Биздин турмуш

Таланты бар, таанышы жок чемпион
Кайсы бир куудул айткандай, азыр акчалуу гана адамдардын арааны жүрүп, чыныгы таланттуулар көмүскөдө калып бара жатканы, кимди гана өкүндүрбөйт. Ооба, былтыркы эле шайлоодогу будуң-чаңда эч ким ишенбеген "Ата-Журт" партиясы каратып туруп акчага, элди сатып алганы эле, баарынан акча бийик туруп калганын белги берип туру го, анан башканы айтып сөз коротуп эмне кылабыз. Акчаң болсо атагың чыккан ырчысың же эч кандай жөндөмүң болбосо дагы депутат болуу, көнүмүш ишке айланганын жашырганга эч негиз жок болуп калбадыбы. Айтмакчы сөздү көп чойбой, негизги сөзгө өтсөк.

Таланты бар, бирок чоң кызматта таанышы жок андан дагы чөнтөгү жука жаш шахматист Семетей Төлөгөн уулунун арманын уксак аттын башындай. Эгер Семетейдин атасы же жакын туугандары ак үй тармакта чоң кызматта иштегенде, анда эбак эле шахмат боюнча дүйнөлүк чемпиондук наамды Кыргызстанга алып келип берип коюшунда, эч шек жок эле. Бул да болсо биздин жогору жактагылардын шалаакалыгы жана оң-тааныш менен көрө албагандыктын чоң кесепетинен келип чыгып жаткан терс көрүнүш экенин жашыргандай эч сөз жок. Ооба, биз Семетейдин үч жолку азиялык мелдеште шахмат боюнча чемпион болгонун эске албаганда дагы, Россияга эч чакырыксыз барып, белгилүү шахматист Гаспаровдун мектебиндеги жыйырмадан ашык баланы утуп, баш байгени жеңип алып, аларды ызалантканы эле эмне деген эрдик. Биздин билермандар Семетейдин болгон жетишкендиктери жөнүндө билишет, бирок дале болсо көз жаздымда калтырып, кош көңүл мамиле жасап келишкени албетте Семетейден жана атасынан бир нерсе үмүт кылгандай белги берген түр байкалат. Болбосо өкмөт тараптан же спорт комитети жактан кандайдыр бир жардам көрүлөт эле го. Семетейдин атасы айтат "Кап, акчам болгондо эч кимге жалдырабай эле, жакында Польшада болгон дүйнөлүк шахматтык чемпионго, уулумду катыштырат элем" - деп. Кайран гана талант, кайран гана катылып жаткан өнөр, тээ илгерки чабылбай калган күлүктүн кейпин кийип, жарыкка чыкпай көмүскөдө буулуп жатканы кимди гана өкүндүрбөйт.
Төлөгөн байке эски жана жаңы өкмөттүн мүчөлөрүнө жолугуп, тактап айтканда Каптагаев, Ибрагим Жунусовго, ал турсун Атамбаевге дагы кайрылып көңүл толо турган эч кандай жардам ала албагандыгына ичинен сызып турган учуру. Айтмакчы, Төлөгөн байке болгон каражатын өз чөнтөгүнөн чыгарып уулун чоң мелдештерге катыштырып келгени эле, аталык болгон кам көрүү менен өз милдетин аткаргандык экенин ачык айтып койгонубуз оң. Керек болсо Семетейдей болгон чыгаан уулдарыбызга өкмөт өзү каралашып турушу керек болучу. Анын атасы эмес, спорт комитети кам көрүү парз эле. Бирок, биздеги "көрө албастык" деген жаман сапат, спорт тармагын дагы багындырып алганын кантип жашырабыз. Минтип чыга турган балага бут тоскон, булактын көзүн бууганга тете экенин ким тана алат. Бул жерден сөзсүз эле таланттар же спортчулар чиновниктин же колунда барлардын балдарынан чыгыш крекпи?" деген суроо туулушу мүмкүн. Азыр жеке эле Семетей эмес, башка таланттуу балдар-кыздарыбызга өкмөт тараптан жетишээрлик кам көрүү болбой жаткан үчүн, чыга албай жатканы четтен чыгат. Ал эми спорт тармагына жылына канча акча бөлүнөт, ал бөлүнгөн акча кайда кетип жатат, аны бир гана бөлүнгөн сумманы бөлүшкөндөр жана баасы кымбат машина минип жүргөн акчаны алгандар билбесе, башка ким билет эле.
Андан дагы эң негизги шылтоо "ремонтко кетти" деген сөз гана баарын жашырып жаап калп айтууга түрткү бергени адатка айланганын ким танат. Эгер өкмөт тарабынан Семетейге кам көрүлгөндө Кыргызстан шахмат боюнча дагы атагы чыгып, алыска жетмек. Эмне сөзсүз эле башка өлкөгө барып көтөрүлүп, башка элдин намысын коргош керекпи. Айткандай Семетейге сунуш болгон "Бизге иште, биздин атыбыз менен ойно" - деген. Бирок, Семетейдин тээ бала кезинен берки тилеги бир гана кыргыздын желегин желбиретүү экенин өзү азыр дагы айтып келет. Бирок, баягы эле каражат жагы кендирди кесип, тилектин аткарылышына тоскоолун тийгизип келет.





  Ой, тобоо!

