Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Нариман берген базарды Исасы келип кайта алды
Ош базарынын түштүк тарабында бир кезде "ит базар" аталган аянты 40 сотых келген жер бар. Бул жер "Бишкек пиво заводуна" тиешелүү. 2006-жылы бул "ит базар" көчөт жана да башка майда барат саткан чакан базарга айланган. Бул баалуу жерге көз арткандар көп болгон. Бишкек шаарынын мэри болуп турганда А.Ногоев да, Бакиевчилер да көз артып турушуп алкымдарынан өтпөй койгон.
Былтыр 7-апрелден кийин келген бийлик да бул баалуу жерге көз артып тартипке келтирүү деген шылтоо менен базарды талкалап ташташкан. Эми Бишкек пивозаводу өз жерине өздөрү ээ боло алышпайт. Соттошуп жаткан кези. Парламенттин депутаты, президенттикке талапкер Н.Түлеев Бишкек шаарына мэр болгондо бул базардагылар ага кайрылышкан экен, жогоркудай өкүм зордук боюнча. Н.Түлеев аларга: "Силер жердин мыйзамдуулугу жөнүндө сот органынан чечим чыгартып келгиле, анан мен өзүмдүн чечимимди чыгарып берем" деп убада кылат. Пивозавод менен базарчылар Жогорку Соттон утуп алышат. Бирок, кашайып ортодо 7-апрель окуясы болуп бийлик алмашып, Н.Түлеев кызматтан кетип, сот карусели кайра айлана баштайт. Атаңдын көрү, Н.Түлеев ордунда 10 күндөй эле кармалып турганда Бишкек мэриясынын чечими колдо болот эле, мынчалык убара болбойт элек дешип, күйүп жүрүшөт "көчөт базарынын" мурдагы администрациясы.
1953-1955-жылдары СССР министрлер Советинин башчысы Г.Маленков жылкынын санын эсепсиз кыскартып колхоз-завхоздордогу жылкыларды элге берген. Кийин Н.Хрущев өкмөткө өзү башчы болгондо элдеги жылкыларды кайта алганда "Маленков берген байталды Хрущев келип кайта алды" деген шакаба сөз пайда болгон. Анын сыңарындай "Нариман берээр базарды Иса келип кайта алды" болуп жаткан кез...

Ногойбай Султанов





  Андирчиктен мундирчик

Бөдөнөң ким да, касапчың ким?
СДПК партиясынан депутат болгон Данияр Тербишалиев Жогорку Кеңештеги сот, укук маселелери менен алектенген комитеттин төрагасынын орун басары болуу менен Кыргызстандагы соттордун тагдырын чечип жатканына миңдеген юристтер нааразы болуп, анын ишмердүүлүгүнө мыйыгынан күлүп келишет. Себеби, бул жигит депутат болгучакты бир да күн мамлекеттик кызматтарда иштебегени аз келгенсип, юридикалык билими жок туруп, сот, укук боюнча комитетке кантип мүчө болуп калганына көпчүлүктүн башы маң. Кыргызда "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун"- деген накыл кепти эске алсак, анда эмне "Данияр мырза аталган комитетке адашып келип алганбы?"- деген суроо туулат.
Ал Бишкек шаарынын башчысы Иса Өмүркуловдун жөлөп-таесу менен депутат болуп калган дешет. Себеби, мэр менен депутаттын таяке-жээн экендиги айтылып келет. Учурда, жээн-таяке чыр-чатактын үстүндө жүргөндөй элес жаратууда. Минткенибиздин себеби, биринчиден Иса мырзанын уулу Азамат "Ленд Круизер" машинесин 150 км. ылдамдыкта айдап келатып, көзү ала чакмактап, "встречный полосага" чыгып кетип, 3 адамдын өмүрүн алып, атасынын башын жер каратып турган кези. Экинчиден, азыркыдай кымбатчылык убакта шаар башчысы инвестиция тартып, жумушчу орундарын түзүп, элибиздин жашоо шартын оңдогондун ордуна ар кандай интригалардын үстүндө калкып, бажасын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына орноштуруу, баласынын маселесин чечүү, көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан ардагерлердин мончосун жеке менчик фирмага сатуу (кийин муну шаардык кеңештин депутаттары ардагерлерге кайрадан кайтарып беришкен) сыяктуу үй-бүлөлүк иштер менен алек болгондой элес жаратат.
Өкмөт башчы А.Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүп, жок кыла албай жатса, аны мэр Өмүркулов колдоп-коштогондун ордуна ыплас иштерге аралашып, бир канча миллиондун башын жуткан "гүл челек" коррупциясын гүлдөтүп жатканын айрым шаардык кеңештин депутаттары сөз кылып жүрүшөт.Мындайда Башкы прокуратура менен Финансы полициясы өз учурунда изилдеп-иликтеп, чара көрүүнүн ордуна, "укса да укмаксан, көрсө да көрмөксөн" болушуп, башын кумга тыккан төө куштун позициясын карманып турушат. Качанкыга чейин?





