Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Эгемендүүлүгүбүз менен эзилгенибизге 20 жыл
Кыргыз мамлекети өз алдынча эгемендик алганына 20 жыл толду. Ал күнү аянттарда урматтуулардын оозунан улуу сөздөр сүйлөндү. Бирок, ошол эгемендиктин алгачкы түптөөчүлөрүнүн бирден бири болгон Жусуп Абдрахманов жөнүндө бирөөнүн оозунан бир да сөз айтылбады... Өкүнүчтүү...


Эгер Жусуп болгондо...
Жусуптай жылда бир жаралчу кеменгердин ордуна, бир уруунун деңгээлиндеги, совет доорунда ашынган коррупциянын гүлдөшүнө жол берген инсандар даңкталууда. Бул, тарыхты билбегендик, ага маани бербегендик.

1932-1933-жылдардагы улуу ачкачылыкта Украина, Волга боюндагы элдер, казак эли кырылып калганда улуу кеменгер, акылман, өлүмгө башын байлаган Жусуп Абдрахманов болбогондо Р.Отунбаева, А.Келдибеков, А.Атамбаевдер жана урматтуу окурман сиз жана мен бул жарыкты көрөт белек же жокпу, бир Кудайдын өзү билет. Ошол согушсуз алааматта 7 миллион Украин эли өлгөн. Советтик белгилүү журналист А.Гинсбург 1932-жылы Украинага барып калып ачкачылыктан эл массалык кырылып, психоз болуп жаш балдардын этин жеп калганын жазганы бар. А бизде кеменгер Жусуптун көрөгөчтүгүнөн кыргыз кыргынга дуушар болгон эмес. Тескерисинче, түштүк Казакстандан жан соогалап келген казактарды мүмкүн болушунча сактап калганын тарых билет. Кайран Жусуп, өлбөй кал! Ал азыркы кезде жашаганда эл мынча мүңкүрөп мусаапыр болбойт эле. Кыргызстанды 20 жылда гүлдөгөн өлкөгө айлантмак. Талатып, тонотмок эмес...
Жолдошбек Токоев

Азыр кыргыз эли башынан кыйың-кезең күндөрү өткөрүүдө. Жашоонун жакшы жолун издөөнү көздөп эл ары-чайпалды, бери чайпалды. Эки жолу революция болду. Бул чынында экономикалык жактан оор жоготуу. Мындайда мен деген өлкө болсо да мертинмек. Бирок, эл 20 жыл бою сокур ишеним, куру үмүт менен алдамчы саясатчыларды ээрчишип, бүгүнкү күнгө чейин алардын куралы болуп келүүдө. Элдин чайналып, жарык келечекти көрө албай мүңкүрөгөнүнүн бир себеби - Улуттун кеменгеринин (лидер) жоктугу.
"Айгай-пресс"




Намыс караңгы, көөдөн караңгы...
Өз өлкөсүн терең сүйгөн, ал үчүн өмүрүн да аябаган андай улуттук лидерлер жүздөгөн жылдарда бир жаралаарын келечек муундарга аңыз кылып айтып, чоңдорубуз анын басып өткөн өмүр жолуна, иштеген ишине түздөнсө, балким бүгүнкү оор абалдан эртерээк чыгып кетет белек. Балким, ошол улуу инсандын өмүр жолу бүгүн биз тыгылып жаткан абалга өрнөк болуп, андан сууруп чыкчу улуттук идеологиянын уңгусу болмок беле дейсиң.
Улуттук кеменгер жөнүндө, анын быйыл 110 жылдыгы экен, маселе көтөрбөйсүңөрбү деп далай аттуу-баштууларга, акылдуубуз деген айрым интеллигенция өкүлдөрүнө кайрылдым. Абдрахмановдун ысымына жамынып, өзүнчө фонд ачып күпүлдөп жүргөн анын көлдүк жердештерине да бардым. Беш манжага толбогон эки-үчөөсүн айтпаганда, дээрлиги унчугушпады. "Улуу сөздө уят жок" дейт, кур дегенде баланын чочогундай болгон эки сап эскерүүсүн жазып койгонго кудуреттери жетпеди. Андан көрө алар (көлдүк "көзүрмүн" дегендер) алты жылкы сойсо, андайды аке көтөрүп, ошол жерден уча жегендерине курсант болуп жүргөндөрү артык окшойт деп калдым...

Кенжебек Арыкбаев




Мактанба,
мамлекетим
Чолоосу тийбеген чоңдорго

Тарыхты карап көргүлөчү Америка эли экс - президенти Франклин Рузвельтти, Франция экс-президенти Шарль де Гольду, Түрк эли Мустафа Кемелди, Индия эли Махадма Гандини ооздорунан түшүрбөй туу тутушат экен . Бизде болсо быйыл Жусуп Абдрахмановдун 110 жылдыгы. Ал туурасында жогоркулардын бирөө да үн катышпайт, ооз ачпайт бул улуу инсан жөнүндө. Ж.Абдрахмановдун жасаган иши, билими өз элинин урматтоосу жогорудагы мен айткан инсандар менен эле барабар, керек болсо алардан да артык. Ф.Рузвельд, де Голь, Мустафа Кемел өз ажалдары менен өлүшсө, кайран Жусуп толуп турганда 37 кырчындай жашында өз элинин тагдырына оттой жанып күйүп, ошол элине көргөн көргөн камкордугу үчүн Сталиндин желдеттеринин огунан өлгөн. Биз бүгүн Жусуптун эмгегин баалабай, анын өрнөгүн улабай туруп, эч нерсе жасай албайбыз. Саясатчы сөрөйлөргө айтаарым бул - Жусуптун баскан жолу, өрнөгү, анын "элим" деген сөзү алдыңарда балбылдаган чырак болуп турса аны көрбөй турасыңар. Күздөгү президенттик шайлоого эмитен эле жулкунуп жатасыңар. 1933-жылы ачкачылыкта кыргызды сактап калган Жусуп Абдрахмановду оозго албай туруп президенттик кызматтын балакетин аласыңарбы? Бул күйгөндөн чыккан ачуу сөз. Бирок чындык.
Сардар Бекболотов
Сокулук району





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«