Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Азил-чыны аралаш…

Акаевдин баш бакандары
Насирдин Исанов
Табышмактуу ажал менен кеткен Насирдин Исанов, татаалдашып бараткан Акаевдик заманда, түйүндү чече ала турган, маңдайы жарык, кыргыз үчүн жаралган бир жан эле. Ким эле эл алдында өзүнөн мыкты болуп бараткан кадрга түз көз менен карасын. Анын үстүнө алтынды "ап"эткиси келген Бирнштейндерди билегин кармап токтотуп турса. Эшафот менен башын алгандай эски заман жок. Эл дүрбөп кетпесин үчүн автокырсыктан каза болгону эле оң болчу. Мындай сценарий кийин Садыркуловго да колдонулду. Бирок ага кополдук менен жасалгандыктан, көп узабай бети ачылды.Насирдин Исановдукун жигин билгизбей жасашты бейм…

Турсунбек Чыңгышев
Жалкоолор менен аңкоолор гана уурдабаган заманда өкмөт башчы болуп турган, баягы Исановду аркы дүйнөгө алып кеткен алтын, Чыңгышевди да ордунан оодарып түштү. Бул шахмат оюнунда Акаев "ферзди" курмандыкка чалгандай, өкмөт башчысын өзөртө коюп, өзүнүн аптыракатын кетирбегенге далалат кылды.Мындай митаам саясат Акаевдин накта жүзүн ачып берди.
Анан таап, премьерге келди күлбөс,
Чыңгышев куу чирен, күткөн мүнөз.
Адат таап эли менен жакын жүрбөс.
Чет элден миллиондорду сурап келди,
Жебеген чиновникти "дурак" деди.
Акүйгө эркеледи, Кумтөрдү жетеледи,
Коркутуп Акаевди, коштошпой кете берди.

Апас Жумагулов
Пас алганга мыкты Апас Жумагулов патронуна илбериңки мамиле кылып, премьердин акырынан бир топ "ашап" алды. Советтик стажды кошкондо бийликте бир топ эле тайраңдады.Ал кол алдындагы "мистер долларлар" мизилдете сугунуп атканын байкап, коммунист эмеспи кокодон алмак болот. Бирок Аскар Сарыгуловдун "крышасы" канайым сөөмөйүн кесеп койгон соң, акылдуу жан эмеспи, өзү кошо сугунуп, артканын аяш баласы Данчикке сугунтуп, дагы бир ажыдаардын өсүшүнө шарт түзүп кетти, андан соң премьерге келди Апас,

Жумабек Ибраимов
Акаев үй-бүлөсү менен түзгөн коррупцияга коркпой сокку урган Жумабек Ибраимов. Өмүрүнүн аягында мансап үчүн берген миллионду албай, бетин ачып, бирок ишинин аягына чыга албай калды. Аттиң, анын өмүрү узак болгондо Акаевдик карөзгөй коррупциянын тамтыгын чыгарат беле. Арийне, Жумабек Ибраимов деген атты сыймыктануу менен айтып, элибиз сыздап кала берди.

Кубанычбек Жумалиев

Жумагулов,
Жумабектен соң, А.Акаев Жумалиевди премьерге алып келип, физиктердин көз карашы менен коррупцияны өнүктүрүү боюнча эксперимент жасай баштады. "Семьякратиянын" гегемону канайымдын "физиономиясын" терең өздөштүрүп алган аспирант Жумалиев аңды- дөңдү карабай, кыргыз элин кымбатчылык кризисине тыгып салды. Өзү аспиранттык айлыгы менен миллиардерге айланды. Тогуз айлык толгоого да жетпей, илгерки сасык байларча "сулуу кыз, күлүк ат, алгыр тайгандын" артынан түшкөн сууктумшук аспирант, сулуу ырчыларды чекесинен чертип тандап алып, кытай ашканасында экзотикалуу крокодилдин "умасын" жеп жүрүп,кыргызды кыянаттык менен тез эле дефолтко алып келди. Баа асмандап, доллардын курсу өсүп, акмагы чыккан арампос Акаев, аспирантын сары улактай садага чаап, ажолугун сактап калды. Акаев качкан түнү аспирант Жумалиев түнү боюу уктабай хансарайындагы байлыгын таңгактап чыгыптыр. Таң атканда караса, чиркин дүнүйө, унитазынан өйдө чыгарып качып кетиптир.

