Абалың кандай айыл чарба?

Дыйкандын эмгегин
ким баалайт…
Түштүктүн тамекичилери жаз, жай, күз бою талаада маңдай терин төгүшүп, күз келгенде мээнетибиз акталбай калып жатат деп жатышат. Анын үстүнөн тамекини жыйноодо, аны түзүүдө ден соолуктарына зор зыянды келтиришет. Алардын бул айткандары да жөндүү. Бизде мамлекет иштеткен бир гектар жери жок болсо да жеке-менчик жер иштетүүчү дыйкандардын эмгегине көз салып, алардын ишин ийкемдештирүү функциясын аткаруучу айыл чарба жана мелиорация министрлиги деген бар, казнадан жем жешкен. Ошентсе да бул министрлик дыйкан чарбаларына карата чеке жылытаар иш жасашпайт. Болгону өкмөткө болжолдуу цифралардан турган отчет беришет, башкача айтканда бул министерство эле эмес, статистикалык ведомство деп айтса туура болчудай.
Эмне үчүн айыл чарба министерствосу турганда тамекичилер өз мээнеттерин акташпайт, а түгүл банкрот болушат? Бийлик инвестиция деген сөздү "ассалоом алейкум" дегендей эле сүйлөп келишет. Мындан 10 жыл илгери Германиялык инвесторлор кыргыз тамекисин сатып алабыз, сигарет чыгарабыз дешип Бишкекте "Реемстма - Кыргызстан" тамеки фабрикасын түзүштү эле, анысы иштеп жатат, калп айткан менен болобу. Бирок, "Реемстма - Кыргызстан" фабрикасы чыгарган айрым сигареттер былтыр күздө 30% кымбаттаса, ушул тапта 70%га кымбаттады. Ошентсе да, түштүктүн тамекисинин баасы козголгон жок. Бечара дыйкандын мээнеттери текке кетип, ден-соолуктарын жоготушууда. Тамекичилер менен "Реемстма - Кыргызстандын" ортосундагы алаканы жөнгө сала албаган контораны министерство деп аташка болобу? Бул "конторанын" чиновниктери: "дыйкандар өз чарбасын өздөрү жүргүзөт" деп айтышаар мүмкүн. Чынында мамлекеттик түркүчү ошол дыйкандар болуп эсептелет. Элеттик дыйкандар эгинин базарга чыгарбай койсунчу бир эки эле ай мамлекет ала-шала түшүшүп, Россия, Казакстанга кудайчы болуп беришет. Эгер алар буудайдан баш тартышса, анда сөзсүз элдик бунт чыгат. Айтмакчы, "Реемстма - Кыргызстан" тамеки фабрикасын көзөмөлдөгөн жан жок. Себеби, Россиянын тамеки фабрикаларында чыгарылган сигареттер тамеки эмес эле башка куурайлардан, калдык кагаздардан чыгарып жатканынан улам Бишкектеги "Реемстма - Кыргызстан" фабрикасынын ишине күмөн кетпей койбойт экен…

Ногойбай Султанов




Кулмурзаев курутту
Революциянынын шарданы менен Кыргыз газдын башына келген 20 жыл ичинде жумуру кургап көрбөгөн Тургунбек Кулмурзаев Бишкектин тургундарын кыжаалатка салып турган убагы.

Кичирайондордун газдарын 10-15 күн өчүрүп, эми Аламүдүн базарынын, Жибек Жолу, Москва жана К.Акиев көчөлөрүндөгү үйлөрдүн газдарын профилактика үчүн 15 күнгө өчүрдү. Мунусу го бул, Ибраимов-Бөкөнбаев көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдүн газдарын жашоочуларга эч эскертпей туруп, 2011-жылдын 4-октябрында 15 күнгө бууп таштады. Аталган көчөлөрдүн тургундары шашылыш түрдө тиричилик кылганга электр плиталарын издеп таба албай жүрүшөт.
Акыл-эстүү жетекчи болгондо профилактиканы окуучулар каникулда жүргөндө, студенттер айылдарына кеткенде, Бишкектиктер айыл-кыштактарга, жайлоолорго тууганчылап кеткенде жасаса ыңгайлуу болмок. Күрдөөлдүү күздүн мөмө-жемиштерин кыштык азык үчүн даярдап жатышканда -газдын жоктугу бишкектиктердин эбегейсиз кыжырын туудуруп жатат. Кулмурзаевдин мындай кылыгын тескеп коер бийлик жок.

