Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Чыркыраган чындык…

Атамбаев 1-турда жеңбесе, 2-турдан өтпөйт...
Шайлоодон башы чыкпаган "демаралда" үгүт иштери кызуу жүрүп, президенттикке аттангандар менен бирге саясатка малынган мекендештерибиз бака-шака түшүп жаткан маал. Ажолукту самагандардын саны алгач 80ден ашып, түрдүү тосмолордон, соодалашуулардан соң калган 20дай талапкердин ичинен учурда үчөө алдыга суурулду. Түрдүү сурамжылоолор, болжолдоолорго кулак төшөсөк Атамбаев, Мадумаров, Ташиевдин аттары аталууда. Албетте, булардын ичинен Атамбаевде "шанс" чоң экени белгилүү. Алдында админстративдик ресурс деген чоң машина турат. Анүстүнө, ага берилүүчү добушту бөлө турган талапкерлерди үлкөнүнөн баштап майдасына чейинкилерин түрдүү негиздер менен оозун, демин басканга да жетишти. Жолун тазалады. Тактап айтканда, талапкер болуп жалаң Атамбаевдин тилин укпагандар, соодага барбагандар калды. Мындай көрүнүш Алмаз мырзага дем берип, 1-турдан өтүп кетишине жакшы жагдай жаратып койду. Бирок, бул медалдын биринчи бети. Эгер АША 1-турдан өтпөй калса, 2-турдан жеңе албашы турган иш. Муну ар бир мекендешибиз айтып бүталбай жаткан кез. Чындап эле, биринчиден өтпөй калды дегиче, Утурумдук өкмөтчүлөрдүн саясатына макул болбогондор биригип, Атамбаевди "жеп" түшөрү турмуш чындыгына айланып туру. Кызыгы, шайлоо күнүнө чейин Мадумаров менен Ташиев биригип кетсе, анда бүгүн-эртең ажо болом деп жаткан Атамбаев алапайын таппай калышы ыктымал...




Рысалиев эмнеге кайтарууга алынды?
Канкор Бакиевдин тушунда киши колдуу болуп дүйнө салган Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу ызы-чуунун бети ачылганы З.Рысалиевдин дарегине карата жагымдуу сөздөр айтылып, бул иш менен жаамы журт министрдин иштеп жаткан аракети күч экенин байкап келет.
"Кыңыр иш кырк жылда билинет" - демечи, канкорлордун ким экени билинип, учурда Жаныш Бакиевдин кишилери кыр көргөзүп жатабы же башка себептер болдубу, ушул кезде Зарылбек мырза резиденцияда жашап жатат деген сөздү кулагыбыз чалды. Ал турсун ал жерде сексенден ашык милиция кызматкеринин кайтаруусунда деген имиш кеп бар.
"Айгай-пресс"





  Шайлоо дейсиң…

"Кудаяр хан"
Болоору болуп боесу канып келе жатат. Мамлекет башчысын шайлоого 10 күн калды. "Жаман атка камчы жоо, жыртык үйгө тамчы жоо" дегендей, ыргалган кыргызга куру намыс, куру ишеним, тайкы, көнүмүш болуп калган акыл-эс, жоо болуп турган кези.
Көпчүлүк ойлосо да керек, талапкерлердин жок дегенде бирөөсү өткөндөгү 20 жылдык мезгилдин зор жаңылыштыктарын, ошол катачылыктарды сокур ишеним менен ээрчишип, чыккынчылык мезгилдин камчысын чаап келгендерин чын дилден моюнуна алып, улутту артынан ээрчитип кете турган жаңы идеяны көтөрүп чыгат болуш керек - деп. Тилекке каршы талапкерлердин бирөөсү да ага жарабай келет. Президенттикке талапкерлердин бардыгынын элге айткан сөзү, берип жаткан убадалары коендой окшош. Алар эртеңки жакшы жашоону камсыз кылуунун жолун даяр, атүгүл тажатма "коррупцияны жоюу, "инвестиция тартуу" "мыйзам", "реформа" сыяктанган сөздөр менен көңүл жубатып жатышат. Азыр 20 жыл бою Кыргызстандын өндүрүшүн, айыл чарбасын кыйратып, коомдун моралын иритип, тунгуюкка кептеп койгон Европа, Американын өздөрүндө миңдеген адамдар көчөлөргө чыгышып, ошол жерлерге түнөшүп, социалдык маселени биринчи коюп жатышат, "Жоголсун капитализм!"- деп жатышат.(Бул боюнча 9-бетте)
Кыргыз элинин мүдөөсү да ушул социалдык антогонизм маселеси болчу. Шайлоонун үгүтүнүнүн жүрүшүндө бир да талапкер ушул маселеге акцент жасаган жок. Ушул көрүнүш талапкерлердин интеллектуалдык деңгээлинин мажирөөлүгүн айгинелеп турган жокпу деги? Жаңычыл идеясыз мамлекетти алдыга сүрөө мүмкүн эмес. Биздин 20 жылдык "реформабыз", "мыйзамчылдыгыбыз", ""коррупция менен күрөшчүлдүгүбүз" азыркы кырдаалга алып келди. Азыркы рыноктук экономика - коррупцияланган бийликти түзүүгө, ошону менен инвесторлордун көзүн каратып койду. Ырас, Кыргызстандагы 20 жыл илгери рыноктук экономика да жаңы идея, жаңы кадам болчу, бирок бул анархиялык мүнөзгө айланылып кеткендей. Рыноктук экономиканы бийлик талап - тоноо, кыйратуу, жок кылып жиберүү деп түшүнүшүп, анын ордуна жаңыны жарата алган жок. Чынында Кыргызстандагы азыркы рыноктук экономика глоболизациянын алкагында Батыш менен Американын бизди тунгуюка каптап таштоо иделогиясы болгон. Президенттикке талапкерлер ушул бузуку иделогияга каршы антиидеяны көтөрүп чыга албады. Демек, башкы тактыны талашып жаткан талапкерлер катардагы эле чала сабат менеджерлер эмеспи дегиң келет экен.
Саясат - бул социалдык маселелерди чечүү. Жаңыны жаратуучу социалдык идеялар жок болгондуктан, эл эч кимисине ишене бербей, тек шайлоодо аймактык кур намыс, жек - жаатчылык, куда - сөөк, дос - тамыр, админстративдик күчтүн шары менен тигил же бул талапкерге добуш бергени турушат…

(Уландысы 5-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??