Амангелди Муралиев
Дефолтко кабылган мамлекетти баткактан сууруп чыгуу үчүн, издетпей таптырган Амангелди Муралиев жыйырма айдын ичинде кыргыз элин дефолттон сүйрөп чыгып, экономиканы көтөрө алды. Акаев анын бул жакшылыгы үчүн 2000-жылы президенттик шайлоодон төртөнчү ирет өтүп келген соң, аны менен жолугушкандан качып, таптап жүргөн шакирти Курманбек Бакиевге депутаттар менен иштешүүгө шарт түзүп берип, парламенттен аны жыгып кетти. Чүйдүн губернатору Бакиев "иштеги кемчиликтери үчүн" премьер Муралиевден күнүгө тил угуп, ашмалтай болуп жүргөндө алкы бузук канайымдын кабинетин каухарга бөлөп, "музоо кезинде сүзгөн" Муралиевден кутулуу үчүн ордун тартып алат.

Курманбек Бакиев
Түштүктүн олуттуу депуттары Осмонов Бекмамат менен катарлаш отурган "дудук" депутат Бакиев, үн чыгарбаган үчүн, улам-улам Осмоновду жал-жал карап аткан Акаевдин көңүлүнө жагып, Тогуз-Торого аким болот. Макмалдын алтынына колу малынган аким "Алтын королу" Акаевдин жан досу Дастан Сарыгулов менен мамиле түзүп, табакташ болуп, алтындан ашаган Кукең , май кармаган колун жалап, Дастан "кенти" аркылуу канайымга баалуу белек тартуулап, Жалал-Абадга губернатор болуп келет. Ушул жол менен Чүйгө губернатор, акыры өкмөт башына келет. Аксыдан аксаган соң чоң ашап көнүп алган Бакиев супурасы куруган Таласка губернаторлуктан баш тартат. Нарын, Ош, Баткен, Таласты чанган ач көз экс-премьер Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад колуна тийбеген соң оппозицияга өтүп, депутат болуп шайланып келет. Өкмөт башчысы катары өзүн-өзү көрсөтө алган эмес, Акаевге кошомат кылам деп , элди атууга "Тайфун" операциясын түзгөн.

Николай Танаев
Кыргыздан премьер-министр чыкпай калгансып путинге жагыныш үчүн , анын "старший браты" Николай биринчини өкмөткө алып келди. Сөккөн жагынан бомждарды алдына салбаган Никелей, жакырдыктын чеңгээлинде жаткан кыргыз элин, биротоло жардан алыс түртүп, революциялык кырдаалга шарт түзүп, революциядан соң мекени Россияга кете берди. Жумалиевге окшоп унитазын жула качпаптыр, эстеликке калтырып кетсе керек.
Ак үйдө Кемин менен Талас толуп,
Премьер-министрлик талаш болуп.
Турганда Аксы ичи чууга толуп,
Путиндин агасы деп уга коюп.
Кыргызстан-жалпыбыздын үйүбүз деп,
Россия көздү сала жүрүңүз деп.
Кыргыздын чыгаандарын чалып берди,
Николай Танаевди алып келди.
Танаев "Танды" ичип, Акаев канды ичип,
Кыргыз эл чыдап эми тура албады,
Акүйгө каптап барып "ура-лады",
Кошоктоп экөөнү тең кубалады.
Эмкиде Бакиевдин премьерлери тууралуу сөз болот

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??