Бала-бакчадагы
уурулук
"Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" - деп айтылгандай, учурда айткан оозго жарашпаган окуялардын, ойго келбеген нерселердин байма-бай кайталанышы көңүл оорутуп, капа кылганы албетте өкүнүчтүү. Бул "базар экономикасы" деген неме адамдын аң сезимин бир гана акчага такап салганы "уурулук" деген жаман сапаттын карааны эми бала бакчага баш баканны кимди гана өкүндүрбөйт. Борбор шаарыбыз Бишкектин так ортосунан орун алган эл тагдырын чечкен ак үй мене көк үйдөн башталган "коррупция" деген балакет бала бакчага эбак эле жеткен. Баланы бала бакчага берүү үчүн шапкесине эле сегиз миң сомду бериш керек. Болбосо бала бакчага баш багуу дегенди ойго дагы албай эле койгон оң. Баарынан дагы отуз бала тарбиялана турчу бала бакчага азыр жетимиштен ашык бала барып, бир керебетке экиден, кээсине үчтөн бала жатып, тарбиячы эжекелердин алты амалы кетип турганын кеп кылсак, сөздүн учу түгөнбөйт. Ал го ал. Эми шаарыбызда бала бакча жатишпей жаткан соң, бир керебетке эки эмес беш наристени деле жаткыза беришсин. Бирок, акчаны алгандан кийин балдардын буюм теримине, кийген кийимдерине көз болуп коюшса алда канча дурус болот эле. Дегеним учурда наристелердин кийимдерин уурдап кетүү кадыресе көнүмүш ишке айланганын угуп алып жакамды муунтпагандай кармап, тобоо кылдым. Бир оюндан башканы билбеген наристенин кийген кийими уурдалып жатканда, башка эмне сөздү айта алабыз. Биз үмүт кылган наристелер бул жорукту кандай кабыл алат? - деген суроого жооп табуу кыйынга турат. Жок дегенде ушул сапатты бала бакчанын кожоюну теске салып койсо, анда сөз башкача айтылат эле. Кайра ал жерде иштегендер эч кебелбей "Балдарыңарга жана кыздарыңарга кымбат баалуу кийим кийгизип келбегиле, уурдалып кетсе биз жооп бербейбиз" - дегени эле эмне деген сөздүн башын кылтыйтып турганына ар ким өзү жооп таап алганы оң. Бул жерден алар, ал жакта эмнени карап олтурушат? - деген суроо туулушу мүмкүн. Уурдалган кийимдер жөнүндө тартип сакчыларына билгизип бир, эки уурулуктун бетин ачып койсо эле уурулук токтомок. Бирок, ага алардын диттери жетпегенин жашырганда эмне. Ооба, азыр бул иш боюнча бир дагы ата-эне эч жакка арыздана алышпайт. Анткени, уурдалган кийимдер боюнча ата-энелер арыздангандан коркушат. Эптеп шапкесине сегиз миң сом акча берип орноштурган баласынын кийинкисин ойлоп, эч кандай талап кое албаганы, албетте өкүнүчтүү иш. Ооба, мен сөзүм супасак болбос үчүн өз атын айтпаган эненин арманына токтолуп кетейин.
- Мен төрт жаштагы кызыма баасы бир миң эки жүз сомдук кийим алып бергем. Ал кийимди кызым болгону үч гана жолу бала бакчага кийип барган. Анан кимдер тарабынан уурдалып кеткенин билбейм. Эми ал кийим үчүн чыр салгым деле келген жок. Эптеп эки жыл чуркап жүрүп, араң кызымды бакчага орноштуруп алып, чыр салсам, кандай болот? - деп, тим болуп калдым. Газетага жазсаң жаз бирок, менин аты жөнүмдү жазбай эле койгонуң оң. Эгер бала бакчанын чоңдору билип калса, кызыңды башка жакка алып бар деп талап коюшу толук мүмкүн. Бирок, кызым эмес менин дагы ичим ачышты, кийимдин уурдалганына.
Экинчи эненин айткан кеби, ысмын жашырып:
- Мен кызыма атайын "дордой" базарына барып майда барат бир сыйра кийим алып берген элем. Азыр кызым дагы кийимине сак болуп калды. Наристелер үчүн бул жорук абдан жаман терс көрүнүштү тартуулайт экен. Эжекесине айтсам ал кебелбей "ал кийимдер эч нерсе эмес, кымбат баадагы кийимдер уурдалып кетет. Алар деле унчукпай калышты" - дегенде мен эч сөз айта албай калдым. Негизи эле мындай терс көрүнүштөргө бөгөт койбосо, наристелердин кийимдери, буюмдары уурдала бериши толук мүмкүн. Анткени, кынык алган ууру улам убакыт өткөрүп кайра эле уурулук кыла бериши, турган иш эмеспи. Эч нерсеге түшүнүгү жете элек наристелер уурулук жаман сапатты баштарынан өткөрүп жаткан соң, эмне сөз айтууну өзүм дагы билбей турам.
Мына окурман, бул болгону эки гана эненин айткан кеби. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт" - демекчи, бул бала бакчадагы терс көрүнүшкө эртерээк чара көрүлбөсө, алда кандай күн болот? Албетте бул жерден бала бакчанын номерин дагы айтуу орчундуу болуп турат. Негизги эле бул иш боюнча бир чара көрүү абзел экенин, жогору жактагылар ойлонушуп көрүшсө, биздин келечегибиз наристелер үчүн эле эмес, өзүбүз үчүн дагы чоң иш жасаган болот элек.

Бетти даярдаган
Бердикожо Бийназаров