Экспанция…

Ноктоо.
100 млн. юань. Кыргыз жери
Өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаева мөөнөтү аяктап бара жаткан мезгилде "бир жылаандын" башын чыгарып койду. Болгондо да заарлуу ажыдаардын башын чыгарды бейм. КР президенти өткөн аптада (2.09.2011-жыл) Кытай Эл республикасынын Үрүмчү шаарында болгон иш сапарында "Кыргызстан өзүнүн кен байлыктарын биргелешип иштешкенге кызыктар жана биздин өлкө улуу жибек жолунда жайгашкандыктан, ошол жолду улап темир жол курууга да ынтызар" деди. Президенттин бул сөзү "2009-жылы качкын Данияр Үсөновдун Кытай тараптарга Жетим-Тоо, Сандык кендерин берип, акысына "Кытай-Кыргызстан" темир жолун куруу үчүн "темир жол курулушу үчүн кен байлыгын алмашуу" деген чыккынчылык ураанынан улоо эмеспи?" деп элейгендер андан көп. Бул маселе терең аңдай албаган адамга пайдалуудай эле сезилет. Бирок, иштин оо жайына үңүлүп кирсең, ажыдаар дегендин башы ушул жерде уюп жатат.
Деги эле Кытай - Кыргызстан темир жолу биз үчүн керекпи? Тыйындай да пайдасы жок. Бул темир жол Кытайлар үчүн гана пайдалуу. Дүйнөнү арзан товары менен басып, экономикасы гүлдөп, 2020-жылы долларды эл аралык валюта катары рыноктон сүрүп чыгарыш үчүн кам көрүп келе жаткан Кытай үчүн гана керек, бул темир жол. Болгондо да Кытай компаниялары Жетим Тоо кенин, Сандык алюминий жана башка кендерди сырье түрүндө тартып кетүүнү көздөшүүдө. Жетим Тоо темир кенинин арасында марганец, кремний, Сандык алюминий кенинин арасында рубидий, потаж, каучук соодасы сыяктуу баалуу заттар бар. Кытай тараптар темир, алюминий менен жогорудагы заттарды кошо ташып кетишээри турган иш.
Кокус темир жол курулса, Кыргызстандыктар өндүргөн товары жок болсо, анда эмне 20 жылдан бери айдалбай кысыр калган берекелүү жердин куурайын ташыйбызбы? Ал эми Кытай тараптан арзан товар ташыш үчүн бизге авто унаалар эле жетиштүү. Ошон үчүн 600 миллион долларга Бишкек-Торугарт авто шоссе жолу кеңейтилип, реабилитацияланып жатат го. Маселенин бул бир жагы, эми экинчи жагына келели. Глобализация араанын ачып турганда Кытайлар жылма экспанциясын небак баштаган. Анын белгилери булар.
1. Кытайлар базарларды өзүнүн товарлары менен толук ээледи.
2. Өз таасирин арттыруу үчүн Кыргызстанга акчалай жана товар түрүндө жардам берип жатат.
3. Кыргыз кыздарына үйлөнгөн Кытай жараны өзүнүн өлкөсүнө жакталып жардам берилет.
4. Бишкек жана ири шаарларда Кытай тилинде жазуусу бар жарнактар илинген коомдук тамактануу жайлары көбөйдү.
5. Жогорку окуу жайларда Кытай тилиндеги жана Конфуцианство сабактары киргизилди.
1933-жылы Германияда А.Гитлер бийликке келгенде "чү" деген эле жерден Европа мамлекеттерине эң ири кеңдикте автобандарды куруудан баштаган.
