Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ашка жүктөн башка жүк...

Жогорку Кеңеш тарайбы?

Жогорку Кеңеш депутаттары өзүлөрүнүн структурасын түзүп жатканда эле Баш мыйзамда төраганын орун басарлары оппозициялык фракциялардан дайындалат деп кашкайып жазылып турса деле ага көз жуумп, коалициялык фракциялардан 3 адамды төраганын орун басары кылып бекитип коюшту. Парламенттин төрагасынын орун басарлары катардагы депутаттардан, комитеттердин төрагаларынан фракция лидерлеринен кызмат абалы жогору, ошондой эле арбын айлык акы алышат. Демек, Баш мыйзам эмес, мансап жана акча үстөмдүк кылды, бул көрүнүштө. Депутаттардын өлкөнүн келечеги үчүн ниеттери түз болсо жыл башында эле областтык кеңештерге, шаар башчыларына, губернатор, аким, айыл өкмөттөрүнө шайлоо өткөзүп, бийликти демократташтырыш керек эле. Бирок, бул кадамга барбастан министрликтен тарта жергиликтүү бийликти парламенттеги коалициялык фракциялар устукандаштырышты. Бул олуттуу маселеге президент Р.Отунбаева, прмьер министр болуп дайындалган А.Атамбаев да үн катпады. Мунун себеби октябрь айында болуучу президенттик шайлоо болчу. Отунбаева - Атамбаев альянсы жана парламенттик көпчүлүк коалициясы өз адамдарын губернатор, аким, шаар башчыларын бөлүшүп дайындашып, президенттикке шайлоодо аларды административдик күч катары колдонгусу келишти. "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Ф.Кулов жети көр баскан түлкүдөй ар кадамын саап отурду, Жергиликтүү бийликти реформалоого бир гана "Ата-Мекенчил" Ө.Текебаев мезгил кыйла узагандан кийин үн каткансыды. Өлкөнүн Баш мыйзамы кандай болгон күндө да депутаттар анын алкагынан чыкпас керек эле. Бирок, Жогорку Кеңеш ага барышкан жок. Конституциянын 74-беренесинде: "Жогорку Кеңеш судьяларды тандоо кеңешин бекитет" деп даана жазылып турса да өз алдыларынча бурмалашып, кеңештин курамын өздөрү түзүшүп, өздөрү бекитип ташташты. Судьяларды тандоо кеңешин бекитүү башка маселе да, түзүү башка маселе. Көз карандысыз, адилет Сот бийлигин тандоо жана аны түзүү эл үчүн өтө олуттуу маселе болчу. Бирок, бул реформа деп ооз көптүргөн иш өтөсүнө чыккан жок жана чыкпайт дагы окшойт.
Өткөн жылдын декабрь айында аткаруу бийлигин ызы-чуу менен түзгөн Жогорку Кеңеш ушул тапта Сот бийлигин түптөп жатат. Ошентип, мамлекеттик бийликтин үч бутагында бирөөсү Жогорку Кеңеш болсо бул "монстр" бийликтин эки бутагын түзүп отурат (тең аткаруу жана сот бийлигин). Кезинде Монтескьенин "Мыйзамдардын духу" фундаменталдуу эмгегинин негизинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бийлик бутактары бири-биринен ажыратылган. "Кыргыз Монтескьелери" тескерисинче коррупциялык механизм менен бири-бирине чырмаштырышты. Мындай көз боемчулук менен Жогорку Кеңеш парламенттик башкарууга көлөкө түшүрдү. Ушунун кесепетинен жалпы эл парламенттик башкаруудан көңүлдөрү дароо кайт болду. Ушундай чала сабаттуулук, ач көздүк, мансапкорлугу менен азыркы парламент дарганын кылтагына өзүнө-өзү моюнун салып келе жатат. Дегеним, жалпы коом үчүн кызмат кылгылары келбеген депутаттарды кармап туруу эч майнапсыз экенине элдин толук көзү айныксыз жетип калды. Куру убада, жалган сөзгө журт эми ишенбейт. Бул маселенин бир жагы.
Экинчи өткөн жылы жаңы Конституция кабыл алынып, баягы эле уурулук менен акча топтогондор, кыргыздын убалына калгандар "партия" деген кландык топторду түзө коюшуп, депутаттык мандатка аттанышып, үзөңгүгө бут салаарда эле басмайылдары бош болчу. Себеби, парламенттик фракциялар саясаттын табиятына ылайык эмес, жасалма түрдө куралган. Шайлоого чейин саясат майданда мисалы, "Республика" партияласы элдин көйгөйүнө карата эч бир да иш жасашкан эмес. Бул топтун партия деген аты эле болгон. Кыскасы, наристе төрөлөөр замат чуркап кеткендей эле кеп. Ал эми "Ата-Журт" фракциясынын курамынын көбү жалаң Бакиевчилерден турган реваншисттик топ болгон. Арийне парламенттик башкаруусу бар өнүккөн өлкөлөрдө оболу саясий партиялар жылдап коомдун кызыкчылыгы үчүн күрөш жүргүзүшүп, калктын катмарында кандайдыр бир деңгээлде кадыр-баркка ээ болуп, анан бийликке умтулушат. Жогоруда атаган парламенттеги "Республика", "Ата-Журт" аталган топтор жалпы коом үчүн куурай сындырышпай, бийликке келишип, учурда минтип бүтүндөй өлкөнү чаңызгытып, "ашка жүк, башка жүк" болушууда. Ал эми "Ата-Мекен", КСДП партиялары жамандыр-жакшыдыр Бакиевдин диктатурасы менен күрөшүп, элден аброй топтоду дечи, бирок бул партияларда да катачылык, кемчилдик жок эмес. Белгилей кетчү сөз Ө.Текебаев менен А.Атамбаев, Ф,Куловдор өз партияларынын түбөлүктүү лидерлери болуп алышкан. Жогорудагы үч инсан партиянын жаңы лидерлерин өстүрүшпөй келишүүдө. Бул алардын "Вождизм" оорусуна чалдыкканын айгинелейт. Жогоруда айтылган олуттуу себептерден улам азыркы Жогорку Кеңеш жыл жаңылаары менен таркашка кириптер болот. Анда мамлекеттик бийликтин эки бутагын менчиктеп алышкан бийликтин бир бутагы Жогорку Кеңешти ким таркатат? Акыл эси бар жаңы президент келсе ал таркатат. Эгер анте албаса акырында дагы эле болсо мүдөөлөрү, көксөөлөрү канбай калган каарман эл таркатат…

