Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Чекист чечилгенде

Артур МЕДЕТБЕКОВ,
Коопсуздук кызматынын генерал-майору:
"Темир жол курулушу - Кыргызстандын коопсуздугун коркунучка кептейт"
- Артур мырза, бүгүнкү күнү кыргыз өкмөтү Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга белсенип, аталган "долбоор ишке ашса экономикабыз гүлдөп-өнөт-өсөт"- деген пикирди карманып турушат. Деги эле коопсуздук жаатындагы адис катары айтсаңыз, ушул темир жол курулушунан Кыргызстан эмнени утат да, эмнени уттурат?
- Үч мамлекетти байланыштырган темир жол курулушу азыр эле пайда болуп калган жок, бул маселе Акаев, Бакиев бийлик жүргүзүп турган жылдары да каралып, бирок бир беткей пикирге келе албагандыгынан четке сүрүлүп калган. Бакиевдин учурунда, тагыраак айтканда 2007-08-жылдары бир эмес, эки ирет жалаң эл аралык долбоорлор менен алектенген Хан деген америкалык миллиардер Кыргызстанга дал ушул долбоордун алкагында келип кеткен. Ал мамлекеттин вертолетун жалдап алып, Ала Бел ашуусу тарапка жана Нарын менен Кытайдын ортосуна чейин учуп барып келгендиги маалым. Хан келгенге чейин Казакстандагы биргелешкен өтө чоң бизнесмендердин тобу да кызыгышып, аталган долбоорго жакшы эле аракет кылышкан. Бирок, финансылык кызыкчылыктардын шайкеш келбей калгандыгынан улам, маселе чечилбей калган. Ошол маселеге өкмөтүбүз да бүгүн кайрадан кайрылып олтурат. Албетте, долбоор иш жүзүнө ашса, келечекте иш орундары түзүлүп, экономикабыздын кирешеси азыркыдан да көбөйөт. Ооба, Кыргызстан азыр аябай кыйналып, инвесторлордун жардамына аябай муктаж болуп турат. Бирок, мындай маселелерди өкмөт мүчөлөрү карап жатканда, анын экономикалык гана тарабын карабастан, мамлекетибиздин коопсуздугу жана элибиздин келечектеги тагдыры, экологиясы тууралуу да терең ойлонуусу абзел. Себеби, аталган маселенин тиги же бул тарапка чечилүүсү кыргыз улутунун улут катары сакталып калышына жана кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Ошондуктан, бул маселени шашпай, жети өлчөп, бир кесүү зарыл.
- Эгер долбоор ишке ашып калса, мамлекеттин бүтүндүүлүгү жана кыргыз улутунун улут катары сакталып калышы коркунучка кептелет деген турасызбы?
- Ооба, биз акча келет деп эле санаабыз менен байый бергенден пайда жок. Орустар "бесплатный сыр бывает только в мышеловке"- деп коюшат эмеспи, анын cыңарындай бул курулуштун да артында акчадан да маанилүү, өтө чоң кооптоно турган маселелер жатканын эске алганыбыз оң. Деги эле бул жашоодо биринчи орунда акча эмес, эркиндикти элибиз эңсей турганын дайым биле жүрүшүбүз абзел.
- Жолдош генерал, жымсалдабай, ошол коркунуч кайдан, качан келээрин ачык айтсаңыз, окурмандарга түшүнүктүү болор эле?
- Алгач, "темир жол курулушунда Кыргызстандын жарандары ишке тартылабы же Кытайдыкыбы?"- деген суроону кабыргасынан коюшубуз керек. Эгер, жолду кытайлыктар кура турган болсо, алар албетте өздөрүнүн жумушчуларын ишке тартышат. Кылым курулушу болгон темир жолду салууда 100 миң кытайдын кирип келиши мүмкүн. Темир жол курулушу бир эле жылда бүтүп калчу иштерден эмес. Андыктан, кытайлар Кыргызстандын чек арасына 50-60 километрге чейин кирип келип, анда турак-жайларды салып, жерибизди бир нече жылга ижарага (арендага) алышат. Алар отурукташып, айрымдары жарандыктарды алып алышса, ким кетире алмак эле? Эгер курулуш иштерине кытайлыктар гана тартылса, анда миграция күч алып, аны ооздуктамак турсун, көзөмөлдөй албай да калышыбыз ыктымал. Мына бүгүн эле Кытайдан машинелер менен келген товарларды толук көзөмөлдөй албай, алардын бажысы каттаган цифра менен биздин бажы чылардын цифраларынын ортосундагы айырма асман менен жердей болуп турат. Кийинчерээк темир жол курулушу аяктап калса, Кытайдан вагон толо адам келип, кайра бош вагондор гана каттап калуусу толук мүмкүн. Эң башкысы, 20 жыл ичинде Кыргызстандын шайлоочулары дагы 4 же 5 миллионго заматта көбөйүп кетпейт деп ким айта алат? "Жаман айтпай, жакшы жок"- дейт кыргыздар, анан да бүгүнкү күнү 1,5 миллиардга жакын кытайлыктардын 40 миллион эркегине аял жетишпегендиги ачуу чындык. Мындан 3 жыл мурда, парламентте маркум депутат С.Кадыралиев тарабынан "жээндердин"көбөйүп бараткан маселеси көтөрүлүп, алардын саны 5 миңге жеткендиги айтылган, ал сан азыр канча болуп калганын иликтегендер барбы? Мындай "шайлоочулардын" (сөздүн кыйыр маанисинде) көбөйүүсү түздөн-түз кыргыздын улут болуп сакталып калуусуна коркунуч жаратат, себеби кытайлыктарды да сырткы келбетинен кыргыздардан оңой менен айрымалоого болбоорун баарыбыз жакшы билебиз. Ошол эле учурда, президенттик же парламенттик шайлоолор болуп калса, кимдин президент же депутат болоору да табышмак. Акыркы 20 жылдан бери төш кагып жүргөн саясий аренадагы фигуралардын баары бир заматта четке сүрүлүп калышы толук мүмкүн.