Эл тынчыса да Элчибайдын баласы тынчыбай…
Акылбектен "ШОК"
Президенттик шайлоо жакындаган сайын талапкерлер тарабынан Алмазбек Атамбаевге карата нааразычылыктар күч алып, "административдик ресурсту кеңири колдонуп жатат" деген айыптоолор айтылууда. Мындай айыптоолор да бекер жерден чыккан жери жок. Мамлекеттик, коомдук теле-радиолор эртеден кечке эле өкмөт башчынын баскан турганын, кылган иштерин даңазалоо менен алек болуп калганына жалпы журтубуз күбөө болууда.
Дал ушундай кырдаалда президенттикке талапкерлердин бири Акылбек Жапаров административдик ресурсту колдонууга каршы талапкерлерди биригүүгө чакырып, Ө.Текебаев, К.Байболов, К.Ташиев, М.Иманкулов, Ө.Субаналиев ж.б. талапкерлердин колдоосуна да ээ болууда. Демилгени колдоого алган талапкерлер, бүгүн Жогорку Кеңеште пресс-конференция өткөрүп ШОК (Штаб общественного контроля) деген коомдук бирикме түзүгө макулдашкандары белгилүү болду.






Эми канттик?
Бузукка-макул, соого-жок,
жомокто-баатыр, жоодо-жок
эл болдукпу?
Качанга чейин?
Жок болгонго чейинби?

Көңүл канап, өң-алеттен азабыз,
күндө бөлөк жолго төшөп басабыз.
Күндө бөлөк ыйман күтүп дүйнөдөн,
биз акырын өлүп бара жатабыз.

Бектер-хандар гүлдөп шапар тебишет,
бейитиңдин так үстүндө жеп-ичет.
Акыйкаттык өлгөн жерде дайыма,
арзыматтар ырдаганга келишет.

Койбуз, уйбуз, балким кыйган
терекпиз,
биз байларга шайланарда керекпиз.
"Эл" деген-биз, макулук да,
маймыл да,
эч ким дагы, эч нерсе да эмеспиз.

Атажуртта ач, жылаңач, араң жан,
аялга окшоп зордукталган, таланган.
өрттү көздөй жылып келе жатабыз,
өзүбүздүн сөөгүбүздөн каланган.

***
Бук төктүм ушул түнү мен,
Бул элди көрүп кыйраган,
Манас деп масын сыйлаган,
Мас болгон сайын жыргаган,
Малга окшош момун маңыроо,
Мамайдын гөрү кыйнаган.
Маңызсыз күндөр эзгенде,
Мазесин чагып ыйлаган.
Бук төктүм ушул түнү мен,
Бул элди көрүп кыйраган…

***
Кылт этип кырдан көчөрмүн,
Кылт этип кырдан көчкүчө,
Кыргыз деп ыйлап өтөрмүн.

Эркин шайлоо…Көрсөттү катылганын,
Элдин, эки, үч-төрткө чачылганын.
Эки килдик баштыкка шекер берсе,
Энесин да карабай сатылганын.

"Кыргын" шайлоо көрсөттү шок
экенин,
Кыраан элдин тукуму пок экенин.
Кылыч сунса, ордуна арак алган,
Кыргыздарда ар-намыс жок экенин.

Кыз-келини очокко далбаланып,
Карылары калжаңдап майдаланып.
Эр Манастай эл коргоор жигиттери,
Этегине катындын далдааланып.

Дооруң келсе, келбедиң доолап акың,
"Ооба" десе жогор жак "ообалаштың".
Шодокондун бүркүттөн кузгуну көп,
Шору да көп эзелтен оома калктын…

Ш. Дүйшеевдин
"Шакен азган" китебинен







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«