1949-жылы Кытайда революция болоору менен азыр Синьцян Уйгур автономиясы, бир кезде чыгыш Түркистан аталган аймактын борбору Үрүмчү шаарына темир жол курууну башташкан. Темир жол катнашы жок кезде Чыгыш Түркистанда 77% Уйгурлар, 7% Хан тукуму ( Ханьцы) жашашса, темир жол байланыш түзүлгөндөн кийин Хан уруулары 44%га жеткен. Азыр ушул Хан-Кытайлар жергиликтүү уйгур элинин үстүнөн камчы ойнотуп турушат. Кезинде падышалык Россия да өзүнүн үстөмдүгүн толук орнотуп Орто Азия, Сибирдеги жашаган элдерди кың дедирбей башкарыш үчүн жана ал жердеги кен байлыктарды ташып кетүү максатында 19-кылымда эле темир жол курууну баштаган. Бир аз жыл мурда Түрмөнстан менен Тажикстан коңшулаш Иран мамлекетине темир жол салышып, андан ары Жер Ортолук деңизине -Перс булуңуна чыгабыз дешкен. Бирок, алардын кыялы ишке ашкан жок. Ал темир жол азыр өлүү бойдон калды. Ошол сыяктуу Кытайлар кыргыздын кен байлыгын тартып кеткенден кийин ал темир жолдон бир да поезд жүрбөй калышы мүмкүн. Кыргыз бийлиги Кытайлардын картасына гана ойноп жатат. Р.Отунбаева Үрүмчү шаарына барганда Кытай бийлиги дароо 100 миллион ЮАН грант бере салды. Бул Кытай тараптын президенттик шайлоо алдында премьер министр жана президенттикке талапкер А.Атамбаевге ноктоо салган амалы эмеспи?
Ушуга байланыштуу башка мисалдарды келтирели. Америка материгинде жайгашкан мамлекеттер Европа Азия өлкөлөрүнө темир жолсуз эле аба жана деңиз жолдору менен алака түзүшүүдө. Европадагы Улуу Британия, Азиядагы Япония, Индонезия арал болгондуктан аларда чоң метериктер менен темир жол катнаштары жок эле өнүгүп жатат. Инд жана Тынч океандын ортосундагы Австралия материги Америка, Азия, Европа материктери менен аба жана деңиз жолдору менен эле сопсонун катнаш жазашат. Аларда башка материктеги өлкөлөр менен авто жол да темир жол да жок, бирок, булар дүркүрөп өнүгүп жатат. Сөзүмдүн бир татым тузу кем болбосун дагы бир мисал - Азияда жайгашкан Сауд Аравия, Катар, Кувейт, Араб эмиратынын ортосунда бири-бири менен жана тышкы башка өлкөлөр менен темир жол катнаштары таптакыр жок, бирок элдери байма-бай жашап жатышат. Кечээ жакында НАТО блогу талкалап таштаган Ливия мамлекети сырткы дүйнөнү мындай кой, өлкөнүн ичинде бир километр темир жолу да болбогон. Бирок, калктын жашоо деңгээли жогору болгонун эч ким тана албас.
Кыргызстандын Англия, Америка, Канада, Япония, Австралия, Сауд Аравиясына караганда артыкчылыгыбыз Европа, Азия менен авто жол катнашыбыз бар.
Кытай - Кыргызстан темир жолун куруу жөнүндө бийлик көтөрүп жаткан маселеге бир эле журналисттер эмес, жалпы эл ойгонуусу керек. Кытай - Кыргызстан темир жолу үчүн Кытайдын "Эксим банкы" 2 миллиард доллар өлчөмүндө насыя берип, ошол насыяга кыргыз бийлиги жолду курууга ынтызар болуп жатат. Бул неси? Кыргызстандын бийлиги улуттун келечегин эч качан ойлошпостугу, тек өздөрүнүн чөнтөгү калың болсо болду дегендериби? Адатта бийликтегилер ооздорунан "инвестор", "инвистициялык климат" деген сөздөрү түшүшпөйт чиркин. Тигине, андай көрүнүштөрдүн бири болуп Таш-Көмүр шаарында (союз мезгилинде курулган, дүйнөдөгү эң уникалдуу) "Кристалл" заводу Кыргызстандын паракор бизнес бийлигинин жана ыплас инвесторлордун кесепетинен бир жылдан бери иштебей турат. Натыйжада жүздөгөн адамдар ишсиз калып тиштеринин кирин соруп калышты. Далай такшалган адистер аргасыздан жер которуп кетишти… Кыргыз өз тагдырын өзү гана чечиш керек. Кытай мамлекети эмес.
Эскерте кетсек, темир жол вагондору бир эле жүргүнчү жана товар ташуучу эмес, анын башкы максаты - согуштук куралдарды, аскер күчтөрүн ташуучу стратегиялык маанидеги транспорт да болуп эсептелет.
Жолдошбек Токоев