Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Бармак басты, көз кысты эмес...

Иса Өмүркуловдун уулу жазасын албай калабы?
Мындан туура үч жума мурда Бишкек-Торугарт жолунда борбор калаабыздын башчысы Иса Өмүркуловдун уулу Азамат автокырсыкка кабылып, 3 адамдын өлүмүнө себепкер болгону маалым. Тилекке каршы, арадан бир айга чукул убакыт өтсө да аталган "ДТП"нын күңгөй-тескейи ачыкка чыкпай, иликтөө иштери солгундап калгансыйт. Эң башкысы, аталган жол кырсыгына байланыштуу башында айтылган, маалым болгон айрым фактылар бурмаланып жаткандай элес калтырууда.

Бул деген "коомдо мыйзамдын бийлиги эмес, бийликтин мыйзамы үстөмдүк кылып жаткандыгынан" кабар берип тургансыйт. Андыктан, аталган иш жымсалданып, "бармак басты, көз кысты" болуп калбоосу үчүн биз өз алдыбызча журналисттик иликтөө жүргүзүп, төбө чачты тик тургузган автокырсыктын эл билбей калган жактарын ачыкка чыгарууга аракет кылмакчыбыз.
Расмий маалыматтардын билдирүүсүндө, 15-августтан 16-августка караган түнү (ИИМдин айтымында жол кырсыгы түнкү саат 1,45те, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги - 2.05те деген) Токмок тараптагы "обьезд" жолдо "Тойота Ленд Круизер" жол тандабас машинеси менен "Ауди 80" бетме-бет кагышып, натыйжада "Аудидеги" 3 адам тең оо дүйнөгө сапар алышкан. Тагыраак айтканда, "Аудинин" айдоочусу, 20 жаштагы Караколдук Талгар Турдукеев, Ыссык-Көл облусунун Ананьево айылында туулган 23 жаштагы Алтынай Турусбекова менен 21 жаштагы Таластык Жайнак Мурат уулу ошол жерден эле жан беришкен. Ал эми кагылыштан кийин өрттөнүп кеткен "Тойота Ленд Круизердин" айдоочусу, 29 жаштагы Азамат Исаев (Иса Өмүркуловдун уулу) менен аталган машинедеги 27 жаштагы Жибек Кожобердиева Токмок шаардык ооруканасына жеткирилип, андан кийин дароо эле Бишкекке алынып кеткен. Алардын ден-соолугу канаттандырарлык деп, кагылышта алган жараттары ден-соолугуна эч кандай коркунуч келтирбейт деп табылганы маалым.
Бирок, бул автокырсыкка байланыштуу кызыктуу жаңы жагдайлардын чыгуусу, Иса Өмүркуловдун мурдагы маалыматтарга дал келбеген билдирүүлөрү аталган кылмыш ишинин аягына чейин тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөрдүн жазаланаарынан шек жарата баштады. Себеби, кырсык болоору менен каза болгондордун жакындарынын алдына Азаматтын атасы Иса мырза барганда "эгер балам күнөөлүү болсо, ал жазасын алат"- деп билдирген жайы бар эле.
Анан эле көп өтпөй Иса мэр кайсы бир маалымат сайтка "если вина моего сына будет доказана, то он понесет наказание"- деп билдирип жиберет. Эгер ар бир сөзгө көңүл бөлсөңүз, "если" деген сөзү "баламдын күнөөсүн далилдей алсаңар"- деген маанини түшүндүрбөйбү?"- деп кетет экенсиң. Бирок, Иса мырза өзүнүн сөзүн бекемдеш үчүн андан кийин автокырсыкка кабылган баласы тууралуу дагы бир кызыктуу жагдайды ортого салды. Кырсык болгондун эртеси эле анын уулу Азамат менен Жибектин ден-соолугунун абалы канаттандырарлык деп табылганын жогоруда айтып өткөнбүз. Ал эми Бишкектин мэри баласынын автокырсыкка кабылуусу тууралуу айрым журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "Ал үй-бүлөсү менен Ыссык-Көлдө эс алып, "нянясы" (баласын багууга жардамдашкан кыз) менен Бишкекке келатканда жол кырсыгына кабылып олтурбайбы. Азыр менин уулум реанимацияда оор абалда жатат, кыздын абалы да оор"- деп билдирет. Кийинчереек "МСН" гезитине маек берип жатып, "Мой сын попал в больницу со множественными переломами и ушибом головного мозга. В сознание пришел лишь через трое суток. Никому не пожелаю оказаться в подобной ситуации и очень скорблю по погибшим. У моего ребенка четверо своих детей, с ним ехала няня, которая помогает моей снохе за ними присматривать. Девушка, к счастью, пострадала не сильно. Состояние сына врачи и сегодня оценивают как тяжелое"- деп айтат.
"Нянясынын" абалынын оор деп мурда айтканын унутуп калганын го мейли дейт элек, бирок баласы кырсыктан соң, алган жаракаттардын айынан комага түшүп, араң дегенде 3 суткадан кийин эсине келди дегенине кантип ишенебиз? Себеби, "Московский Комсомолец" гезитине аталган жол кырсыгы боюнча маек берген Токмок шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Али Ладжаров да маек берип, шаар мери калп айтып жаткандыгын ачыкка чыгаргандай болду. Врач өз маегинде: "Около трех часов ночи с 15 на 16 августа к нам действительно привезли двух молодых людей - мужчину и женщину. С их слов и со слов сопровождающих, они попали в аварию. При поступлении им была оказана первая медицинская помощь, но их жизням ничто не угрожало. По настоянию родственников и сопровождающих эти двое были перевезены в Бишкек"- деп көзгө сайгандай так айтып жатат. Бизди таң калтырганы, мэрдин уулу кайсы учурда эстен танганы болуп жатат. Кырсык болгон соңбу же Бишкекке келаткан жолдонбу? Же реанимация бөлүмүнө түшөөрү мененби?
Мындан тышкары, жол кырсыгы катталганда "сводкаларда" алгач Азамат айдаган "Тойота Ленд Круизерде" мамлекеттик 1250 BS номери айтылып келсе, арадан аз убакыт өткөн соң, анын ордуна таптакыр башка S 2662 V номери пайда болуп калды. Көрсө, алгачкы 1250 BS мэрияга тиешелүү мамлекеттик номер экен. Эгер, аталган номер "сводкалардан" жок кылынбаганда Азамат да, атасы да эртеби, кечпи, баары бир мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек болмок. Себеби, "эмне үчүн мэрияда иштебеген Азамат мэрияга тиешелүү мамлекеттик номерди менчик машинесине тагып алып, айдап жүрөт?"- деген ыңгайсыз суроону атасына укук коргоо органдары бергенде, ал эмне деген жоопту кайтармак? Бирок, кызыгы мэрияда иштеп, бирок аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкердин айтымында, Бишкек мэриясынын балансында бир дагы "Тойота Ленд Круизер" машинеси жок экен. Демек, жогорудагы номер тагылган "Тойота" мэриянын балансында жок болсо, анда эмне менчик машинеге эле Азамат мамлекеттик номерди тагып алып, көчөлөрдө зуулдатып келген болобу? Эгер, ушундай болсо, анда албетте бул көпчүлүк МАИ кызматкерлери үчүн жаңылык деле эмес. Себеби, менчик унааларына мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз тагып алып, көчөлөрдө атайы зуулдатып айдагандар жок эмес. Анын үстүндө, 12 саны башталган мамлекеттик номерлер мэрияга эле эмес, Улуттук коопсуздук кызматына да тиешелүү экендигин МАИ кызматкерлеринин бары эле билип, аталган номерлүү машиненин айдоочуларын токтотууга оңой менен даай алышпайт. Бирок, ата-бала аталган номерден оңой эле арылганын азыр көрүп турабыз, анын үстүндө машине да таанылгыс болуп күйүп кеткен экен.
Шаар башчысынын баласынын "авариясына" байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (жол коопсуздугунун эрежесин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Эгер аталган берененин 3-пунтктуна көңүл бура турган болсок, "бир канча адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрү 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат"-деп даана жазылып турганын көрөбүз.
Бирок, тергөөнүн расмий версиясына ишенсек, Азамат Өмүркуловду анын ден-соолугуна байланыштуу суракка алуу мүмкүн болбой жатыптыр. Ал эми анын жанында олтурган Жибек Кожобердиеванын суралып-суралбагандыгы белгисиз.
Неси болсо да, кокус баласынын күнөөсү далилденип кала турган болсо, аны атасы камырдан кыл сууругандай сууруп алса, анда өлгөн балдардын арбагы кечирбери бышык. Соңку маалыматтарга таянсак, Иса Өмүркуловдун уулу Азамат азыркы тапта өлкөдө жок экени айтылууда.
Бактыгүл Бактыбекова

