Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Окурмандан ой санаа

Орус бийлиги Кыргызстанды колдойт...
Кыргыздардын революциячыл дымагы дүйнөлүк коомчулукта мамлекетибиздин келечеги тууралуу ар кыл ойлорду жараткандыгы жашыруун эмес. Башканы кой, ушул эле коңшу туугандарды биздин таскагыбыз жактырбай калганы бар. Дагы жакшы, жаңы бийлик "эки тизгин, бир чылбырды колго алып", Алмазбек Атамбаев премьер болгону өкмөтүбүз да шериктеш КМШ өлкөлөрү менен алака-берекени оңдоп салгансыды. Болбосо, Россиянын президенттик администрация жетекчиси С.Нарышкин Бишкекке аттанып, ажосу Д.Медведевдин куттуктоосун айтат беле, айтпайт беле...
Негизи эле Кремльдин атынан келген конокту коомчулугубуз жылуу кабыл алды. Мамлекеттүүлүгүбүздүн 20 жылдык аземине келген С.Нарышкин да Чыңгыз Айтматовдун айкелин ачуу салтанатында кыргыз-орус достугун баса белгилеп жылуу сөз сүйлөдү. Ал эми Премьер-министр А.Атамбаев менен жолугушуусунда өлкөдөгү саясий-экономикалык маселелер, алдыда өтүүчү президенттик шайлоо тууралуу кеп козгошту. Мейман Россия бийлиги Кыргызстанды ар тараптан колдоого даяр экендигин жана өлкөбүздөгү президенттик шайлоо таза, тынч акыбалда өтөөрүнө ишенээрин билдирди.
Албетте, үлкөн мамлекеттин мындай колдоо, ишеним артуусу бир эсе ызы-чуудан чарчаган элибизди жакшылыкка жетелесе, бир эсе Кыргыз өкмөтүнүн да иш-аракеттери майнаптуу, демократиялык маанайда жүрүп жаткандыгын кабарлайт. Кудай жалгап, шайлообуз тынч өткөй эле да, бийликке эл колдогон татыктуусу келгей эле.

Мурат Жакшыбаев,
Бишкек шаары




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«