… М.Акаева деле бир
кызматты ээлебей эле
таасири күч эле го…
Парламент депутаттары президент, премьер-министр жана спикердин жакын туугандарынын саясий күчкө ээ болгон мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюну көздөөдө.


Демилгечи депутаттардын бири Камчыбек Ташиев бул алардын конституциялык укугун чектээрин моюндап, бирок Кыргызстандын шартында аргасыз чара экенин айтат:
"Мына Бакиев бийлиги тушунда көрбөдүкбү, баласы жетинчи кабатта олтурду, бир туугандарынын баары чоң кызматтарды ээлешти. Биз ушуга мыйзам чегинде бөгөт коелу деп жатабыз".
Эгер бул мыйзам долбоору палатанын колдоосун тапса анда президенттин, премьер-министрдин жана парламент төрагасын жубайы же жолдошу, бир туугандары, балдары министрлик кызматты ээлемек түгүл айыл өкмөтү болууга акысыз. Эгер алар жогорку тепкичке көтөрүлсө жоопкерчилик мамлекетти башкарып жаткан жогорку бийлик өкүлдөрүнө артылмакчы.
Кыргызстандагы эки элдик толкундоо тең президентер бийлик башына тууган-уругун алып келип, үй-бүлөлүк башкарууга жол бергенден улам чыкканы айтылып жүрөт. Андыктан кыргыз коомчулугунда бул өңдүү чектөөлөрдү жактагандар басымдуулук кылат.
Бирок жогорку кызмат жетекчилеринин жакындарына мыйзамдык чектөөлөр кирген менен көп учурда саясий процесстерге таасир этүү жең ичинен жүрүп келген дейт саясий талдоочу Турат Акимов. Андыктан бул мыйзам долбоорунун жеткиликтүү иштеп кетүүсү күмөндүү экенин айтат:
"Кезинде Майрам Акаева эч бир мамлекеттик кызматты ээлебей эле саясий процесстерге таасир этип жүрбөдүбү. Андыктан бул адамдын өзүнө байланыштуу, бирлери аялы менен кеңеш иш кылат, башкалары кеңешбейт дегендей. Анын үстүнө кыргыздарда "өз тууганына жардам кылбаса кимди жыргатат?" деген түшүнүк бар да"…
Дагы бир саясий талдоочу Орозбек Молдалиев болсо Кыргызстандын азыркы башкаруу түзүлүшү бул мыйзам долбоорунун кабыл алынып, иштеп кетүүсүнө толук кепилдик берет деген ишенимде. Буга бийлик бутактарынын көз карнадысыздыгы жана коомдук көзөмөлдүн күч алуусу негиз болот дейт Молдалиев.
Буга чейинки эки президент жакындарын бийликке тартканынан карапайым Кыргызстандыктардын оозу күйүп калган жайы бар. Эки президент тең үй-бүлөсүн саясатка аралаштырды деп сындалып, нааразы болгон элдин толкуну менен бийликтен сүрүлгөн эле.
Аскар Акаев кызы менен уулун парламентке сүрөгөндөн бийликтен сүрүлгөнү белгилүү. Бакиев болсо уулу Максимди ак үйдүн 7-кабатына олтургузуп, өз буйругу менен кызматка дайындашы элдин нааразычылыгын күчөткөн. 7-апрелдин алдында элдик курултайга чогулган оппозиция Бакиевден балдарын, биртуугандарын кызматтан алашын талап кылган болучу…

Назгүл Коңурбаева,
Би-Би-Си