Түркмөндөр түздөйбүз дейт…
Парламенттин макулдугу менен Түркмөнстандын Башкы прокурору Чары Ходжамурадовду 4-октябрда президент кызматынан бошотту да, анын ордуна мурда Жогорку Соттун төрагасы болгон Я.Язмурадов дайындалды.
Башкы прокурордун күтүүсүз кызматтан алынышы, ал кол алдындагы кош жарандуулугу бар бир канча кызматкерди иштен айдагандыгына байланыштуу дешет. Тагыраак айтсак, сентябрь айынын аягында, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзгөн органда эмгектенген 5 кызматкердин Түркмөнстандыкы менен катар эле Орусиянын да жарандыгын алып алгандыгы аныкталып, Чары мырза тарабынан иштеринен бошотулган эле.
Аталган маалымат Түркмөнстандын эле эмес, чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарына да чыгып кеткенинен улам, Башкы прокурор басма-сөз жыйынын өткөрүп, "кош жарандуулугу бар кызматкерлер прокуратурада гана эмес, бардык мамлекеттик кызматтарда иштебеши керек жана аларды табуу үчүн биз бардык чараларды колдонобуз!"- деп катуу айткан жайы бар эле. Балким, дал ушундай билдирүү Түркмөнстандын жогорку жакта олтурган айрым бийлик төбөлдөрүнүн жүрөгүнүн үшүн алып, аларга коркунуч туудуруп жаткан эрди эрте эле ээрден оодарып түшүүнү көздөп, максатына жетишкендей. Себеби, расмий эмес маалыматтарга ылайык, козулардын терисинен шапке кийгендердин арасында Орусиянын жарандыгын алган мамлекеттик кызматчылардын өтө көп экендиги айтылып келет.
Түркмөнстандын Конституциясына ылайык, түркмөндөрдүн кош жарандык алуусуна тыюу салынат.




Актоо эмес, тактоо үчүн…
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын негизги милдети элдин үнүн бийликке жеткирүү, карапайым калктын муң-зарын угузууда турат эмеспи. Мына ушундай негизди биз да карманганга аракеттенип келебиз. Бирок, ошондой негизге жамынып, жеке маселелерди бүтүргөнгө кулач ургандар миңдеп саналат. Дегенибиз, замандын техникасына ылайык, учурда окурмандар өз ой пикирлерин телефон, факс жана интернет почтасы аркылуу жөнөтүп келет. Мына ушундай булак менен келген бир окурманыбыздын маалыматы чындыкка коошпой калганын айталы деп турабыз.
Жогоруда белгилегендей, гезитибиздин өткөн чыгарылышында "Окурмандар ой айтканда…" деген рубрика алдында мурдагы Жети-Өгүздүк бейөкмөтчү бүгүн Кыргыз Республикасынын депутаты айым Эркингүл Иманкожоева тууралуу маалымат кеткен эле. Көрсө, ал айтылгандардын көпчүлүгү абстрактуу өңүттө жазылыптыр. Антсе да, анда кимдир бирөө, үстүртөн жомоктотуп айтылган нерселер Эркингүль айымдын дарегине шек келтирүү аракетин жазап жатканы так эле көрүнүп турат.
Ал эми Эркингүл айымдын өзү жөнүндө айтсак, "Карек" аттуу бейөкмөт уюмун түзүп, кыргыз жаратылышын, кыргыздын кен-байлыктарын өлкө кызыкчылыгы үчүн коргоодо далай үзүрлүү иштерди жасап келгенин билебиз. Ал үчүн Акаевдин, Бакиевдин администрациялык машинеси менен күрөшүп, бирок өз акыйкатынан тайбаган. Өткөндөрдү тизмектебей, андагы иштердин бирин эскерсек. Чуулганы чубалган "Кумтөр" ишканасына нааразы болгон мекендештерибиз чыкканда ар дайым эл тарабында чыркырап турду. Барскоон-Тосор-Кумтөр жолун жабуу акциясы акыйкатты айтып турду, анда. "Кумтөр" алтын кенине кетүүчү Барскоон жана Тосор айылындагы жолду жүздөгөн адамдар бууп турушканда биздин редакциянын кызматкерлери күбө болгон. "Центерра голд" компаниясынын жетекчилиги жергиликтүү элдин нааразылык акциясын мыйзамсыз деп эсептешип, райондук ички иштер бөлүмүнө жана райондук прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Иманкожоеваны сындырууга аракет жакшы эле кылынган. Ошондой эле жакында Эмилбек Каптагаевди кызматынан кетирүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомуна Эркингүл Иманкожоева чечкиндүү түрдө каршы чыгып, аны чакыртып алуу демилгесин көтөргөндүн бири болду.
Азыр да "Кумтөр" чоңдору көрүнгөн ыплас аракеттерди жүргүзүп келет. Редакциянын ал сандагы жоопту кызматкери такталбаган маалыматты басып жибергени үчүн кечирим сурайт.





