Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Таймаштын мааниси жоголууда
Кыргыз республикасынын президенттикке талапкерлердин теле таймашы 17-октябрдан башталды. Эки күндүк теле таймашка анализ жасап көрсөк эки оркойгон кемчилик даана көз көрүнөт. Биринчиси алып баруучу жана суроо берүүчүлөр тигил же бул талапкердин камчысын чаппаган таза бей тарап журналисттер болуш керек. Канча кылса да Кубат Оторбаев бийликтин өкүлү. Мындай жагдайда эч качан калысттык жаралбайт. Экинчи оркойгон кемчилиги алып баруучулар эл небак тажап бүткөн алардын аң сезимине небак уялап калган инсинуациянын деңгээлиндеги суроолорду талапкерлерге жаадырышты. Бул эч кандай саясий маданияттын алкагына кирбейт.
Алып баруучулар талапкерлерге алардын программалык, тигил же бул жагдайлар боюнча консепциялык көз караштарынын тегерегиндеги суроолорду бериши абзел болчу. Демек, бул телетаймаш негизги максаттардан алыстап бара жатат десек болот. Ошентип, азыркы бийлик ушактын деңгээлине түшүп кетти.
Ногойбай Султанов




  Бийиктеги булганыч

(Башталышы өткөн санда)
Бейшен Жибек-Жолу көчөсү менен батыш автобекетине келди да, автобуска белет алды. Шаардан кетпеске айласы дагы жок калды. Себеби али жүзүн көрө элек уулуна жолукпай эле коюну туура тапты. Андан тил угуп калышын жүрөгү менен сезип, шаардан кеткенче шашканынын жөнү ушул болду. Негизи эле адам баласы жагымсыз жана жагымдуу окуянын болушун алдына ала билген кандайдыр бир тую сезими болот эмеспи. Бейшен дагы сезди уулу Эркинбекке атанын тарбиясы жетпей калганын.
Айылына кетчүү автобуска белет алып, дагы эки саат күтүү үчүн атайын жасалган олтургучка көчүк басып олтуруп, бир кезде айткан Саткын карыянын айткан сөзүн эстеди. Саткын карыя анча мынча алдыны көрө билген, салт санааны бийик туткан, сөз бакан карыя эле. Ал кезде Бейшен элүүнүн сегизине чыгып, иштен четтеп калган. Союз тарап, баш аламандык күчүнө кирип, алдым жуттумдун белгизи билинип, колхоздун малын таратылып, жаңыча жашоо башталып, базар экономикасы баш багып, ооздон сөздү жула калган демократиянын учу билинип калган. Саткын карыя маанайы пас келаткан Бейшенди токтотуп:
- Бейшен, сага эмне болду, маанайың пас го?-деп. Бейшен берилген суроого жооп бергенге шашылбай, капа болуп келе жатканын жүзүнөн билгизип:
- Мен өзүмчө эле, жашоодо баары болот тура. Улуу балам тилди албай шаарга барып, чоң акчага кириптер болуптур. Эмки балдар өздөрүн-өзү билип калбадыбы. Эми мен ага андай акчаны кайдан таап берем, ошону ойлоп келе жаткам деп, арманын айтып калды эле, Саткын карыя:
- Бейшен, сен учурунда туура эмес иш кылган өңдөнөсүң. Айтмакчы сенин атаң абдан жакшы киши болучу, сен деле жаман болгон жоксуң. Сенден жакшы уул туулушу керек эле, бирок мен күткөн балалуу боло албадың. Сенин үч балаңдын сенин деңгээлиңдегиси жок. Балким, сен бир кезде жаштык кылып койгондурсуң. Аны мен эмес өзүң билет болушуң керек. Менин баамымда сен бакубат карылыкка жетишиң керек болучу. Ата менен эне бакубат карылыкка тапкан жана баккан бала жакшы чыкканда гана жетет. Сенин балдарың эмнегедир менин көңүлүмдөгүдөй чыкпай калды, көрүнөт. Кыскасы, сөздүн калганын өзүң түшүнгөн чыгарсың деп сөзүнүн аягын туюк бүтүргөн. Ошондо эле Бейшен, Айнагүл төрөгөн баланы эстеп, өкүнгөн. Бирок ал кезде ал баланын тың чыгарын билген эмес. "+ткөн өмүр учкан куш, кайрылып келбейт ал кайтып"-деп айтылгандай, өткөнгө өкүнүп олтуруп Бейшен бир кездеги Саткын карыянын айткан сөзү төп келип, өзүнөн жакшы уулдун төрөлгөнүн кеч билди.
***
Айнагүлдү үйгө алдап ээрчитип келген Бейшен сөздүн күчүнө салып "сени сүйөм, керек болсо сен үчүн мен айылда иштеп жүрөм"-деп кептин гүлүн тандап жөн эле сөз менен ээритип салды. Жаш кыз татту айтылган сөзгө ишенип, ал турсун ошол кезде өзүн бактылуу сезип, чай ичимиш болгону менен Бейшенден кандайдыр бир жагымдуу мамилени күттү. Ал күч эмне күч экенин өзү анча таназар алган жок. Бир учурда жанына жакын келген Бейшен, Айнагүлдү аяр кучактап мойнунан жыттаган болду. Одеклон себинген Бейшенден ушундай бир жагымдуу жыт келип, ошол эркек жыттанган бир башкача жыт жаш кыздын каңылжарын өрдөп, өзүн жоготуп баратты. +мүрү эркекке жакын жоломок турсун, колун карматып көрбөгөн Айнагүл ушул саам өзүнө өзү ээ боло албай, дагы кандайдыр бир нерсени андан күттү. Ишке жаңы орношкондо башкарма иш тапшырганы жанына жакын келгенде, ошондо ушул жытты изгеген.
