Ахалай - махалай

Экс-муфтийди уурдап кетүүнү уюштурду деп ИИМдин полковниги кармалды
ИИМдин полковниги, диний экстремизм иштери менен иштеген 10-башкы башкармалыктын начальнигинин орун басары Абдували Акжолов башында турган топ мурдагы муфтий Мураталы Жумановду уурдап, акча талап кылгандыгы боюнча шектелип, камакка алынгандыгы дайын болду. Баарыбызга белгилүү болгондой, Мураталы ажы көп өтпөй каза тапкан.
Аталган маалыматты ИИМдин өкүлдөрү да тастыктап, А.Акжоловдун ээлеген кызматынан бошотулуп, үстүбүздөгү жылдын август айында камакка алынып, күнөө коюлгандыгын билдиришти.
Эске салсак, Абдували мырза дайым жогору жактагы колдоочуларынын айынан суудан кургак чыгып келген. Себеби, анын ишиндеги кетирген кемчиликтери ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы тарабынан бир канча ирет табылып, ээлеген кызматынан четтетилсе да, кандайдыр бир жолдор аркылуу кайра эле бул тармактагы маанилүү, майлуу-сүттүү креслолордун бирин кучактап жыгылчу.
Апрель окуясына чейин ишсиз жүрүп, андан кийин жаңы түзүлгөн 10-башкармалыктын начальнигинин орун басарлыгына олтуруп калган.




  күнгөй-тескей

ЖАПАРОВГО БЕЙИШ ПАСПОРТУ БЕРИЛЕБИ?
же адалсынган эшендин кубулма жүзүнө сүртүмдөр
"Акылбек Жапаров - Шахмат федерациясынын ПРЕЗИДЕНТИ, Социал-демократиялык партиясынын ЛИДЕРИ, Жогорку Кеңештин ДЕПУТАТЫ" деген чоң көрнөк 2005-жылкы шайлоо учурунда Кочкор районунун борборунда шаңдуу илинип турганын өлүп калган "эшек" эле унутпаса буту кыбырап жүргөн кочкорлуктардын эсинен чыга элек. Жапаровдун миң кубулган "аферист" жүзүн көрбөгөн карапайым эл аны бейиштен келген "ак периште" катары көрүшүп, этегине намаз окуп, даараткана жана иттин уясына чейин анын "олуттуу" түшкөн сүрөтү басылган жылнаамаларды аздектеп илишкен эле. Оозун ачса эле гүлдөгөн Кыргызстанды, элдин бейиштеги жашоосунун ачкычы анын колунда экенин чеченденип сүйлөгөн Жапаров атасындай болгон Турдакун Усубалиевди кез келген жерден жамандап, шылдыңдап жана мазактап жатып жүзүкаралык менен ар бир үйгө кирип алган эле. Ошол кезде бешиктеги ымыркайдан баштап короодогу уйга чейин "Бар болойлук, бир болойлук" деп Жапаровчосунан чалып сүйлөп ураан айтып калышкан. Байкуш эл Жапаровдун "сойку" кыздарча партиядан - партияны алмаштырып, Атамбаев агасынын КСДП партиясын тебелеп Бакиевдин каргашалуу "Ак жолунун" желегин сыймыктануу менен асманга желбиретип төш керип кутурма тийерин, кожоюну элди атып качканда "ак эшен" болуп Куловдун "Ар намысына" өтө качарын сезишкен жок да, чиркин?!
(Уландысы 10-бетте)

Бетти даярдаган Алтынай Бакирова




  Парламент сүртүмдөрүнөн

16 жаштан эле "оомийин"…
Учурда үй-бүлөө кодексине "Кыргызстанда өзгөчө жагдайларда расмий түрдө никеге туруу 16 жаштан жүргүзүлөт" деген норма киргизилүүдө. Бул тууралуу кечээ Калкты социалдык жактан камсыз кылуу боюнча министринин орун басары Гульнара Дербишалиева парламентте билдирди.

Андагы "Ата Мекен" фракциясынын жыйынындагы Г.Дербишалиеванын билдиргенине таянсак, никеге туруу, нике келишими аркылуу жазуу түрүндө ЗАГСка туруп, андан кийин нотариуста катталуу нормасы каралууда деп түшүнсөк болот. Ошондой эле министрдин орун басарынын айтканы боюнча учурда айыл өкмөттөрүнө никени каттоо укугу берилип жатканы да кеп болду. "Өзгөчө учурларда 16 жаштан никеге чыгуу дагы каралып жатат", деди Г.Дербишалиева.

Микрофондо...

Ташболот Балтабаев: "Азыр олигархтар жаш кыздарды жаш кезинен эле турмушка алып жаткан учурлар бар. Бул мыйзам менен биз өзүбүз эле 16 жаштан турмушка чыгууга түртүп жатабыз"...
Бактыбек Калмаматов: "Анда 16 жаштагы классташтар деле үйлөнө беришет. 16 жаштагылар - бул кичинекей балдар, кантип алар турмуш курууга жөндөмдүү"...

Хох-ма-а...

Баарынан кызыгы Г.Дербишалиеванын, "бул мыйзам долбоорунда балдарды багып үйүндө отурган эркектерге дагы социалдык пособиелер берилет. Мурда мындай пособиелер аялдарга эле берилчү" дегени болду.(Ай эркектер аялдын этегине жашынбай элди ээрчүтчүңөр барбы деги? - ред. )

Соңунда

Фракция мүчөлөрү Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоорун жалпысынан кабыл алып, бирок никеге туруу курагы 18 жаштан өйдө болсун деген сунуш киргизди.