Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

АЗГЫРЫК
СЕЗИМ
(Повесть)

Капарбек СӨЛПИЕВ

(Уландысы.
Башы өткөн санда)

Айылга сыйбай калгансыдым. Жүрөгүм эле алып уччу болду. Белгисиз, алыс жактарга кетким келчү. Ээн, эч ким жок улуу тоолор арасында жашасам деген ойго бекем берилип алдым.
- Апа, Бишкекке барып... иштесемби дейм. Атам макул болоор бекен? - дедим бир күнү.
- Өзүң билесиң да, кызым. Атаң эмне демек эле? Алты саның аман, сак-саламат жүрсөң эле болду. Ушунун өзү - бизге канимет.
- Кимдин үйүнө барып, баш калкалайм? Жумушка орношо аламбы? - деп түйшөлө бердим көңүлүм жай таппай. - Тааныштарым да жок!
- Майрамкандын үйүчү?
Ал апамдын карын бөлөсү боло турган. Бишкекте жашаганына аз да эмес, көп да эмес жыйырма жылдай болгон экен. Айылга келген сайын биздикинде конок болмоюн кетчү эмес.
- Макул дээр бекен?
- Кур дегенде бир ай батыраар. Жумуш тапканча жардамы тийбей койбос. Кийин өзүң башка жай издеп көрөсүң да.
- Туура айтасыз, апа!
Мен жолго чыгууга камына баштадым...

* * *
...Майрамкан эже мени жылуу тосуп алды. Эртеси күнү эле өзү ашпозчу болуп иштеген ашканага жумушка орноштуруп койду. Тамак-аш ташуучулукка, айтылуу "Дордой" базарына.
Ушул жерде иштеп жүрүп, Эрмек аттуу жигит менен тааныштым. Ага, буга чейин күйөөгө тийгенимди жашырып олтурбай ачык эле айттым. Кийин баары бир ачыкка чыкмак да.
- Мен дагы мурда үйлөнгөм. Бирок, алты ай гана жашаган элем, - деди ал.
Эрмек аталаш агаларына шым сатууга көмөктөшчү. Анын тигүү цехи, контейнери бар экен. Таалим-тарбиялуу, ыймандуу эле жигиттей көрүнгөн. Ага турмушка чыксам чыгайынчы деген бүтүмгө да келип калган элем. Бирок...
Бир күнү ал мага:
- Конок үйүнө барбайлыбы? - дебейби.
- Эмне үчүн? Каерге?
- Мен өзүм табамын да. Сөз бар, Сүйлөшөбүз. Ээн-эркин дегендей. Бул жерде жарытып деле сырдаша албай жатпайбызбы.
Мейманкана жөнүндө менин эч кандай деле түшүнүгүм жок болучу. Коноктор жатчу жай деп эле элестетип жүргөм. Көрсө... ал таптакыр башка жер турбайбы...
"Ош" базарынын айланасында конок үйү дегениң толтура тура. Ошолордун бирине бардык. Кайсы көчөдө экени эсимде жок. Кызыкпаганым да чын. Эми ал жайдан эмнелерди гана көрбөдүм дейсиз. Солуктап ыйлаган, акыштанган эле үндөр. Жаш көчөттөй болгон, эне сүтү оозунан кете элек кыздар жүрүшөт. Студентпиз дешти.
- Ата-энебиз айылда. Акчабыз жок. Кийинип-ичинүү керек. Айласыз ушул ишке барып жатабыз, - дешип актанышты алар мага.
Кызык. Эки жигит бир жапжаш кызды жалдап барышыптыр. Түнү бою экөө тиги көчөт кыздын эсин эки кылышты окшойт. Анткени, "болду, болду" деп бечара кыз жалынып эле жатты...

* * *
...Жашыргым келбейт. Эрмек экөөбүз деле түнү менен жомок айтышып чыкканыбыз жок дечи. Ырахат деңизинде таң аткыча чабак уруп жыргаганыбыз ырас.
"Баары бир буга турмушка чыгам да!" - деп мен ага каршылык көрсөтпөдүм... Таңга жуук экөөбүз тең тарс катып уктап калыппыз. Каалганы каккылап жатышып араң ойготушпадыбы.
...Ошол, ошол болду. Эрмекти экинчи жолу көрбөдүм. Асманга учуп кеткени, же жерге кирип кеткени да белгисиз. Издеп, сурап жүрүп бир кызык кеп уктум. Эрмек... өзү айткандай бой жигит эмес экен. Аялы, бир кызы бар имиш. Оозум ачылып, эсим ооп, эңгиреп эле туруп калыпмын...
Ушул окуядан кийин дагы көпкө чейин жигиттерден жаа бою качып жүрдүм...










кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«