Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Баягы, Раев

Айкелдерге нааразы болгондор четтен чыгууда
Эгемендүүлүгүбүздүн 20 жылдыгына карата борбордун так ортосуна Манас атабыздын, анын маңдайындагы "Агропромдун" алдына Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулаары маалым.
Тилекке каршы, аталган айкелдерди жасоо үчүн скульпторлор арасында эч кандай сынак жарыяланбастан Султан Раевдин жеке өзү эле чечип койгондугу айтылууда. Өлкөбүздөгү айрым скульпторлордун айтканына кулак төшөсөк, жасалып орнотула турган айкелдердин композициясында жандуулук, таасирдүүлүк жок болуп, бир караган адамга өзгөчө элес тартуулай албайт дешет. Анан калса айкелдерди тургузууга Раевдин сынак жарыялабай сызып койгону көптөгөн ойлорду жаратууда дейт. Мисалы, Спорт ордосунун алдындагы ат көтөргөн адам дүйнөнүн бир да жеринде жок деп айтылып жүргөн (бул эң мыкты эстелик аталып, чет элдиктерди да таң калтырып, тамшантып келет) Кожомкул балбандын эстелиги 2,5 эле миллион сомго салынган делет. Ал эми Манас баатыр менен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелдери 28 миллион сомго турат экен. Эстелик чыны менен эле өз наркына курулдубу дегендер да жөн жатпачудай…
Ногойбай Султанов




  Интернети өчүп, электрондук почталары аңтарылып…

Чындыкка карай
"Алтын асый аргымактын даңкыны алыс ыргыйт" дегендей кийинки кезде (бир жылдан ашык убакыт) өлкөнүн ички саясаты, тышкы күчтөрү, талбай аналитикалык, публицистикалык макалаларды жазып келе жаткан, ошол курч макалалары менен коомчулукка "Калемдин акуласы" ("Акула пера") атка арзыган, 40 жылдык тажрыйбасы бар журналист агайыбыздын үйүн, кимдир бирөөлөр чөнтөк телефондорун тыңшап, интернетине чейин чабуул койчу болду. Мындай детективдүү окуянын башы "Сандык" алюминий кени, Кыргыз-Кытай темир жолунун былыктары чыккандан улам окшойт деп ойлой баштадык. Мындай ой кызматкерлерибиздин өзүнүн аты жөнү менен "Сандык" алюминий кенин иштетүүгө ниет кылып турган АКШнын коргоо министринин экс-орун басары, Дүйнөлүк банктын экс-президенти Пол Вулфовиц жөнүндө жазган макалаларынан кийин пайда боло баштады. Анын интернети хаккердик чабуулга тушугуп, электрондук почталары аңтарылып, өчүрүлүп, компьютер технологдоруна "Касперскийдин системасы" орнотулганына карабай кайрадан бузулуп турат. Агайыбыздын универсалдуу тарифине чабуул болгондон лимитсиз тариф байланышына өтсө да ал да чабуулга дуушар болууда. Эскерте кетсек Жолдошбек Токоевдин маанилүү макалаларын көп учурда орус тилдүү "сайттар кызыкдар болуп ("Айгай-пресске" жарыяланган макалаларга) аны өздөрү которушуп, дүйнөлүк маалымат желесинде илинип турчу. Бул жөнүндө кайсы бийликке билдиребиз? Тек коомчулук сиздерге маалымдап турабыз.

"Айгай-пресс"




  Дүдүң-дүдүң, "дүжүр кеп"

Орозбек Дүйшеев
"Кумтөрдүн"
камчысын чапканда
Кен-байлыктарды иштетүү тармагында биртоп жыл эмгектенген Орозбек Дүйшеев деген аксакалыбыз аз күн мурда кайсы бир маалымат сайтка билдирүү жасап, "Кумтөрдөн" алтын өндүрүү Ыссык-Көл облусуна пайда берет, ал эми цианид экологияга эч кандай зыянын тийгизбейт" деген суу кечпеген оюн ортого салыптыр.
Орозбек аксакалдын мындай сөзүн уккан карапайым адамдар "кантип эле уунун зыяны жок болсун?"- деп жерге түкүрүшүүдө. Эң негизгиси, аксакалдарыбыз карыганда акчалуулардын заказын аткарып, алардын айт дегендерин айта бербей, өздөрүнүн акылындагы омоктуу ойлорун ортого салса кадыр-барктуу болот беле деп кетет экенсиң.




  Житкен октон кууган ок…

Жоробеков "жоро" таппай…
Аз күн мурда Жалал-Абадды дүрбөткөн кадрдык жүрүш болуп, бирок анысы эмнегедир ал өз максатына жетпей калды. Жетпей калды дегенибиз, облусттук милиция башчылыгына Ж.Жоробеков кандай тездик менен дайындалса, кайра ошондой тездик менен иштен алынды. Албетте, Жеңиш мырза жөн жеринен кызматынан айдалып жаткан жери жок. Себеби, ал Закиржан аке бийлик башында турган маалда Чүй облусунун Панфилов райондук милициясынын башчысы болуп туруп, 4 жаштагы кызды зордуктаган жигитти жазасыз эркиндикке кое берип жибергендиги үчүн анда улут аралык жаңжал чыгып, президенттин деңгээлине чейин жеткен соң гана араң тынчыган. Кийин апрель окуясы болуп кеткенден кийин да иштен алынат го деген Ж.Жоробеков Бишкек шаардык милициясынын начальнигинин орун басарлыгына дайындалганда коомчулук өзүнүн каршылыгын ачык билдиргенден кийин, Ички иштер министрлигинин айласы алтыга кетип, аны Чүй облусттук милициянын начальнигинин орун басарлыгынын креслосуна олтургузуп ташташкан. Ошондо, Э.Булекбаев башында турган "Жашылдар партиясы" басма-сөз жыйынын уюштуруп, "мындай адамдардын жетекчилик кызматтарга дайындалып жаткандыгы туура эмес, эгер аны иштен албасаңар митинг-пикетке чыгабыз"- дешкенде тоонун ары жагындагы Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман райондук милициясынын башчылык креслосуна олтургузуп тынышкан. Бирок, бир айдан кийин президенттик шайлоо болот дегенде ИИМ аны кайрадан Жалал-Абад облусттук милиция башчылыгына алып барып, коомчулуктун кезектеги каршылыгынан соң гана өзүнүн кетирген катасын мойнуна алып, башка бирөөнү дайындап олтурат. Бизди кызыктырганы, Ж.Жоробековду кызматтан кызматка көтөрүүгө кимдер кызыкдар болуп жатат? Деги эле ал жогору жактагыларды кандай артыкчылыктары менен кызыктырып жатты болду экен?

Бактыгүл Байтерекова




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??