Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Жалгыз дарак түбүндө

ӨТ
Бүгүн "Ата Мекенде" Текебаевдин таскагы да мурдагыдай эмес. "Жеке адамдын керт башына сыйынууну токтотуп партия ичин демократташтыруу" керек экендигин айтып чыккан Чүй, Талас, Нарын, Ыссык-Көлдүк "атамекенчилердин" талабынан кийин партия ичинде араздашуулар ырбап, аттуу-баштуу деген соратниктери туш келди туураланып кетип, Өмүкең кокойуп эле жалгыз калгандай.

Башында, "тетири сийип, бейбаштык кылып, баш ийбей кетсе, ушулар эле кетет болуш керек" дегенсип, кысымды Өмүрбек Абдырахманов, Кубатбек Байболов, Равшан Жээнбековдор тарапка жасап, аларды партиядагы "кабаанактарга" талатып, айрымдарын партиядан чыгарып катуу жаңылган шекилди. Анткени, ""Ата Мекендин" "кожоюунун" тизеге чаап мүдүрүлтүп, "мүйүзүн" зыркыратып, душманчылык кылгандар" так жүрөктүн толтосунан, эң ишенимдүү делген катардан, "политбюродон" чыкты. Партиянын төрагасынын биринчи орун басары Болот Шерниязов, дагы бир орун басары Эркинбек Алымбеков Текебаевди президенттикке көргөзгөн курултайга келбей коюшту. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын көбү жеке кызыкчылыктарга берилип (Б.Калыевге кол койгондордон башка кызыктары да бар экени айтылууда), башка саясый күчтөрдүн тегирменине суу куюда. Аларга караганда куугунтукталып жүргөн "америкалык атамекенчилер" сыпаагерчилик кылып, курултайга катышып, колдомуш болушту. Душман көзүнө сыр алдырбайлы дешкени эле болбосо, аларың деле "Чиркешович" үчүн чимирилип түшүп кыймылдаар түрлөрү жок.
Болот "Шер" тууралу; "регионализмге", "жердешчиликке" берилип, Ө.Бабановго, Р.Отунбаевага болушумуш болуп, жүрөт. Баягы түштүк окуясы каралган сессияда убактылуу партиядан чыктым дегени бекер эмес. Ал Шер жөнүндө азыр анын дагы деле Бабанчиктен бирдемке үмүт этип атканы, акча үчүн, Өмүкең эле эмес турмак "атамекениңди" садака чапканга даяр" деген сөздөр айтылууда. Эркинбек Алымбеков дагы "Бабанов акталсын деп кол койуп берип, 20 миң доллар алгандыгы (Ө.Абдырахмановдун айтымында), тууганы Б.Абдырахмановду "Манас" аэропортунун директорлор кеңешине эптеп кайра алып келип (бийлик башындагылар менен келишип, аларга күнкөр болуп), ошон үчүн курултайга келбей койгону, өткөн шайлоодогу ШОУ үчүн берилген акчанын 38 миң долларын да жеп алып, курултайдан көлдүктөр талайт деп, качып келбей койду… Дагы-дагы толгон токой акча махинациялары тууралу кептерден баш адашат, эй…
Ошентип, баягы Бакиевдин заманындагыдай бакылдаган "Ата Мекен" азыр бөлөктөй… Ишенимдүү делген соратниктеринин ишенчилигинен кеткен или-дери Өмүрбек Текебаев кимге таянаарын билбей, абдырап турган кези. Анын жанында "мойнунан байлаган иттей" болуп, илең-салаң, иштемиш этип күн көргөн Р.Төлөгөнов, Т.Мадылбеков, чын дилден кызмат этүүгө даяр, бирок чамалары чарк А.Сасыкбаева менен Ж.Сапарбаевден башка жан жок калган бейм. Андайда айласы куруган Ө.Текебаев ары чаап, бери чаап тилектеш издеп, сагаалабаган партия калбай, кечээ жакында эле "штабымды башкарып бер, министр кылам" деген Жекшенкуловдон аткез жооп алып, ого бетер айласы куруп турган кези. Жада калса, баягы "Акжол" заманында, "Ата Мекен" БОМЖ болуп талаада калып, Жекшенкуловдун атасынын үйүн батирлеп калган кезде, жанынан чыкпай караан болгон Карышкыр саясый серепчи Сабыр Муканбетов) да "ТЕКЕГЕ тойдум" деп баса бериптир дейт. Азыр Өмүкеңдин кашында, Эшимкановдон башка эртели кеч, эрмектешип, ушакташаар жан жок калып, "Мелиске жолобо" деп чатак салган жубайы болсо нервин бузуп жаткан кези дейт.