Күлчоро Кабылов




 seover="this.style.color='yellow';" onmouseout="this.style.color='00000';"> Аңгектен азил

Киммин?..

Жан-жаныбарлардын Жогорку Короосунда бапестелгидей не деген асыл жан болдум экенмин эй?! Мени ушинтип барктап аткан жогору жактан сурасам, "элдик кишисин" дешти.
Ал эми менин бул абалымды көрө албай аткан төмөндөгүлөрдү карасам, кебетемди көрүп күлгөн эле кишилер, ар кандай "балык, дудук, чөнтөк" деген аттарды коюп, шылдыңдагандар андан көп. Буга таптакыр түшүнө албай жатам. "Балыкмын" дейин десем, сууда жашабайм, "чөнтөкмүн" дейин десем, кеңгуруга окшобойм, "дудукмун" дейин десем үнүм бар. Мүнөзүмө, жүргөн-турганыма карап, кесе чабылган келте куйругума карап, белгисиз үй жаныбары пайда болуптур деп сенсация кылып атышат. Алды-артымды жакшылап карап чыгышкандар, жеп-ичкенге эптүү, кожоюндун сүйүктүү аспабы болгон, кашыкка окшоштурушууда. Күзгүгө барып, өзүм менен өзүм жакшылап таанышайын дейм да, Чебурашка менен тиктеше түшөмбү деп коркуп кетип атам. Анда-санда, креслодон көчүк бошой калганда каяктан жүрүп ушундай болуп калдым деп жаралыш убагымды эстейм. Мени эки-үч ай мурда эле эч нерседен капарсыз токсон жерде оттоп жүргөндө шашылыш чогултуп келишип, курай салышкан эле. Башыбызга коюлган беш-алты кишиден улам таанымал адам болот экенбиз деп сүйүнүп жүргөнүмдө, болбостон мактап-тактап-баптап эле жакшы жашоонун дайыма эле жыты келип турчу ушул жаныбарлардын Жогорку Короосун карай сүрөй жөнөштү. Эки жагымды карасам, мага окшош узун куйруктуу, баштары бүт таанымал 11 жандык мени менен жарышып келатыптыр. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, Жогорку Короонун оозуна кызыл кыргын, кара сүргүн менен жеткенибизде алдымдагы кадыресе адам болчу кебетеси бар жанды аңтара тартып, жолумду бошотушуп, катуу түртүп жиберишти эле, калганы каңк сүзүп, босогодон боортоктоп өтүп баратканымда өйдөдөн "кес куйругуңду кес" деген өкүм үн угулуп, куйругум тыз эле дей түштү. Анан "кес куйругуңду кес" дегендерине караганда кескелдрик экенмин деп ойлогонумча болбой жанагы өкүм үн "чап, башын чап" деп чыгып, жан жагыма топ-топ этип, эки "колобок" түшүп калды.
Ошентип, жаныбарлардын Жогорку Короосунда бапестелип атам. Жанымда жанагы төрт "колобок". Бут алдымда кибиреген ал немелерди мени зерикпесин деп эле кошуп койгондорун билгенден бери, аларды топ кылып тээп, футбол ойноп кетким келип атат. Бирок, өз дарбазам каякта экенине акылым жетпей токтолуудамын. Жашоо ушундай. Жыргал менде. Болгон жумушум жумшак креслого бүткүл күчүмдү жумшап отурмай да, көтөр десе колду көтөрүп, бас десе, кнопканы басып коймой. Сүйлөгөндү болсо тотукуштун деңгээлинде билип алсаң болот деп атышат, кожоюндар.

Райыш




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??