Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Кыргызымдын жигиттери

Атай европалыктарды таң калтырды
Бийчи Атай Өмүрзаков "Чехия - Словакияда таланттар бар" телесынагынын тандоосуна катышып, таймаштын кийинки кароосуна өттү.


16-октябрда чехтердин www.super.cz. интернет сайты "Биз таланттарды издейбиз" деген рубрикасы менен. Дагы бир мыкты номер: "Өзгөчө беткапчан кыргызстандык жигит" деген макала басып. Анда Атай Өмүрзаковдун Брно шаарында сынактын тандоосунда аткарган бийинин видео тасмасын тиркеди.
Аталган макалада "Өзгөчө улуттук костюм кийген бул жигит 11 миң километр алыстагы өлкөдөн келген. Таңкалыштуу беткабы бар Атай Өмүрзаков чыгыш элдеринин музыкасынын коштоосунда электробуги стилинде бийлегенде залдагы көрармандар ток жүргөндөй толкуду", деп сүрөттөлөт.
Ошондой "Быйылкы сынакка бул стилде бийлегендер көп катышты. Анткен менен кыргызстандык Атайдын аткаруучулук жөндөмдүүлүгү башкалардан бир карыш өйдө тургандыгын калыстар белгиледи", деп Атайдын костюму, аткарган номеринин музыкасы менен хореографиясына куштар болгон көрармандар узакка кол чаап турганы баяндалат.
Чехия менен Словакия биргелешип уюштурган телесынак экинчи ирет өтүп жатат. Алгачкы жылы эки гана өлкөнүн жарандары катышкан таймашка быйыл чет элдиктер дагы чакырылган. Сынактын эл аралык өңүт алганын жактырбагандар "өзүбүздө таланттар жетиштүү" деп сындашкан. www.super.cz гезити "кыргызстандык Атайдын көрсөткөн өнөрү жергиликтүү таланттардан өтө жогору экендигин сынчыларга көзгө сайып көрсөткөн жооп болду" деп жазат.
Өткөн жекшембиде чехтердин "Прима" телеканалы сынактын алгачкы тандоо турун толугу менен көрсөттү. Эми тандоодон өткөндөр атайын топтордун ичинде иргелет. "Чехия - Словакияда таланттар бар" сынагы декабрь айынын этегинде жеңүүчүнү аныктайт. 200 миң евро баш байге ээси өнөрүн көрсөтүүгө Лас-Вегас шаарына жолдомо дагы алат.
21 жаштагы Атай Өмүрзаков 2010-жылы Орусиядагы "Даңазанын ирмеми" телетаймашында финалга жетип экинчи орунду ээлеген. Ушул жылдын май айында Украинада "Менин өнөрүм" сынагына катышкан.




  Эл аралык мелдеш

Раатбекти эскерип…
17-октябрда Бишкекте Азиянын эки жолку чемпиону, маркум Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Азиянын эки жолку чемпиону, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык мелдеши төртүнчү ирет өткөрүлдү. Эки күнгө созулган ал эларалык мелдеште 9 өлкөдөн 200гө жакын балбандары күч сынашты.
Турнирдин ачылыш аземинде вице-премьер министр Ибрагим Жунусов, жаштар министри Алиясбек Алымкулов, дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчиси Умбөталы Кыдыралиев, Атланта олимпиадасынын чемпиону Юрий Мельниченко жана башка спорт ишмерлери катышып, Раатбектин балбандык, адамкерчилик бийик сапаттарын эскеришти.
Белгилүү балбан Раатбек 1969-жылы 7-майда Жалал-Абат шаарында туулган. Бабалары "Каман алп" аталып, балбандыгы менен даңазаланган Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, Кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз-Славян университетинен билим алган.
порт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Ошондой эле Азия чемпионатында төрт жолу байгелүү орундарга жеткен. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.
Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери "Даңк" медалы, Улуттук олимпиада комитетинин "Алтын ордени" менен бааланган. Кыргызстанда XX кылымдагы эң мыкты балбан деп аталып, урмат-сыйга арзыган.
Раатбек Санатбаев Казакстандын "Кайсар" медалы менен дагы сыйланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, Орто-Сай базарында дүкөн ачып, Асанбай кичи районуна бараткан жол жээгинде ресторан куруп, курулуш иштери менен дагы алектенген.
Учурда, маркум Раатбек Санатбаевдин уулу Даулет жана агасы Нурландын уулу Абдыганы да учурда грек-рим күрөшү менен машыгып жатышат.

Кабыл Макеш








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??