын санап олтуруунун деле кажети жок. Алар өтө эле көп. Андан көрө "Жарык-аке" - бул анын өзү - режиссер, актер, сценарист, сүрөтчү, ал эми акыркы учурда ошондой эле саясий ишмер Актан Арым Кубат экендигин айтканыбыз жөндүүрөөк болор.
Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар күн сайын анын Алмазбек Атамбаевдин президенттикке талапкерлигин колдогон видеороликтерин көрүшүүдө. Биздин Актан Арым Кубат менен маегибиз чоң сүрөткерди чоң саясат менен алпурушууга эмне мажбурлап жаткандыгы жөнүндө болду.

- Актан, чыгармачыл инсан катары Сиз өзүңүздү толук далилдедиңиз. Сиз биздин өлкөдөн башка жерлерде да таанылдыңыз. Сиздин фильмдериңиз эл аралык эң беделдүү фестивалдарда сөзсүз сыйлыктарды алат. Бирок, акыркы учурларда Сиз саясий ишмер катары улам көбүрөөк чыга баштадыңыз. Бир жыл мурда, Сиз "Республика" партиясынан депутаттыкка аттанганыңызда көптөр муну партиянын пиаржүрүшү катары кабыл алган. Бирок, Сиз анын саясий кеңешинин мүчөсү катары активдүү иштөөнү улантып жатасыз. Сизге мунун эмне кереги бар?
- Мен бул канчалык баналдуу угулса да, сүрөткердин так-даана жарандык позициясы болуусу керек деп эсептейм. Биз өз өлкөңдө болуп жаткан нерселерге катышпай карап тура албай турган мезгилде жашоого туш келдик. Ал эми партиялык ишмердик - бул өз көз карашыңды айтып гана тим болбостон, ошондой эле кырдаалдын өнүгүүсүнө таасир этүүгө да дагы бир мүмкүндүк.
- Кандай анан, бул жагы Сизде кантип жатат?
- Ачыгын айтсам, бир топ көңүл калуу болду. Мен болсо, мына азыр "Республика" бийликке келет, анан баары заматта өзгөрүп кетет деп ойлоптурмун. Көрсө, бардыгы андай оңой эмес экен. Алдыга арым таштардан мурда чечүүнү талап кылган тоскоолдор, көйгөйлөр өтө көп. Мага идеяларымды алдыга жылдыруу жана өндүрүш боюнча өз кесиптештеримдин кызыкчылыктарын да өткөрүп кетүү маанилүү. Бул жагдайда мен кино өндүрүшү жөнүндө гана айтып жаткан жокмун. Жалпы маданият жөнүндө кеп кылуудамын. Бирок биз коалициялык өкмөттүн алкактарында иш жүргүзүп жаткандыктан жана "Республика" маданият министрлигине тиешеси жок болгондуктан биз бул чөйрөдөн сыртта калдык. Менин оюмча, мындай система анча туура эмес. Натыйжалуу эмес. Партиядагы маданий блокко жооп бере турган биздин топ чечимдерди кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүнөн айрылып калган. Бизде сындоодон башка айла калган эмес.
- Эсибизде, Сиздердин партиянын жөрөлгөлөрүнүн бири "калктын белгилүү бир маданий жана билим деңгээли болгондо экономика пландуу түрдө өнүгөт" деген ой эле. Ошондо, айталы, коалициялык күчтөрдүн катышы башкача болуп калса, Сиз эмнеден баштайт элеңиз?
- Менин оюмча, мен эч кандай жаңы нерсе атйпайм. Бирок кырдаалды майда-чүйдөсүнө чейин иликтөөдөн жана өлкөдө маданиятты алга жылдыруу жана өнүктүрүү боюнча жалпы улуттук стратегияны иштеп чыгуудан баштоо керек. Мында, бардык жердегидей эле системалуу мамиле зарыл. Бизде бул чөйрөдө көп көйгөйлөрдү чечүүнүн биз көргөн жолдору жана иштеп койгон олуттуу сунуштарыбыз бар. Биз бардыгын түшүнүп турабыз, бүгүн коом дээрлик кедери кетип турат, биз өз потенциалыбызды, совет мезгилинде бардык чөйрөлөрдө: билим берүүдө, искусстводо, адабиятта, кино өндүрүшүндө ... жетишилгендердин бардыгын ыкчамдык менен жоготуудабыз. Мен кандайдыр бир жакшы нерсе болушу үчүн "ак ниет күчтөрдүн кошулуусу" керек деп дайыма айтам. Бул башкысы. Биз биригүүбүз керек. Бул сөздүн бардык маанисинде биригүү зарыл.
