Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

АЗГЫРЫК
СЕЗИМ
(Уландысы.
Башы өткөн санда)

- Болду эми, жетишет! Мындан ары Шайыр жеңеден чабым алыс эле жүрөйүнчү, - деди Талантбек дароо кубула калып. - Мен баарына түшүндүм!
- Ии, иним, ошент! А, мен аялымдын тизгинин тартууга аракет кылайын - деп Адыл жүйөгө келгендей үн катты.
- Анда мен бара берейинби? -деди Талантбек жагалдана сүйлөп. - Шашылыш элем...
Өз ою менен алек болгон Адыл "макул"- дегендей көңүлсүз гана кол шилтеп койду. Анын каарынан жеңил - желпи кутулганына жетине албай кудуңдаган боюнча ал жолго түштү. Бирок, дитинде Шайыр менен таптакыр эле кол үзгүсү келбеди. Адылды оңой гана эпке келтиргенине өзү да бирде ишенип, бирде ишенбей бара жатты...
Адыл бир орундан жылбай, ойлонуп туруп калды. Ушул кездеги анын көрүнүшү моло таштан түк айырмасы жок, эле...
* * *
...Эми кеп кезегин Талантбектин жубайы - Айжамалга берели.
Күйөөсү менен Шайырдын ойноштугу жөнүндөгү имиш - имиш сөз ага да жетпей койбоду. Бул кептер катуу тийди. Жүрөгүн жаралады. Намысын келтирди. Күчүн көз жашынан чыгарууга аргасыз болду. "Ой, кудай ай! Бул эмне кылганың? Эмнеден жаздым? Кайсы күнөөм үчүн мени азаптын тегирмен ташына салдың, ыя? Шайыр жеңеден кем жерим барбы? Жашмын, сулуумун, келбетим да жаман эмес. Талантбекке кай жеримден жакпай калдым экен? Эмнемди чанды?".
Мына ушундай жоопсуз, чийеленишкен, сезим жаралаган суроолор анын жан дүйнөсүнө бүлүк салды. Жүрөгүнө ок болуп кадалып, оорутпай койбоду. Арына келип, көз жашын жамгырдай төкпөдүбү. Элден корунганычы. Күйөөсүнө тымызын кекенип, таарынып да жүргөнү ырас, Айжамалдын.
Анткени, сөздүн күчү өзгөчө эмеспи. "Ок өтпөгөн жерге - сөз өтөт" -дешет го. Күбүр - шыбыр токтогон жок. Бир айтылып тынбады, эки айтылып чекит коюлбады. "Тамчы - ташты тешет", сыңарындай болду. Имиш-имиш сөздөр Айжамалдын жүрөк толтосуна жеткенсиди.
Келиндин намысы козуду.
Себеби, ким болбосун - жашыбы же карысыбы кулагынын кужурун алат. Жолуккан эле жерден сөз башташат. Бири бөөшсүнүп, билмексен болуп, тымызын собол жылдырып коёт. Экинчиси жөөлөп - өмгөктөп сурап кирет такыктап. Сага оор тийеби, жүрөгүңдү сыздатабы ага баары бир. Уруп да ойнобойт. Ийнеси менен жибинен өйдө билгилери келгеничи...
Жашына карабай аларга калемпир - мурч аралашкан сөздөр менен жооп бергиң келет. Сөөгүнөн өткөрүп чучугуна жеткире айтсам дейсиң. Бирок, ыйманың, абийириң буга жол бербейт эмеспи. Салттан аттап өтүп кете албайсың. Ызаңды ичиңе жутуп, каарыңды күч менен басып, эрдиңди кырча тиштеп тим болосуң...
Айжамалды ой салмагы ныгыра басты. Санаанын сормо сазына батты да. Анткен менен сыртынан сыр бербеди. Ичи өрттөнүп, жүрөгү канаганын билдирбеди. Калптан болсо да тишинин агын көрсөтүп, ыржайды. Не дегенде жалпы журтка шылдың болгусу келбегени чын. "Табалап күлүшпөсүн" -деп сактанды. Сөөмөйлөрү менен мени сая көрсөтпөсүн деген ойго жетеленди. Чыйралды. Эркин башкара билди.
Ошондой болгону менен ал деле пенделикке барбай койбоду. Күйөөсүнөн кантип өч алууну ойлоно баштады. Талантбектин башына да карантүн түшүүсүн каалады. "Өзүнө окшоп ал дагы кыйналып, жан дүйнөсү жабыркап, азап тартса экен" - деп Кудайдан тиленди...
Бир күнү ал маселени кабыргасынан койду чыгынып туруп:
- Шыбыр - шыбыр кеп угам, Талантбек, сени Шайыр жеңе менен ойнош экен деп угам. Мунун канчасы чын, канчасы төгүн? Өз оозуңдан уксам кантет? - деди.
Ушул жерден жигит чоң катага жол берди. Күнөөсүн мойнуна алып, жубайынан кечирим сурап койсо эле туура болмок. "Экинчи андай калпыс ишке барбайм!" - деп сөзүн бышыктап эле калганда аны Кудай алмак эмес!
Аялдын жүрөгү кечиримдүү болот го!
Чыр - чатакты ким эле кааласын!
Ынтымактуу жашоого эмне жетсин?










кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??