Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Во, жашоо!

Түркмөнстанда 100 миң окуучу
ноутбуктарды белекке алышат
Түркмөнстанда быйылкы окуу жылынынын башталышында мектеп босогосун аттаган окуучуларга өкмөт тарабынан 100 миң даана ноутбук белекке берилээрин Билим берүү министри Г.Мамедова билдирди. Аталган ноутбуктарды сатып алууга жалпысынан 26 миллион доллар жумшалган.
Бизди таң калтырганы, Түркмөнстандын бийлиги газдан түшкөн акчага 1-класстын окуучулары үчүн ноутбуктарды гана сатып бербестен, керектүү канцелярдык товарлар (калем, сызгыч, пенал ж.б.) менен да жабдып беришмекчи.

"Дерьмократия" эмес...
Союз убагында экономикасы, маданияты эң артта калган республика - Түркмөнстан бүгүнкү жашоо деңгээли, социалдык-мамлекеттик колдоо жагынан постсоветтик өлкөлөрдөн озуп чыкты.

Түркмөнстанда азыр калк үчүн газ, туз, суу түтүкчөсү киргизилген үйлөрдө муздак, жылуу суу бекер. Ошондой эле автомобили бар адамдарга айына 150 литр күйүүчү май (бензин, солярка) бекер берилет. Бала бакчалар, орто мектепте билим берүү, медициналык тейлөө үчүн жарандар бир тыйын төлөшпөйт. Тирүү кезинде өзүнө айыл-кыштак шаарларга, көчөлөргө ысмын бердирип, алтындан эстелигин койдуруп койгон маркум Сапармурад Ниязов батыштын бузуку маданиятын, а түгүл интернетти өлкөсүнө киргизген эмес эле. Андайлар азыркы президент Бердымухамметовдун бийликке келиши менен Түркмөнстанда пайда болду. Мамлекеттик реформаларды С.Ниязов чет элдиктердин кийлигишүүсүз эле жасады. Ал "Түркмөнбашы" деп эл атагандай эле иш кылды, тирүү кезинде. Эң негизгиси, ал өзүнүн элин чет элдерге тентишине жол бербеди. Батыш өлкөлөрүнүн улутту деграцияга алып келүүчү батыштын идеологиясын тосмолоп, элдин үрп-адат, салт, менталитет жана башка баалуулуктарын сактап калды. Ириде улуттун рухий байлыгына басым жасады. "Рухнаме" эмгегин мектеп сабактарына киргизилишин кезегинде биздин саясатчылар шылдыңдап жүргөн менен чындыгында эң туура болгон. Элдин рухий байлыгы миң жылдап жаралат эмеспи. Ошол улуттун улуу байлыгын түркмөнбашы кыйрап жок болбосуна жол бербестен, тескерисинче ага камкор мамиле жасады. Жогоруда сөз кылган табигый заттарды калк үчүн бекер берүү демилгеси да С.Ниязовдун демилгеси болчу.
Бизде, Түркмөнстандай газ, нефть жок болгону менен ошого тете табигый байлыктар мол. Бирок, калк анын эч бир убайын көрө элек. Акыркы 20 жылда Кумтөр, Макмалдан 300 тонна алтын казылып алынды. Мунун пайдасын кыргыз эли көргөн жок, чет элдиктер көрүп жатат. Кыргызстан дүйнөдөгү бирден бир суу державасы. Суунун күчү менен иштелип чыккан электро энергиясын да калк өз баасында ала албайт. Түркмөнстанда бирдиктүү энерго системасы совет доорундагыдай эле бирдиктүү бир системада калган, биздикиндей коррупцияга жол берилген чачыранды бөлүктөргө айланган эмес. Себеби, жогоруда белгилегендей Түркмөнстан чет элдиктерге бузуку, кыйраткыч, бүлдүргүч реформа жасаткан эмес...

Жолдошбек Токоев




  Ааламдан азын-оолак кабар

О, Европа!
Өткөн аптада Германиянын борбору Берлин шаарында төрт күндүн ичинде 70 автоунааны белгисиз бирөөлөр өрттөшкөн. Автоунаалар эски, жаңысына карабай короодо, көчөлөрдө турган жеринен өрттөлгөн. Полиция пироманияга эпкиндеген адамдарды издеп шайлары оошуда. Германиянын Канцлери Ангеле Меркел шашылыш жыйын өткөзүп, бул ишти өзүнүн көзөмөлүнө алаарын билдирди. Берлиндеги өрттөн бир апта мурда Улуу Британиянын шаарларынын жаштар тобу көчөлөрдөгү имарат, кафе, аптека, автоунааларды 3 күн бою өрттөп турушканы белгилүү. Британия жаштарынын пиромания оорусу эми Германия жаштарына өтпөсө болду.

Анда демекчи…
19-кылымдын акырында Улуу Британия бүткүл дүйнөгө көз артып көп элдерди баш ийдирип, Афганистанга кол салып нечен жыл согушуп, бирок мизи кайтарылып Афган баатыр эли көз карандысыздыгын 1919-жылы, 19-августта жарыя кылышкан. Дүйнөлүк улуу державаларга чөгөлөп бербеген бул эл (азырда геосаясаттын "полигонуна" айланган) кечээ жакында ошол 92-жылдык көз карандысыздыгын белгилөө күнүндө Талибдер Кабул шаарындагы БУУнун жана Улуу Британиянын дипломатиялык миссиясы жайгашкан имараттарга чабуул жасашып, жардырышты. Жергиликтүү полиция, НАТОнун жоокерлери бул чабуулга туруштук бере алышпады. Натыйжада 13 адам шейит кетип, бир канчасы жаракат алышты. Каза болгондордун арасында бир афгандык полиция кызматкери жана бей капар адамдар, чет элдиктер да бар. Талибдердин чабуулуна Пакистан да кабылды. Ошол эле күнү Пакистандын түштүк батышындагы чакан шаарда жайгашкан мечитте жардыруу болгон. Пакистан бийлиги жакында эле "өлкөнү тазалайбыз!" деп билдиришкен. Мечиттеги жардыруу сыягы ошол билдирүүгө жообу болсо керек Талибдердин.

Кичине кишиден чоң суроо
Израил менен Палестинанын 60-жылдагы чыры, 50 жыл өтсө да, бүтпөс согушу кайра тутанды. 2011-жылдын 18-августуна Газа секторуна (1967-жылы Израил басып алган) Палестиналык чабуулчулар (боевиктер) Египет тарабынан жашыруун киришип, жөөтөрдүн чаңын чыгарган. Алардын бирөөсү Израил аскерлери тарабынан өлтүрүлүп, калган 6сы качып кетишкен. Эми Израил Палестинанын шаарларына карата абадан, жерден бомба жардырууда. Палестиналыктар болсо "Кассам" ракеталары менен алардын мизин кайтарууга далалат кылып жатышат. Израил, Палестина чырын 50 жылдан бери жөнгө сала албаган БУУнун кереги барбы же жокпу адамзатка? дейт экенсиң.

Ногойбай Султанов








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??