Анда дагы башкарманы жанынан кетиргизи келген эмес. Бойго жетип, бышып жетилип турган жаш кыздын жаш денеси ошондо эмнегедир бир нерсени эңсеген. Эми ошол жыт минтип ээн жерде болгондо дагы өзүн жактырып, сүйүүсүн арнаган жаш жигиттен келгени кандайдыр бир чеги жок жагымдуулукту тартуулап турганы Айнагүл үчүн күтүүсүз окуя болду. Кимге эле жылуу мамиле, жакшы сөз, күтүүсүз келген жагымдуулук, бакыт тартуулабасын. Көрсө, баардык нерсе билинбей келип билинбей кетет белем.
Бейшендин кооз айткан сөздөрү, жасаган мамилеси, ал турсун ар бир кыймылы Айнагүлгө жагып, ушул учурдун көпкө созулушун ичинен купуя тилегенге мажбур кылды. Эркектин оозу аял затынын бетине жетти болду, калганы өз нугу менен кетет эмеспи. Анысысыңары кумарлуу онтогон Айнагүлдүн үнүн уккан Бейшен өзүнүн активдүүлүгүн көргөзүп, болгон күчүн жумшап сөзү менен дагы кыймылы менен дагы аракетке өттү. Айнагүл ан сайын кумардын күчүнө ээ боло албай, такыр эле алсыз болуп, бул дүйнөнү эсинен чыгарып баратты. Бейшен алгач тартынып жаткан. Бара-бара гүлдүн жытын соргон аарыдай жаш денеге жабышып, кыздын алкымынан баштап кулагынын учуна чейин сыпаа өөп, чабуулун акырындык менен баштады. Айтканга оңой болгону менен андайда адам баласы бул дүйнөнү унутуп коёт белем, экөө такыр эле эзилишип өбүшкөнгө өтүштү. +бүшү жагынан сабаты жок Айнагүл каталарды кетиргени менен анын кетирген катасын Бейшен толуктап, бири-бирине чапкенедей жабышып калышты. Бир учурда Бейшен ачык чабуулга өткөндө гана Айнагүл эсине келип, ушундай бир аянычтуу үн менен суранды.
- Болду,калганын үйлөнгөндөн кийин, суранам сенден, азыр болбойт-деп. Күүгө келген букадай кумарга алдырып жиберген Бейшендин кулагына эч сөз кирбеди. Ошондо Айнагүл чоң ката кетиргени кеч билип калды. Эми Бейшенди эч бир күч токтото албайт эле. Айтылган кеп бар эмеспи "аялзатынын азгырыгына туруштук берип, учурунда өзүн колго алып, күүгө келген кумарды токтотуп калган чыныгы эрктүү гана эркектин колунан келет"- деген. Бейшенде кайдагы эрк. Кайра ага Айнагүлдүн этегин ачып, мүдөөсүнө жеткени чоң жеңиш экенин өзү тана албайт болучу. Бир топко алышкан Айнагүл акыры жеңилүү ызасын тартып, болоор иш болду деп, айласы жок моюн сунду, кийинки тагдырына.
Күшүлдөп өз ишин бүтүргөн Бейшен бир топто гана сөзгө келип:
- Айнагүл, мени кечирип кой, эми мен сага сөзсүз үйлөнөм. Кааласаң азыр үйлөнгөнгө дагы мен даярмын-деп, убаданы эч аянбай берди. Эгер Айнагүл ошондо Бейшендин сөзүнөн кармап, турмушка чыгып койгондо анда кыйынчылыкты тартпайт эле.
Баардык нерсеге адам баласы жеткенге чейин кандай гана эңсебейт. Алсак, аялдар баасы кымбат кийимге жетүү үчүн ак эткенден так этет. Качан ал кийимди алып, андан кызыгы тарагандан кийин башка кийимди самап калгандай эле, эркектер дагы аялзатына жетүү үчүн эмне деген гана тобокелге барышпайт. Ал турсун кызды ала качып болсо дагы алып алышат дагы, качан алган аялынан кызыгы тараган соң, башка аял затына көз арткан тээ атам замандан бери жашап келе жаткан адат экенин ким тана алат. Бейшен дагы ак эткенден так этип, Айнагүлдү бир көргөнгө зар болуп жүрүп акыры мүдөсүнө жеткен соң, убакыттын агымы менен андан көңүлү калып, өзүн оолак тутканга аракет кыла баштады. Муну Айнагүл дагы байкап калды.
Бири-бирине бети ачылып калган соң, кадимкидей аял, эркек болуп жашап жүрүштү да, анан Бейшен караанын алыс тута баштады. Анткени, мындай мамилеге теңтуштары ичимдик ичип олтурушканда, Бейшенге айткан сөз себеп болду.

(Уландысы бар)

Бердикожо Бийназаров






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??