Токо Мамбетов




Сен эркексиңби?
Бишкектеги улуттук госпиталдын жана башка ооруканаларда эркектердин табарсык оорулары боюнча бир жумалык акция аяктады. Мындай акция мындан мурда беш ирет өткөрүлгөн, бирок ал акчаларга жергиликтүү элдин менталитетине мүнөздүү уялуудан аденома простатит, импотенция ооруга чалдыккан адамдар көп кайрылышкан эмес. Бул сапар оорудан жабыркагандар көп кайрылышты.
Медицина кызматкерлеринин айтымында, Кыргызстандыктардын 40 жаштан жогору карай импотенция илдетине чалдыкканын билдирип келет. 40 жаштан жогорку жигиттер эле "теке" болбой "серке" болуп, "бука" болбой "өгүз" болуп, айгыр болбой ат болуп калганынын себеби эмнеде? Мунун себеби, сапатсыз стандартка туура келбеген, эч бир көзөмөлү жок спирт ичимдиктери экени талашсыз. Илгерки кыргыздар 70 жашта балалуу болуп, баласынын атын Жетимиш койчу, сексен жашта балалуу болуп атын Сексенбай койчу. Эми ошолордун урпактары эч нерсеге жарабай эле жанындагы жубайын жалдыратып таштаганы курусун. Мамлекет улуттук генофондго чындап көңүл бөлөөр мезгил келди. Антпесе, кыргыз күндөн күнгө азайа берет.

Ногойбай Султанов






 "Баракелде", Бабанов!

Өткөн аптада Убактылуу премьер-министр Ө.Бабанов Бишкекте өткөн айыл чарба боюнча жыйында: "Келээрки 2012-жылдан баштап республикада үрөн чарбаларын түзүп, ага акча каражат бөлөбүз" деди.

"Баракелде", Бабановго! Өсүмдүктүн үрөн-чарбаларын түзүш үчүн бир эле жер, каражат керек эмес. Агрономия бул адам үчүн эң керектүү илим. Өсүмдүктүн үрөнүн алыш үчүн эң ириде ушул агрономия илими колдонулат. Илим болсо ийне менен кудук казгандай өтө машакаттуу иш. Азыр Кыргызстанда бизнес алдыңкы планга чыгып, илим небак артта калганын Бабановдун ойуна да келбесе керек. Күздө бышкан дандын, мөмө-жемиштин, картошка, пахта, кызылчанын уругу үрөн боло бербейт. Сапаттуу үрөн алыш үчүн илимдин негизинде селекциялык тажрыйбалар 10 жылдап жүргүзүлөт. Ошондо гана сапаттуу үрөн жаралат.
Советтик доордо 20-30 жылдап илимдин негизинде селекциянын машакаты менен Кыргызстанда көптөгөн үрөн чарбалары түзүлүп, 70ден ашуун өсүмдүктүн климаттарга туруштук берүүчү өсүмдүктүн сапаттуу үрөнү алынып турчу. Алар коңшу мамлекеттерге сатылчу. Беденин уругу 26 чет мамлекетке сатылып, казнага чет элдик валюта түшүп турчу. Жүзүмдүн түрдүү сорттору калыптанып, андан накта шире, вино жазалчу. Бабанов жолун жолдоп келе жаткан Акаев, Бакиевдик реформаторлор 40-50 жыл бою илимдин мээнетин үрөн-чарбаларын баардыгын талкалап кыйратып жок кылган. Эми Бабанов ошол кыйраган ишти баштайм деп жатканы жан кейитпей койбойт. Азыр айыл-чарба илимине жан-дилин берип иштеген Ж.Акималиевден башка илимпоз адамды табуу кыйын. Агрардык илим небак кыйраган. Сыягы Бабанов үрөн-чарбаны түзө салуу бизнес сыяктанган жеңил нерсе деп ойлоп жатса керек.
Айтмакчы, "реформаторлор" өткөн 90-жылдары 20 жыл бою талыкпаган илимдин негизинде академик И.Ботбаевдин жетекчилиги менен табылган жарым кылчык жүндүү "Алай" пародасындагы койдун түбүнө да жетишкен. Бул уникалдуу койдун жүнүнөн ок өтпөс брондолгон кийим да жасалмак. Кезинде Карабалтадагы килем комбинаты "Алай" пародасындагы койдун жүнүнө карата килем токуш үчүн атайын салынган. Ошентип, азыр да бийликте жүрүшкөн түгөнгүс реформаторлордун авторлору "Алай" коюнун да, комбинаттардын да түбүнө жетишкен. Эми Бабанов "Алай" коюн көбөйтөбүз" деп оолукпаса болду. Эгер оолукса Ботбаев анын шакирттери карып калды, премьер-министр мырза акча тапса да жогорудагыдай окумуштууларды таба албас. Үрөн-чарбанын "реформатору" муну ойлонуп көрүшү керек.

Күлчоро Кабылов