Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Инсан төр

Самидин Белеков, кол урушу улуттук федерациясынын вице-президенти:
"Бүгүнкү күндө реалдуу талапкер Атамбаев..."
- Маегибизди балалы-гыңыздан баштасак?
- Балалыгым Токтогул районунда өттү. Мектепти бүткөн жылы атам кайтыш болуп, окууга тапшыра албай калдым. Кийинки жылы аскерге кеттим. Эки жыл спорт ротасында кызмат өтөп, келгенден кийин мектепте дене-тарбий сабагынан мугалим болуп иштедим. Ал жумушта көпкө турган жокмун, шаарга чакырышып, Фрунзе заводунда жөнөкөй жумушчу катары ишке кирип, 15 жыл ошол жерде иштедим. 1989-жылы Токтогулга райондун компартиясына жөнөтүшүп, бир жылдан кийин Ленин заводунун филиалын ачып, ошого жетекчи кылышты. Анан көп өтпөй Союз ыдырап кетти. Ленин заводу түз Москвага карачу, аны министерствого баш ийдирип, мени бөлүп жиберишти. Ошого удаалаш менчиктештирүү жараяны башталып, заводдорду талкалай баштады. Металл катары Кытайга канчасы сатылып кетти. Мен алакандай заводду сактап калганга аракеттендим. Болгон тыйын-тыпырды берип, алып калдым. Ишибиз токтогон жок, жакшы уланып кетти.
- Анан кантип Ленин заводунун өзүнө келип калдыңыз?
- Мен филиалын алганда, бул жакта аны акционерлештирген экен. Бирок, жетекчилери жакшы башкара албагандыктан улам, завод карызга батыптыр. 28000 жумушчунун 400ү гана калыптыр. Ушундан улам А.Муралиев баш болгон бийлик жетекчилери 2000-жылы Тыналиев экөөбүздү башкарып берүүбүздү өтүндү. Мен макул болгон жокмун. Эки ай бою улам айтышып, акыры Муралиев өзү чакырып, "өлкөнүн патриоту катары башкарып бергилечи" деп чын дилден өтүндү. Мейли дедик. Иш баштап, кокодон жыйылган карыздардан кутулуп, жарым жылдын ичинде жумушчулардын санын үч миңге жеткирдик. Тилекке каршы, көралбастар арабызда көп экен, ошондон тарта бут тосуу башталды.
- Кандай нерселерге кабылдыңыздар?
- Болбогон нерселерге шылтоолоп, кылмыш ишин ачышты. Заводдон кетиришти. Рысалиев деген келди. Айрым жетекчилер ойлоду окшойт, отурса эле иштей берет экен деп. Бирок, алар күткөндөй болбой, завод кайра карызга батып калды. 2005-жылдагы революциядан кийин кайра чакырышып, алып келишти. 2008-жылы кайра иш козгоп, жумуштан кетиришти.
- Эмне себептен?
- Азимбек Бекназаров менен болгон мамиледен улам болду. Анткени, жаш кезден бери Азике менен достук мамиледемин. Үй бүлөлүк катышыбыз бар. Бакиевди бийликке алып келгенге Опол тоодой эмгек жасаган адамды жөн жерден каралап, өтө пастык менен кетиргенде каршы пикиримди инилерине билдиргем. 2007-жылы парламенттик шайлоо болгондо "Асаба" партиясын колдогом. Ушулардан улам, кылмыш ишин козгоп, камашты. Ошону менен эки жарым жыл сүйрөштү. Туугандар, достор жолобой калган мезгилдер болду. Бирок, Азике таштап кеткен жок. Бу жигиттин адамдык сапатынын бекемдигин ошондо көрдүм. Ал эми козголгон ишти соттун бардык инстанциясынан уттум. Эми жумушума койгула десем, дагы кылмыш ишин ачты. Атургай издөө жарыялап ийишти. Албетте "ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи, акыры эмне болгонун көрдүк. Адилеттүүлүктү басынтып, чындыкты тебелей беришти эле, акыры алардын башын революция жеди.
- Революция демекчи, кордук көргөн адам катары 7-апрелде аянтта болгондурсуз?
- Болбогондочу. 7-апрелде үй-бүлөбүз менен жүрдүк десем болот. Ошол күнү эртең менен А.Бекназаровдун үйүнө барсам, аялы чебелектеп отуруптур. "Азимбек да, Руслан дагы жок" деп. Көңүлүн жайгарганга аракет кылып сыртка чыгарым менен атайын кызматтын адамдары үйдү аңдып турушкан экен, куушту. Качып келип "Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясына жашынып, Форумдагы эл келгенден кийин кошулуп кеттик. Алгач балдарымдан аябай чочуладым, аянттагы жаш жигиттерди көргөндөн кийин ал нерсе унутулду. Ак үйдү алганга чейин эки балам жана Азимбектин уулу Руслан менен бирге жүрдүм. Алынып, компютерлер тоноло баштаганда токтотконго аракеттендик. Бирок, майнап чыкпады. Бирөө укса, бирөө укпады. Аңгыча Касымбек уулу Райымбек Улуттук банкты коргогонго жардам бериңиздер деп чакырды, ошол жакка бардык. Элдин байлыгын сактап калганга колдон келген аракетибизди жасадык.
