Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Азил менен чындыкта

"Чоң казат"
Оо, Токтошту оңой көрбөгүлө
Далайлар буруттардын өлкөсүнө хан болуп эл сүрөйм дешип максаттарын жарыя кылышса да, Таластагы саруу журтунун кызы Үмөталынын кызы төркүлөгөн келиндей көпкө чейин үн катпаганына таңданып жаттык элек, казатка аттанаарын акыркы мүнөттөрдө жарыя кылды. Токтоштун көрө жүргөн казаты эмеспи, кам санабай жүрсө керек же болбосо алыстан келчү алтын дилденин маселеси чечилбей жатса керек.
Бул айымдын чоң казатка атанаары ырас эле иш болду. Буруттардын даткаларын дагы бир топторун жапырып, сапырып жибергенге жарайт. Болбосо Токтайым айымсыз майдандагы эрежени далай эркектер бузушуп, элирип кетишмек. Оо, Токтошту оңой көрбөгүлө, анын алыста зор колдоочусу, бул жерде бей өкмөт уюм деген калың тайпасы бар, нечен казаттарда нечендеген эрлерди ээрден эңип, кыя чаап түшүүчү. Алар жедеп казат өнөрүн өздөштүрүп бүтүшкөн. Башкаларды жайласа жайлашат, бирок Токтайымдын Ала-Тоонун ой-кырындагы бей өкмөт тайпаларынын бирөөсү да казатта жарат алып көрүшкөн эмес. Атүгүл аларды хандар менен ханыша чекеге черткенге даашпайт. Керек болсо бийлик элчилери бөйпөңдөп турушат. Токтайым болсо ушул бийлик элчилерин бөйпөңдөткөн тайпалардын миң башысы. Эр эле болсоң чоң казатта буларга туш келип көр, Азиза азабыңды берип, Төлөйкан төбөңдөн согуп, Динара (Ошурахунова) дилдесин чачып бир заматта калың кол топтоп куралдандырып жиберет.

Оомалуу, төкмөлүү дүйнө, ай…
Кезинде Зулумхандын желдеттеринен жаны чыгып, бала чакасы менен алп кара кушту минип, океандын ары жагына кетип, былтыркы ыңкылапта ооматы кайра келип, өлкөгө башкы жасалоочу болуп туруп, алып сатарлык эски адаты кармай калып бир жөөт менен соодалаша коем деп куту кача түшкөн Байболдун уулу Кубатбек да чоң казат камылгасын көрүүдө экен.Бир кезде береги Бөсбөлтөк каганатына (Чоң-Арык айылы) Солто журтунун Чаадан дегенинен тараган балдары уруусу сол канат Дөөлөс болсо да үч ирээт даткалыкка көтөргөн Кубатбекти. Хан такты меники деп чамынып жатканына караганда Бөсбөлтөк каганатынын беги Кубатбек келген ооматын кармап кала албаганына ичи ачышып жатса керек. "Оомалуу төкмөлүү дүйнө" деген ушул эмеспи. Кубатбектин бери эле дегенде чымчып буума эки капта алтын дилдеси бар дешет. Бул дилделерге кыйла жоокерди курал жарак менен камсыз кылса болот. Атүгүл дилдеге жанкечтилерди да жалдаса мүмкүн болчудай. Кокус жоокерлердин ачуусу келишсе Бөсбөлтөктөн азоо аттар менен төмөн карай түшүшсө, Бишкекти сапырып жибериши мүмкүн. Астапуралла, Аллах өзүң сактай көр!..
Кыйла жылдан бери бийликтен ооматы кетип ыңкылап боло калса эле буруттардын зор турнабайына (УТРК) бара калып, качкан хандарды жамандай салчу Өзгөн каганатындагы Басыз журтунун ажосу Матубраимдин Алманбети да казатка катуу даярдык көрүп, күрүчтөрдү көк эшекке кош арттырып, бул жагы Ала-Бел, Төө Ашуу аркылуу, нары жагы Сары Өзөн Чүйгө, Ысык-Көлгө, Таласка, Көк-Арттын ашуусу менен Тогуз-Торо, Нарын, кайын журту Жумгалга чейин ташытып жатат дешет, жер тыңшаар Маамыттар. Бекер кылат, бу менин күйөө балам. "Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы" демекчи, Чоң казатта чабышып жүрбөй эле Ала-Тоодогу эмес, Кытайдагы Базыс журтунун ажосу болуп жүрө берсе хандык даражадан бийик болмок деп ийгиң келет экен... "Күйөө баланы Пайгамбар сыйлаптыр" дегендей канча кылса да күйөө бала эмеспи, аяп жатпайымбы. Бул ажо талашта же баш тырмашкан бажаларым төкмө акындар Нарындык Токторбайдын Жеңишбеги менен Токтогулдук Иманалынын Элмирбеги, жазма акын Ат-Башылык Дүйшөнүн Шайлообеги Түндүктөн кол топтоп, казатта оң канат болуп берээр деп тобокелге салып жатабы? Эгер ал ушундай деп ойлосо анда казатка чейин Кара-Кулжалык датка Осмондун Курманбеги менен кайын журтту, бажа талашып, кыйла чабыша тургандай болуп калды окшойт.
Эстебес менен Тууганбайдын көздөрү өтүп кеткендерин кара, "алдыраар күнү жаздыраар" болушуп, эгер алар тирүү болгондо Алманбет бажасына зор күч болуп беришет беле, атаганат. Мен да ушуга күйүп ажо Алманбет күйөө баланы чоң казатка кабылбаса деп жатканым, жогоруда.


"Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл" ...
Баштарынан оомат кетип, кайрадан казатка аттанып, "жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл" дегендей, казатта жеңишке жетишпесе да, кой кашка баатырлар менен кызылдай соодалашып, датка болбосо да бир шаарга бек болууну көздөшүшкөндөрдөн дагы беш алтоосу бар. Алардын бири, ордонун башкы калпасы (БШК) болуп жүрүп кечээ жакында даткалар калыстардын калпалыгынан кууп жиберишкен Сарынын уулу Акылбек. Бу калпа өткөн жылы Адахан миң башыны бир топ буркуратты эле. Кокус Адахан хан президент болуп калса түбү - терең зынданга салдырбас бекен. Андан көрө анын калың колуна каршы Сары Өзөн Чүйдүн Солто тайпасын көтөрүп, Ашпаранын суусунан бери өткөрбөй биротоло кырчылдашайын деп жатса да керек.

Ооматы кеткендер…
Ооматы кеткенден ичтерин өрт каптап тургандардын бири Анжияндык Сарбагыш тобунун өкүлү Абылдын уулу Мамбетжунус да бар. Бул адашкан Сарбагыш Зулумханды такка алып келгенге анча деле күч короткон эмес эле, ошентсе да былтыркы ыңкылапка чейин ак түрктөр менен сары түрктөрдө элчи болуп жүрчү. Эми үзөңгүдөн бут тайгандан кийин кимдир бирөөлөр менен соодалаш үчүн же кимдир бирөөлөрдөн кегин алыш үчүн чоң казатка аттанды дейт. Бирок, анын артынан ээрчип кетүүчү тайпасы эмес тобу жок.
Ооматы бир эмес эки жолу кетип, чоң казатка аттанып жаткандардын дагы бири Жети-Кызыл-Өгүздүк Исабектин Кубанычбеги. Кубанычбек мырзанын эки ирээт ооматы кеткени бул. Биринчи ирээт Зулумхандын бийлиги урап, анын "Ак Жол тобу кулап, даткалык даражадан ажыраганда кетти. Экинчи ирээт өткөн жылкы парламент кичи казатында жеңилип калганда кетти, ооматы. Калп айтканда не пайда, Жети-Өгүз каганатынын беги Кубанычбек датка болуп жүргөндө Кумтөрдөгү Сары алтынды кытып эмес, ачык эле уурдап жаткан Канаданын "Центерра" компаниясын кабыштыра катуу сыкты эле буруттардын ордо казнасы менен Жети-Өгүз, Тоң каганаттары кызыл жабыр боло түшкөн. Чоң казаттын экинчи чабуулунда башкы такка келчү эки эрен Кубанычбек менен сүйлөшүп, келишүүгө аргасыз болот да, жеңишке жетишкени ооматы кеткен даткага бир шаардын дарбазасынын ачкычын берип бек даражасын ыйгарат окшойт. Антпесе Кубанычбек казатта жеңер эренге Жети-Өгүз каганатынын тайпасын кошунуна кошпой коет.
Көп жылы буруттардын парламентинде датка болуп жүрчү, башындагы чачы гиссар койдун жүнүндөй дүпүйгөн Малинин уулу Арстанбек деген бар эмес беле, ошо дагы кеткен ооматын кайтарам деп Тоң каганатындагы Кыдык, саяк тайпаларынан кол курап турган кези экен. Бул үрпөк чачтын деле дарты мансап. Датка болуп жүргөн кезинде бурутка жарытып иш жасаган эмес. Кур чирендердин бири.