Атак-даңкы, тарыхы бар, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары көз жарган "Ата Мекен" партиясынын партия болуп жаралып, 18 жыл өмүр сүрүп келиши, тикелей Өмүрбек Текебаевге байланыштуу десек жаңылышпайбыз. Б.а. Текебаевсиз "Ата Мекен" партиясын элестетүү кыйын. Эртең Текебаев баса берсе партия жок болуп да кетеери шексиз. (Деги эле Кыргызстандагы партиялардын баары лидерлердин аброю, аракети, акчасы менен жашап келе жатканы бештен белгилүү - ред.)
Бирок, бүгүн эми минтип, ошол партияга тирек болуп келген лидердин кесепетинен партия ыдырай баштаганы кандай? Серепчилердин баамында, мунун себеби, демократия баалулуктарын туу тутуп келген "Ата Мекен" партиясы ички турмушунда авторитардык, диктатордук принциптерди карманып, Ө.Текебаевдин айтканы айткан, дегени деген болуп келгендигинде экени айтылууда. (Бийлик үчүн айгышкан кыйың кезеңде, бул кош стандарттуу жүрүм турумга кайрылуу актуалдуудай сезилген эмес - ред.)
А чынында эле Ө.Текебаев замандын талабын туура баамдай албай, көнгөн адатынча өзүм билемдик кылуусун улантам деп, тилектештеринен айрылууда. Үстөмдүгүн сактап калуу ниетинде, партиянын жогорку органдарынын 70-80%ын жалаң өзүнүн жек-жааттарынан, жердештеринен курап алды. Шайлоолордогу добуштардын 90%ын түндүктөн алып жатып, партиянын депутаттары менен башкаруучу органынын көпчүлүгү түштүктөн болуп жатышын баамдаган "атамекенчилердин" арасында кызуу талкууну жаратып, партия лидерине карата нааразычылыктар күч алууда.
Президенттикке талапкерлигин коюп, "аламанга" аттанган Текебаевдин түштүк жергесинде шансы анча эмес экени башынан белгилүү. Серепчилер, түндүк электоратынын да ӨТтөн айный баштаганын айтып, аны партиянын ичиндеги түндүктүк лидерлердин маанайы менен, жогорудагы айтылган ички ырк келишпестиктерге такоодо. Дагы башкалар, шайлоо алдындагы түндүк-түштүк маселесинин курчушу менен байланыштырып, электораттын "өз улагынан Теке салмай" кызыкчылыгына оогонуна байланыштырууда. Бу да бекеринен болбосо керек. Анткени, акыркы кездерде, түндүктүктөр арасында; "атамекенчилерге" добушубузду эки-үч ирет жакшы эле салып бербедикпи, өзүлөрү жыйнап алыша албаса кантели, буларга ишеним арткандан "толк" жок болуп жатпайбы, өз туугандарына кадыры жок күйөөбаланы жакшы эле эркелеттик, жетишет, өз балдарыбызды деле ойлойлу да" деген кептер да кеңири айтылууда.
Мына ушундай, колдоочулар абдан таңсык болгон кырдаалда, тобокелге бел байлап, Ө.Текебаев президенттикке аттанды. "Акча каражаты табылды" деген жылуу сөз менен жер-жерлердеги "атамекенчилердин" жүрөгүн жибитип, штабдарды жандандырууда. Акчаны, "Алмазга жакшылап бут тосуп, кулатып бер" деп, кошелегу калың кайсы бир баурдас берген имиш. Өткөн шайлоодон өөнөп калган анча -мынча тыйын тыпыры менен, "революциянын үзүрүн көргөзбөй, кидать этти" деп, ансыз да Атамбаевге ор казып жаткан Өмүкең, Алмазга каршы ким менен болсо биригүүгө даяр болуп калгандай.
Кечээ эле анын айланасындагы чыракты айланып, түнкү көпөлөктөй чимирилип жүрүшкөндөрдүн кептерине кулак төшөсөң, "өзүнүн, президенттикке өтпөсүн сезе баштаган ӨТ, шайлоону бизнес катары гана карап, акча жасап алууну көздөөдө" деген сыяктуу кептер арбып бара жатканы байкалат. Андайда "Ата Мекендин" лидеринин бул багыттагы бизнеси бир топ акчаны сапыраарын сезген "тилектештери" бир нерсе илип калалы деген ниетте тургандар байкаса, андан ашыргандары илгерки, кара пиарды жандандырууну көздөп жатат. Арасында "алимент кестирем" дегендер да бар дейт, ай…
Ногойбай Султанов




