Сандан санга

АЗГЫРЫК СЕЗИМ
(Уландысы.
Башы өткөн санда)

...Майрамкан эжем мени оор көрдүбү же сообума калайын дедиби... аракетке өттү. Мусабек аттуу Чүйлүк жигит менен тааныштырып салды. Аз күн өткөрүп, "ушуга турмушка чыгасың!" - деп, мени жарга такай баштады.
Баш тарткыдай болсом капаланып, мага таарынып калчудай. Эрмекке алданып калбадым беле. Мунун өмүр таржымалын аябай тактадым. Үйлөнүп ажырашканын мойнуна алды. Учурда коколой баш экен.
Бирок, Мусабек менин көңүлүмө түк жаккан жок. Жүрөгүм кымындай да жылыбады. Антсе да Майрамкан эжем "ушул жигитке турмушка чыга бер" - деп кысмактап туруп албадыбы. Башым катты. Тийейин десем тигини сүйбөйм, "болбойт" - десем эжем капаланып, таарынып кала турган. Эки оттун ортосунда калгандай аябай кысылдым, кыйналдым...
Акыры... Мусабекке турмушка чыгууга аргасыз болдум. Бирок, мойнунан байлаган иттин абалында барганымды жашыргым келбейт. Көңүл болбосо кыйын экен. Сүйүүнү мындай эле коёюн. Мамилебиз суз, экөөбүз бири-бирибизге бейтааныш эле адамдайбыз. Төшөк маселеси да биз үчүн татаал бойдон калды. Чогуу жаткандан иренжийм. Денеси денеме тийчү болсо кыжырым келет. Жылан кармап алгансып, бүткөн боюм жыйрыла түшкөнүчү.
Жумушум бүтпөсө, күн батпаса экен деп ичимден тилене берем. Анткени, үйгө түк баргым келбейт. Буга себеп Мусабекти жактырбаганым. Аны көрөөргө көзүм жок. Атайылап эле үйгө кеч келемин. Жолдо келе жатып Жаратканга жалынып, тилене беремин:
- Мусабек үйдө болбосо экен... болбосо экен...
Акырындык менен аны жакшы көрүп, таттуу жашап кетээриме көзүм жетпейт. Ишене да албаймын. Себеби алгачкы аруу махабатымдын ээси - Тазабекти унута алгыдай эмесмин! Аны сүйгөндөй эч кимди сүйө албаймын! Санаа дегениң желкемден төмөн көздөй ныгыра басып алган. Жан дүйнөмө бороон уруп, жүрөгүмө муз тоңуп калган өңдүү туюлат...
...Бир күнү баарына кол шилтедим... Көңүлсүз жашоого тоюп кеткендей болдум. Мусабекти таштап, башымды алып чыгып кеттим. Майрамкан эжемдикине эмес. Өзүмчө жашай баштадым. Эжем иштеген ашканага жумушка да барбай койдум...

* * *
...Тааныш келиндердин жардамы менен ушул курулушка ашпозчу болуп орношподумбу. Бул жерде иштеп калганымдын себеби мына ушундай! - деп Сайракан көкүрөк күйүтүнүн көк түтүнүн обого бүркүп, армандуу баянынын соңуна чыкты...
Бир аздан кийин мен:
- Эки балам, күйөөм бар дегендей болбодуңбу?
- Калп айтып койгом. Антпесем, эрим жок десем эле эркектер жабыша калып жатпайбы. Балга үйүлгөн чымындай болушуп. Айрымдары дароо эле жогоруда айткан Эрмекке окшоп конок үйүнө баштап жөнөйт. Бой келин болсо эле эрден көзү катып тургандай сезет белем.
Албетте, ар түрдүү кыз-келиндер бар.
Бирок, баары жөнүндө бир пикирде болуу бери эле дегенде чоң жаңылыштык эмеспи. Боюна чаң жугузбай, зымпыйып жүргөн аялзаты деле толтура. Туурабы?
Адам үмүт менен жашайт дешет го.
Мен дагы изги тилекти туу тутуп жүрөмүн. "Кимдир бирөөнү чын жүрөгүм менен, Тазабекти сүйгөндөй сүйүп каламын" - деген үмүт оту өчпөй келет...
* * *
...Адыл сөзүн жыйынтыктап, Шайырга жалтанбай карап, кеп жөнөттү:
- Болгону мына ушул. Ырас, Сайракандын кайгы-азап коштогон тагдырына боор тарттым. Азыраак акчалай жардам бергеним да чын. Бул кылмыш болуп эсептелинеби?!
- Эмне ага акчаны жөн эле бердиңби? - деп Шайыр какшыктай жылма суроо узатты.
- Ооба. Жардам катары гана...
- Аны төшөккө тарткан жоксуң да, ээ?
- Төбөдө Кудай турат. Калп айтсам эки дүйнөдө жакшылык көрбөйүн!