Ал учурда
Буруттар ушинтип хан тактысына кезек талашып жатканда жамаатык коопсуздук келишим уюму (ОДКБ) Астана калаасында шашылыш жыйын курду. Сыягы ЖАККУну түзгөн мамлекеттер "буруттар чоң казатта чек арабызды бузуп, элибизге бүлүк салбасын" дешти окшойт. Ушундан кийин хан тактынын болжолдуу ээси Алмазбек вазир көл калаасын кыдырып, кошундардын маанайын сыдырып чыкты. Көңүлү жай болуп кайтты дейт Көтмалды каганатындагы таш бараңга "алынганына" кайыл болуп. Баш вазир буудандын башын башка каганаттарга бурганы турат. Жоо өңүтүн өзү чалгындаш үчүн.
Асман жердин ортосу уюлган чаң болуп, удургуган шаң болуп, аргымак буудандар кишенип, найзанын учу кылкылдап, айбалта кылыч жылтыдаар чоң казат башталаарына туура 31 күн калды. Кудай сактай көр, жер огунан чыгып, күн тунарып көрүнбөй кетпесе эле болду деги…
(Уландысы бар)
Жолдошбек ТОКОЕВ




  Жыйырма жылкы мурдакы

Жыргалчылык бүгүн жок...
Хан тактыны талашчу,
Калкына күйөөр бири жок


Ээ, атаңдын көрү дүйнө бок,
Жыйырма жылкы мурдакы
Жыргалчылык бүгүн жок.
Хан тактыны талашчу,
Калкына күйөөр бири жок.
Айтпайын десең дил ооруйт,
Айтайын десең тил жооруйт.
Муну мындай таштайлы
Чоң казатка аттанчу,
Сексен үч "баатырдын" курамынан баштайлы.
Буруттун башкы вазири
Бууданды минип алкынтып
Баштайт экен казатты.
Бөрү тил найза колунда,
Болоттон кылыч канында
Ай балтасы жамбашта
Ак келте мылтык жонунда.
Буруттун тагын талашчу
Орустардан экөө бар
Өзүбек, казак, татардан,
Көк жал баатыр бирден бар!
Кытайлардан үчөө бар.
Куудулдардан Борончу
Кадимки Камчы, Жамбылы.
Ардагерден алтоосу
Ачууланып алыптыр
Каары катуу Кошойдон,
Албууттанып алыптыр.
Жыргал заман биз курсак
Жыгылбас өлкө тургузсак
Жыйырма жылдын ичинде
Буларың ач бөрүдөй талашты
Качан элге карашты?
Карып калган убакта,
Кан кыл деп айттым кимиңди? Ханыша экөөң бир болчу,
Берейин вазир жиниңди!
Белден өтүп калганда
Бек кыл деп айттым кимиңди?
Бегиң экөөң бир болчу,
Берейин датка жиниңди! Карылар ушинтип турушат,
Сыягы бир балакет кылышат.
Чоң казатка аттанчу
Иши жок калган талаада,
Каңгып калган калаада.
Ишсиздерден он төрт бар.
Илимпоздон төртөө бар,
Арасында булардын
Кадимки Апас доктор бар.
Остап Бендер жолдогон,
Алдар Көсө колдогон
Ишкерлерден жыйырма бар
Бийлик десе жутунган
Ооматы кеткен бешөө бар
Узун кулак журналист,
Дарс окуган мударис,
Баш аягы ону бар.
Аялдардан алтоо бар,
Арасында алтоонун Опол тоодой олпурлуу
Кадимки бей өкмөт Токтош дале бар.
Буруттардын эрлери,
Алдаркөсө Бендери,
Сундуруп найза салганга,
Айбалта менен кылычты,
Керилип барып чапканга,
Ак келте менен жебени
Мелжеп туруп атканга,
Атаңдын көрү дүйнө тар!










кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??