Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Китеп текчеден
Кандай жыргал жүзүн көрүү сулуунун...

Бу жалганда адил жашоо жок окшойт,
Жерди кордоо, а жер болсо унчукпайт.
Эч болбосо үзүп кетип бир гүлүн,
Тирүүлүккө келген адам кур чыкпайт.

Бу жалганда бейкам жашоо жок экен,
Тынч жүрсөң да ушакчылар жан койбойт.
Оо дүйнөлөп ооруп жатсаң төшөктө,
А кошунаң токол алып, той тойлойт.

А жалганда жаман жашоо дагы жок,
Ар бир күнү куттук айтат Улуу күн.
Өксүгүңдү, өкүнүчтү унутуп,
Кандай жыргал жүзүн көрүү сулуунун.

Каныбек Иманалиев




  Акыл казынасынан

Бардыгы сенин колуңда
Бир даанышман экинчи даанышмандын атын алыстан угуп, аны кантип сөзгө жыксам экен деп өзүнчө көпкө ойлонот. Күндөрдүн биринде акылына бир ой келет.
"Мен бир көпөлөктү кармап, аны алаканымдын арасына катам да, "колумдагы көпөлөк тирүүбү же өлүкпү?"- деген суроо узатам. "Тирүү десе, мыкчып өлтүрүп, өлүк дейм, өлүк десе, кое берип, тирүү"- деп сөзгө жыгам.
Даанышманга келип, жогоруда ойлонгон суроосун берет.
Ал болсо, ойлонуп туруп: "Баары сенин колуңда"- деген өзүнүн кыска жана нуска жообун узаткан экен.




  Махабаттагы "нокаут"

Кличко
"негритянканы"
сүйүп калып…
Мушкер Кличколордун кичүүсү Владимир спорт дүйнөсүнүн эле эмес, шоу-бизнестин да көңүл борборунда келген маанилүү фигуралардын бири. Себеби, ал кыз жандуу келип, өзүнүн курбу кыздарын булгары мээлейдей эле тез-тез алмаштырып келгенине көпчүлүк күбө болуп келет.

Айталы дегенибиз, 35 жаштагы Владимир акыркы мезгилде (мурдагыларынын баарын жаза берсек гезит бети түтчүдөй эмес) өзүнөн 13 жаш кичүү америкалык актриса Хайден Панеттьери менен бойлору туура келбесе да (Владимирдики 198 см. болсо, Хайдендики болгону 155 см.) жылдыздары келишип, кыз жигит болуп жүргөнү маалым эле. Тилекке каршы, эки сүйүшкөндүн жер шарынын эки башка жеринде жашоосу (бири АКШда, экинчиси Украинада же Германияда) экөөнүн тез-тез жолугушуп, сагынычтарын таркатып турууга тоскоолдуктарды жараткан окшойт.
Анын үстүндө, Кличко Нью-Йорктогу ресторандардын биринен кара терилүү "кара пантерраны" кезиктирээри менен жүрөгү солк этип, ага карата жаңы сезимдер ойгоно баштайт. Капысынан жолуктурган айымы көптөгөн журналдарга көрк берип келген 27 жаштагы супер модель Джессика Вайт болуп чыгат. Ошентип, Владимирдин жүрөгүн Джессика нокаутка кулатаары менен не бир деген кызыктуу күндөрдү, не бир деген табышмактуу түндөрдү бирге өткөрүп жүргөн кези. Ал ортодо Кличконун машыктыруучусу "кыздар менен күндүз бирге болсоң да, түнкүсүн боло көрбөчү. Эмесе алсырап, рингке чыккан атаандаштарыңа жеңишти алдырып ийесиң"- деген кеңешин ортого салып келет. Ал эми Владимир ага болбой эле ай-чырайлуу айымдарды көргөндө акылдан адашып, машыктыруучусунун кеңешине эмес, аларга кантип жакындап кеткенин эртеси таң атпай байкайт экен.








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??