- Төңкөрүштөн кийин кызматыңызга келдиңизби?
- Ооба. Апрель айында кайра ордума келдим. Бирок, өлкөдөгү окуяларда жөн отура алганым жок. Бакиевдер Сузакта жашынганда Бекназаров менен чогуу барып, курултай өткөзүп, элди тынчтандырганга аракеттендик. Азикенин ошол кезде жасаган иши да ат көтөргүс болгонун айтып коюу эп болот. Кийин июнь окуясында дагы бирге бардык. Топурак-Белде кыргыздарды бирөөлөр атып жатканын Руслан Бекназаров билдирип, бир канча адамдын өмүрүн сактап калды. Ошол жерден К.Байболовго жолугушуп, Жалал-Абад шаарына бардык. Көчөдө бир да адам жок, тыптынч. Мамыр ажы дегенге чалсак, коркот. Биз сүйлөшкөнү келдик деп, түшүндүрүп, араң көндүрдүк. Алар башчысын таап, анан Бекназаров сүйлөшкөнү кирип кетти. Сүйлөшүүнүн негизинде куралдарын алдырып чыккан экен, кагылыш тутанбай токтоду.
- Ошол окуяларда канчалаган кандаштарыбыз мерт болду, күнөлүүлөр али күнгө чейин жазалана элек. Себеби, эмнеде?
- Бийликтин шалаакылыгында. Революция максатына жеткен жок. Үзөңгү-Кууш, Каркыра боюнча чечимдерди жокко чыгарышы керек эле. Мурдагы иштегендердин бирөөсүн да кызматка албаш керек болчу. Ошондо революция дегендин атына заты жарашмак. Жок дегенде люстрация мыйзамын кабыл алышса болмок. Аны да кылышкан жок.
- Демек, "революционерлерди" байлар сатып алды деңизчи?
- Ошондой десе да болот. Алар парламенттеги орундарга чейин сатып албадыбы.
- Дагы революция кайталанбайбы?
- Болуп кетиши ыктымал. Мисалы, Боливияда 100дөн ашуун ирет революция болгон. Эч нерсе болгон жок. Революцияны көтөрө албайт деген болбогон сөз. Элге жакпайбы, айдап чыга берет.
- Революциянын башаты улуттук саясаттын басынгандыгынан болду дегендер бар, ошол нерсе оңдолдубу?
- Оңолуу боло элек. Албетте, бизде ким жаман жашайт, кыргыздар. Басынгандар кыргыздар. Бир мисал, Ошто өзбектердин 22, кыргыздардын 4 мектеби бар экен. Ошого ыраазы болбой, ашыкчаны сурап жатышат. Ток этээрин айтканда "жаман үйдү коногу бийлейт" деген саясаттан эки революция болгонуна карабай, арыла элекпиз.
- Биздеги талапкерлердин арасында улуттук лидер барбы?
- Бар, аны көрө билишибиз керек.
- Реалдуу талапкер ким деп ойлойсуз?
- Атамбаев. Бүгүнкүгө чейин күрөшүп келди. Эл үчүн ушул адамдай туруп бердиби бирөөсү. Жок. Ошондой эле ал кишиге ишеним артканым - мыкты өндүрүшчү экени чындык.
- Ленин заводунун иши учурда кандай?
- Башыбыздан өткөн окуялардан кийин абдан оор болуп калды. Албетте, аракет кылып жатабыз. Жакында эле эки келишим түзүп келдик. Иш жолго коюлуп калды.
- Эмне чыгарасыздар?
- Атайын продукция.
- Сиздин пансионатыңызды бийлик тартып алды деген чынбы?
- Чын. Тартып алганына он жыл болду. Ошондон бери соттошуп келе жатам. "Чубактын кунундай чубалып", бүгүнкүгө чейин сүйрөлүп келе жатат.
- Сизди спортсмен катары да тааныгандар бар, бул жаатта кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Ооба, Союз кезинде бир нече ирет чемпион болгом. Жакында дүйнөлүк чемпионатка чакыруу келди, 20-октябрда Грецияга жөнөп жатам. Самбо, дзюдо боюнча күрөшкө түшөм.
- Үйбүлөңүз жөнүндө айта кетпейсизби?
- Он бир баланы тарбиялап жатам. Төртөө "с отличием" бүттү. Бир уулум Москвадан диссертациясын жактады. Бир уулум дүйнөлүк шахматтын чемпиондугуна талапкер. Мен ушундай уулдарды тарбиялагандыгым менен сыймыктанам.

Ногойбай Султанов








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??