- Айтмакчы, Сиз айтып жаткандардын бардыгы талапкер Атамбаевдин шайлоо алдындагы ураанына үндөшүп кетип жатат. Сиз анын жарнамалык видеороликтеринин автору болосуз. Атамбаевди колдогонуңуз Сиздин ички позицияңызбы, же кандай?
- Барыдан мурда мен "Республика" партиясынын мүчөсүмүн, ал эми бул партия расмий түрдө Алмазбек Атамбаевдин талапкердигин колдойт. Өзүңүз түшүнгөндөй, партиядагы тартип баарынан жогору. Бирок, ачыгын айтсам, эгерде менде саясий күчтөрдүн бүгүнкү абройунда президенттик кызматка жападан жалгыз реалдуу талапкер дал Атамбаев деген ички ишеним болбогондо, анда аны колдоп мен жөн эле эч нерсе жасай албайт болчумун. Болбой калмак... Атамбаев мен үчүн абдан маанилүү болгон өзүнүн биригүү идеясына башат булак катары Манаска кайрылгандыгы менен мени тартып алды. Бул деги эле менин темам. "Бешкемпир" ушул жөнүндө. Ошондой эле менин бардык социалдык роликтерим, "Бирге күтө турабыз" ушул жөнүндө. Мен негативдин, кыйроонун күчүнө караганда позитивдин, жаратмандыктын күчү кыйла кубаттуу, кыйла таасирдүү деп ишенем. Атамбаевди колдогон видеороликтер да ушул концепцияга негизделип курулган. Мен Атамбаевдин эртеби-кечпи өз натыйжасын бере турган жакшылык менен жарыкка сугарылган позитивдүү жөрөлгөсүн экранга алып өткүм келди.
- Сиздин роликтериңиз кандайдыр өтө эле ортозаар, кандайдыр бир такыр эле үгүттөөчүлүк эмес... дешет.
- Мен элге акыл-насаат айтуунун кажети жок, аларга иш-аракетти козгогон жакшы сезимдер керек деп ойлойм. Бул ар кандай түз чакырыкка караганда кыйла натыйжалуу. Биз аларсыз ар кандай адамдын жашоо-турмушу мүмкүн болбой турган беш негизги түшүнүктү алдык. Алар: "Биригүү", "Төрөлүү", "Сулуулук", "Жер - Эне", "Нан". Алардын негизинде өз роликтерибизди жараттык. Биригүүнүн символу мен үчүн дайыма кыргыз курагы болгон жана болуп кала берет. Бул чындап эле биздин жашоо-турмушубуздун бүтүндөй философиясы. Мында бардыгы: маркумдар жөнүндө эскерүү да бар. Куракка көп учурда куран окутуулардан жана сөөк коюулардан алып келген жыртыштарды да пайдаланышат. Бул жерде элди бириктирүү да, үйдүн куту жана жылуулугу да бар. Айткандай, үйдүн куту жана жылуулугу мен үчүн - бул менин көптөгөн башка иштеримдегидей эле ушул роликтин башкы каарманы болгон апаке - чоң эне. "Төрөлүү". Бул жерде эч нерсени түшүндүрүп деле кереги жок деп ойлойм. Наристенин жарык дүйнөгө келиши - бул адамда эң жакшы сезимдерди козгобой койбой турган тема. "Сулуулук" - бул роликти биз Бишкек балет окуу жайында тарттык. Ал жерде кандай керемет балдар бар экени жөн эле таң каларлык. "Жер - Энеде" башкы каарман - дыйкан. Ошондой эле "Нан". Нан дагы бардыгыбызды бириктирет, ансыз бизде жашоо жок.
- Актан деген атыңыз Сиз жана Сиздин толук метраждуубу, видеороликпи же башка тарткандарыңызбы, иштериңиз чагылдырып турган жарыкты түшүндүргөнсүйт.
- Жок, тек гана менде эртеби же кечпи бардыгы жакшы болоруна ишенүүгө мага жардам берген бир шам жанып турат. Үмүттүн шамы.
- Анда акыркы журналисттик салттуу соболду да таштабай коё албайм: азыр эмненин үстүндө иштеп жатасыз, Сиздин чыгармачылык пландарыңыз кандай?
- Адамдардын таржымалын жазып жатам, алардын бири Алмазбек Атамбаевдин таржымалы болуп калды...

Назира Мураталиева








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??