Орус Думасы педофилдерди
бычып салуу мыйзамын талкуулоодо
Шейшемби күнү Орусия Думасы балдарга карата жыныстык зордук көрсөткөндөрдү бычып салуу мыйзамын талкууга койду. Мыйзамда педофилдерди химиялык жол менен милдеттүү түрдө бычуу сунушу киргизилген.
Аталган мыйзам долбоору Орусия Федерациясынын президенти тарабынан ушул жылдын жай айларында Думага сунушталган. В.Жириновскийден тышкары бардык фракциялардын лидерлери аны колдоп чыгышкан. "Единая Россия" партиясынын лидери Б.Грызлов, "Справедливая Россия" партиясынын лидери С.Миронов жана КПРФтын лидери Г.Зюганов мыйзамды тез арада кабыл алыш керектигин жар салышкан.

Химиялык жол менен бычуу
Орус депутаттарынын талаш тартышын жараткан негизги тема педофилдердин химиялык жол менен бычылуусу болууда. Хирургиялык бычууга караганда химиялык түрдө бычуу (жөн гана ийне сайып коюу) адамдын жыныстык мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектеп турат.
Бул мыйзам долбооруна ылайык 14 жаштан төмөнкүлөргө карата зордуктоо аракеттерин кылган жана ишке ашырган 18 жаштан жогорку Орусия атуулдары өз эрки менен же соттун чечиминен кийин милдеттүү түрдө химиялык жол аркылуу бычылат. Мында эркектин жумурткалары алынбайт.
Дары ар бир үч ай сайын сайылып турат.
Терс таасирлери - жүлүндүн жукарып кетүүсү, семирүү же ашыкча арыктоо.
Америкалык изилдөөлөр көрсөткөндөй химиялык түрдө бычылган эркектер жыныстык мүмкүнчүлүгүн толук жоготпойт.
Милдеттүү түрдө бычылуудан баш тарткан педофилдер 1 жылдык түрмөгө кесилет. Ошондой эле мыйзамга ылайык балдарды зордуктагандардын жаза өлчөмү кыйла жогорулайт.

Шарттуу мөөнөт жок
Балдарды кайра-кайра зордуктагандар 15 жылдан 20 жылга чейин кесилет. Эркиндикке чыкканда да педофил бул ишин улантса өмүр бою абакка отурат. Ошондой эле педофилдердин шарттуу түрдө кесилүүгө укугу жок. Бул мыйзамды колдобогон жалгыз депутат Владимир Жириновский балдарды зордуктагандарды жазалоонун бул идеялары жакшы дегени менен "Баары бир тыянак чыкпайт, пайдасыз иш. Мыйзам түрүндө жазалоо оңой, бирок мындай жаман кылмыштын алдын алуубуз керек", - деди.

Көп жылдан бери талкууланып...
Химиялык жол менен педофилдерди бычуу мыйзамы Орусияда бир нече жылдан бери талкууланып келет. 2008-жылы мындай жаза Коомдук Палатада каралган.
2010-жылы Иликтөө комитетинин жетекчиси Александр Бастыркин европалык өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, педофилдерди бычуу керек экенин айтып чыккан. 2011-жылдын жай айларында президент Дмитрий Медведев дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн көбү мындай мызамды кабыл алганын билдирген.
Педофилдерди бычуу мыйзамы Польшада милдеттүү түрдө иштеп жатат. АКШнын айрым штаттарында да балдарды зордуктагандар бычылат. Калифорния штатында 1996-жылдан бери педофилдер бычылып жатат.

"Би-би-си" булагынан