- Төбө чачты тик тургузган фактыларды айтып, окурмандарыбыздын үйрөйүн учуруп алган жокпузбу? Артур мырза, деги эле бул долбоордон ушунча чочулаганыбыздын кажети барбы?
- Мен бир тарыхый факт менен жооп берейин, анан окурмандар чоочуш керек бекен же жок бекен, өздөрү талдап алышсын! Карт тарыхка кайрылсак, миң жылдан ашык жашаган азыркы Стамбулдун (мурдагы аты Константинополь)ордунда Византия деген мамлекет болгон. Алар да башынан экономикалык кризисти кечирип жаткан маалда, англичандар менен француздар аларга кайрылышып, Босфор булуңу аркылуу деңиз жолун ачып, андан товар ташып өткөн кемелерден салык алып, бирге иштешели деген сунушун айтышат. Византиялыктар макулдугун беришкенде, тигилер келип ойлогон ойлорун ишке ашырып, байыган соң, бир заматта Византияга кол салып, аны талкалап, түбүнө жетет. Ошентип, акча табабыз деген византиялыктар өмүрлөрүнөн гана айрылбастан, мамлекеттүүлүгүн да жоготот. Ал эми француздар менен англичандардан айрымаланып, кытайлыктар бизге күч колдонбой эле, тынч эле каптап кетиши мүмкүн.
- Бирок, өкмөт да ушул Кыргызстанды өнүктүрөлү, сырттан инвестиция тартып, жашоо-шартыбызды оңдойлу деп жатса керек...
- Мен түшүнүп турам, бирок биз сырттан келип иштегендердин баары эле инвестиция тартып жатат деген ойдон алыс болсок. Себеби, сырттан келген инвесторлор өлкө ичинде өндүрүштөрдү ачып, жумушчу орундарын камсыз кылышы шарт. Бизде болсо, сырткы инвестормун деп келгендердин көпчүлүгү эч кандай өндүрүштөрдү ачпастан, соода-сатык, алып-сатарлык менен гана алектенип, капиталдын баарын өздөрүнүн өлкөсүнө чыгарып кетип жатышпайбы. Андайды биздин жарандар деле кыла алышат. Андыктан, ар бир чет өлкөлүк инвестормун деген адам уставда көрсөтүлгөн шарттарды кынтыксыз аткарышы зарыл. Канча инвестиция салайын деп жатат, ошону тактап, анализдеп, анан айтканын аткарбай кайра эле соода-сатык менен алектенип кете турган болсо, акчасын өкмөт алып коюшу зарыл. Эмесе, баары эле биздин өкмөттү алдап көнүп калышпадыбы, ошого жол бербешибиз керек.
- Анан эмне кылуу керек деген сунушту айтар элеңиз? Деги бул курулушту ишке ашырыш керекпи же жокпу?
- Азыркы учурда дүйнө боюнча жаратылыш ресурстарына катуу чабуул коюлуп жатат. Кыргызстаныбыз тоо-кен, суу, алтын, темир, койчу бардык жаратылыш ресурстарына, запастарына бай өлкө. Чоң мамлекеттер өздөрүнүн гео саясатын кичи мамлекеттердин жаратылыш ресурстарын басып, багындырып алууга багыттап, аларды бардык жагынан кысып, мажбурлапжатканы талашсыз. Ушул эле "Кумтөр" бир нече жылдан бери өзүнүн кирешесин такыр көрсөтпөй келет, бийлик ээлери чечкиндүү болушса, ушу алтындан түшкөн акчага эле мамлекетибизди бир топ деңгээлге көтөрүп алат элек го. Андыктан, эгер бул курулушту ишке ашыра турган болсок, өкмөт Кытай менен болгон келишим тууралуу элге баарын ачык-айкын маалымдоосу шарт. Темир жол курулушуна Кыргызстандын жарандары тартылабы, тартылса канча санда? Азыр айрымдар темир жолдун Кыргызстанда Балыкчы-Кемин-Токмок-Бишкек-Кара-Балтаны аралап өтүп, жалпы узундугу 172 км. болот, станциялар курулат деп айтып жатышат, муну такташ керек. Жолтоо аркылуу өткөндө жардыруу иштери болуп, фаунага зыяны тиет. Он беш километрдей туннель казылат дейт, ал кандай шартта, кандай ыкма менен ишке ашырылат? Долбоор ишке ашкан соң, Кыргызстан кандай экономикалык утуштарга ээ болорун өкмөтүбүз шашпай аныктап, эсептеп чыкса жакшы болмок. Коопсуздук боюнча алдын-ала так программаларды түзүш керек. Анан болор иш болуп калгандан кийин, ушул долбоорго күнөөсү бар адамдарды издеп жүрбөйлү. Андыктан, акчага азгырыла бербестен, азыртадан эртеңки күндү, ар бир кылган иштин жоопкерчилигин ойлошубуз керек.

Маектешкен
Улан МАМБЕТОВ












кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«