"Люди нужно учиться, учиться, и учиться, чтобы стать грамотным и не позорить свою страну, не тратьте свою молодость на безцельную ходьбу по улицам, ведь будущее страны в наших руках, так давай те же поможем стране. Наше время небезграничное, используйте его с умом..."
(Алтынай Турусбекованын интернет баракчасындагы акыркы жазгандарынан. 1 август, 13:44)

Акыркы кабарлардан…

Шаар башчысынын уулунун күнөөсү аныкталды
Гезитибиз басмаканага кетип жатканда, аталган жол кырсыгына байланыштуу жаңы жагдайлар ачылып, иликтөө иштери аяктап калгандыгы маалым болду.
Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына "Тойота Ленд Круизердин" айдоочусу күнөөлүү деп табылган. Себеби, ал "встречный полосага" чыкканы аз келгенсип, кагылышууга аз калганда "тормоз" тепкенге да аракет кылбагандыгын жана аталган иш боюнча ИИМдин басма-сөз кызматынын жооптуу кызматкери, полковник Бакыт Сейитов мындай деп билдирди:
"Учурда бардык тергөө иш-чаралары аяктап, тергөөчүлөр госпиталда дарыланып жаткан Бишкек шаарынын мэринин уулу Азамат менен сүйлөшүп да бүтүштү. Жакында А.Исаев ооруканадан чыгаары менен ага расмий түрдө айыбы коюлат".










кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«