  Жумуртка же тоок…

Акунбу же акыйкатчыбы?
Айтылуу акыйкатчы Турсунбек Акун аз күн мурда ар кандай мамлекеттик иш-чараларда өкмөттүн жана президенттин протокол кызматы аны эч нерсени чечпеген майда аткаминерлердин арасына олтургузуп коюп жатканына катуу кейиди.
Акундун айтымында, протокол кызматы акыйкатчынын кызматы мамлекеттеги маанилүү кызматтардын тепкичине карата Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматына барабар экендиктеринен кабарлары жок же атайылап өлкөнүн башкы укук коргоочусунун ордун таанышкысы келбегендей мамиле жасап жатышат.
"Бул деген протокол талаптарын эле эмес, расмий этиканы да бузуу болуп саналат. Акыйкатчынын кызматы - жогорку конституциялык кызмат экендигин белгилеп кетким келет"- дейт Акун.
Эгер өлкө бийлигинин башындагы президент менен өкмөт акыйкатчыга карата мындай кайдыгер мамиле жасап, аны жандарына жолоткусу келбей жатышса, башкалары анын сөзүн угуп, оңдурмак беле? Деги эле мындай "өгөйлөтүү" мамилеси акыйкатчылык кызматкабы же Турсунбек Акундун өзүнө байланыштуубу? Буга президенттик аппарат менен өкмөттөн жооп берчүлөр бардыр?




  Ой, тобоо!

Кубантпаган Кулматов эле калды эле
Кыргызстандын экономикасына олчойгон акча түшүрчү бажы постун мыйзамсыз ээлеп келгендиги билинсе да, "кабагым, кашым"- деп койбогон, кыргызча жакшы сүйлөй албаган Кубанычбек Кулматовдун күтүүсүз жүрүштөрү көпчүлүктүн кыжырын кайната баштады. Себеби, 6-сентябрь күнү Кубанычбек мырза Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бажы постун Нарын облусунун ичине карай жылдыруу зарылчылыгын айтып чыкты.
Кулматовдун айтымында, бажы постун өлкө ичине карай жылдырып, кайра жаңыртып куруу үчүн Кытай тарап 1 млн. 250 миң доллар бөлүп берип коюптур.
"Мурда Кытайга жерибизди берип жатышат, ушундан улам "Торугарт" бажы посту өлкө ичине жылдырылып жатат дешкени - айрымдардын саясий спекуляциясы. "Торугарт" өтө жогорку бийиктикте жайгашып, жердин кыртышы 2,5 метрге чейин тоңуп калат. Ушундан улам, биз жылдырып жатабыз. Кытай тарап да өздөрү жактагы ушундай бажы пунтктун 160 километрге төмөн түшүрдү"- дейт элди кубантапаган Кулматов.
Эске салсак, 2010-жылдагы апрель окуясынын алдында Нарын облусунун тургундарынын нааразычылык акцияларга чыгуусунун бирден бир себеби болуп, дал ушул "Торугарттын" ичке карай кирүүсү болгон. Кийинчерээк эл арасын Бакиев бийлиги Каркыраны бүтүп, Ак Сайды да сатып жибериптир деген каңшаар аралаган. Бирок, ошол кезде эл козголуп, сактап калышкан. Кытайларга жерибиз сатылып кеткен деген ушактарга ишенбейин десең, азыркы бийлик да кудум эле Бакиев саясатын аз-аздан үйрөнүп, алардын айрым ыплас иштерин кайталап жаткандай элести жаратып, кайра эле бажы посттун жылдыруу аракетин көрө башташты. Эмне, эл кайрадан көтөрүлүшүн булар каалап жатышабы?









кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«