Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында

Өткөөл мезгилдин президенти 61 жашта
2010-жылы Убактылуу өкмөт "Өткөөл мезгилдин президенти" жөнүндөгү Декретти кабыл алып, аталган документке ылайык, жаңы Конституциянын негизинде жаңы президент шайланганга чейин Кыргызстанда өткөөл мезгилдин президенти кызматы киргизишкен. Өткөөл мезгилде Роза Отунбаевага президенттин ыйгарым укуктары берилген. Өткөөл мезгилдин президентинин кызмат мөөнөтү быйыл жылдын 31-декабрында түнкү саат 12.00до аяктайт.


Декреттин жоболору боюнча "өткөөл мезгилдин президенти эч бир партиянын катарында болбойт, 2011-жылы президенттик шайлоого катышпайт, эч бир саясий күчкө жан тартпайт, калыс жана бейтарап позициядан туруп парламенттик жана президенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылууга милдеттүү" деп жазылган.
Өткөөл мезгилдин президенти эч кандай партияда болууга тийиш эмес, эч бир партияга жан тартпайт, саясий бейтарап турумду ээлеши керек жана парламенттик жана президенттик шайлоолордун таза жана акыйкат өтүшүн камсыз кылууга милдеттүү" деп да камтыган. Бир караган адамга Р.Отунбаеваны туш тараптан курчап койгондой. Бирок, эгемендүү Орто Азия республикаларынын ичинен өз эрки менен кызматын кийинки президентке өткөрүп берүү вазипасы турат. Өткөөл дейбизби, убактылуу дейбизби кандай болгон күндө да Р.Отунбаева эгемендүү Кыргызстандын үчүнчү президенти катары тарыхта калат. Ал эми өз милдетин Роза айым канчалык аткара алды ал тарых сынында айтылаар. Айтмакчы, жума башында Р.Отунбаева 61 жашка чыкты. Биз "Айгай-пресс" гезити да өлкөнүн президенти катары Р.Отунбаеванын туулган күнү менен куттуктап кетмекчибиз…


Жашы: 61 (1950-жылы 23-августта Ош шаарында төрөлгөн)
Адистиги: МГУнун философия факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган
Өмүрлүк жолдошу: ажырашып кеткен
Балдары: кызы Карачач, уулу-Атай, келини-"Отдыхай" телеберүүсүнүн алып баруучусу Евгения Губина
Кошумча маалымат: Роза Отунбаеванын Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти болуп бир жарым жылга, башкача айтканда, 2011-жылдын 31-декабрына чейин шайланаары тууралуу Убактылуу өкмөт чечим кабыл алып, бул тууралуу декрет кабыл алынды. Декрет референдумга коюлат да, эгер эл колдосо, Роза айым Кыргызстандын 3-Президенти болуп калат. Кийинки президенттик шайлоого ат салышууга укугу жок. Роза Исаковна кыргыз, орус, англис, немис, француз тилдеринде эркин сүйлөйт. Философия илимдеринин кандидаты.





Карьералык тепкичи:
- 1975-1981-жж. Кыргыз улуттук университетинде доцент, диалектикалык материализм кафедрасынын башчысы
- 1981-ж. Ленин райкомунун 2-секретары
- 1983-ж. Фрунзе шаардык комитетинин 2-секретары
- 1986-1989-жж. КРнын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары
- 1989-1991-жж.СССРдин Тышкы иштер министрлигинин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын төрайымы
1992-ж. КРнын Вице-премьери
- 1992-1994-жж. КРнын АКШ жана Канададагы элчиси
- 1994-1997-жж. КРнын Тышкы иштер министри
- 1997-ж. КРнын Улуу Британия жана Ирландиядагы элчиси
- 2002-2004-жж. БУУнун Баш катчысынын Грузиядагы атайын өкүлүнүн жардамчысы
- 2004-ж. "Ата-Журт" оппозициялык кыймылынын тең төрагасы
- 2007-ж. ЖКнын депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү
- 2009-ж. Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракция башчысы
- 2010-жылдын 7-апрелинен тартып Убактылуу өкмөттүн башчысы
- 2010-жылдын 20-майынан тартып Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги Президенти.





  Сөз кадырын билгендерге

Сөз атасы өлбөсүн!
Шайлообек агайыбыздын минтип бир айтканы бар: "Акындар эч качан поэзия дүйнөсүн алдаган эмес, алдабайт дагы. Акындар поэзияга аяр мамиле жасагандай саясатчылар дагы ошондой мамиле кылса, заманыбыз таптакыр башкача болмок". Ачык, ак, так сөз.
А ириде алгач сөз болгон. "Сөз улук", 2сөз атылган ок", "сөзүң өлгүчө өзүң өл" деген сыяктуу сөздөр да эл оозунда жөндөн жөн эле жаралбаса керек. Ушул сыяктуу ойлордон улам сөз кадырын баалап, сөздүн улуктугуна биз да таазим этип акындар жүрөгүнөн сызылып чыккан, кара кылды как жарып айтылган ойлордон ортого салуну эп көрдүк.

"Эл, жер үчүн таттуу уйку менен кара жандын жыргалынан кече алса - бул ар-намыс"
(Элмирбек Иманалиев)
***
"Бул ааламда өмүрдөн артык бир нерсе бар.
Алар үчөө - ишеним, сүйүү жана Мекен".
(Абу Али Ибн Сина)


Падышалар

Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,
Көрөйүн дейт, жандагандар көнүшпөйт.
Жолду көрбөй жок болушат акыры,
Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт.
(Шайлообек Дүйшеев)

Тагдырдын тамырсыздык илдетинен калкала,
Ар адамда өз энесинен башка да,
Болуу керек кудуреттүү төрт эне,
Жөлөп тураар, тиреп тураар аркада.

Ал төрт эне:
Туулган жери - түп казыгы айдыңы,
Эне тили - сатылбоочу байлыгы,
Карт тарыхы,каада-салты, тиреги,
Кагып турган көөдөнүндө жүрөгү!
Төрт энеге дилин жалгай албаган,
Пенделердин башы кайда калбаган,
Төрт энени коргобогон элдердин,
Бак жылдызы эч качан да жанбаган.

(Мухтар Шаханов)









кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??