Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Ой суроо

Эртең эмне болот?
Кыргызстандын бүгүнкү кыйыры абдан эле бүдөмүк. Кезинде өздөрүн убактылуу аташып, реалдуу саясий күчтөрдү таназарына албай, Бакиевдерди каратып туруп колдон чыгарып жибергендери азыркыга чейин ооздорунан токочун алдыргандай абалда келет. Себеби, көпчүлүктүн көөдөнүн эзип турган бул суроо эртеңдерден эл тарабынан кайра көтөрүлөт.
А өлкөдө азыр эмне болуп жатат? Колот-колотко бөлүнүп жеңишке жетпээрин билишсе да башкы такты үчүн "өз короолорунан "кочкор" кошуп жатат. Акаевден ашып калып, Бакиевге батпай калган чиновниктер жүрөт жашоо үчүн күрөшүп. Ойлорунда оңтойу келсе бир портфельди баса калуу.
Азыркы убактылуу өкмөтүбүз "жылаанды чала өлтүрүп", тоголок бийликте өмүр бою тоголонбой калчудан бетер убакыт короткону, мээ короткону "эмне болсоң ошо бол, эптеп мен калсам" принцибин карманып олтуруп, ушул абалды өздөрү жаратты. Андай "камкордукту" реваншисттер катуу пайдаланып, учурда моюнга эмес, чокуга чыгып кеткендерин жашырганда не.
Убактылуу демекчи, биздин "убактылуулар" койкойуп кудум Керенскийдин Эрмитажда олтурган убактылуу өкмөтүндөй декреттен декрет жазып отуруп алышпадыбы, ошондо. Ошол декреттери жыл айланбай, айрылган дептерлердей жыртыла баштады.
Канчалык жашырып жапсак да, ал тургай президент Отунбаева Роза өзү баш болуп 2020-жылга чейин конституция өзгөрбөйт десе да, Обаманы оозунан түшүрбөгөн Текебаевдин "жаңы" Баш мыйзамын эртең бийликке келем деп жулунуп жаткандар эмитен эле өзгөртөбүз деп жатышканын кайда катабыз. Антип арада убакыт улам алга утурлаган сайын мындай "зордукчул" туулган Баш мыйзамга макул эместердин саны көбөйүп барат. Дастан Сарыгулов сыяктуулар ал тургай сотко беребиз деп жүрөт.
… Айла жок кайрадан эске түшөт: 1917-жыл. Кышкы сарай. Керенскийдин кеңсеси. Демократиянын дөөлөттөрүн талашкан либералдар, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Ошол эле учурда отурган жеринен баарын тырпырата басып, аянтка чыга калып, "Социалисттик революция жашасын!" деп жар сала салган большевиктер.
Не болсо да, эмки чечүүчү учурда (30-октябрда) убактылуу өкмөт үчүн эң жагымсыз жаңылык болуп калбаса болду деген санаркоо.
Азыр баарыбыз көрүп билип турабыз. Москва азыр "мен президент болчумун" деп жулунгандардын далайына ишеним артпай турат. Ишенбей турушат. Алар үчүн Москвага ачыктан-ачык жан тарткан чыныгы "пророссийский" лидер болсо куп гана сонун жарашмак, ой. А Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына бул дилемма туура келеби жокпу уруп ойногон жери жоктой. Алар азыр да Р.Отунбаевадан Тимошенко "шүмшүк" Юлияны, Ө.Текебаевден болчок Ющенкону көрүп туру. Демек, орустар деле жөн жатпагандай. Кыргыздын Януковичин караштыргандай. Балким тапкандай.
Неси болсо да эгемендүүлүгүбүздүн желеги дагы бийик желбиреп, түндүгүбүз жерге түшпөсүн. Кайран 90го жакын жигит эмне үчүн каза болгонун унутпасак.
Революция демекчи, өткөндө "7-апрель жаштар кыймылы" эмне үчүн Нариман Тюлеевдин талапкерлигин алып чыгышты? Аны түшүнбөгөн, же түшүнүп турса да түшүнгүсү келбегендердин ичтери өтүп жатканы алигиге чейин басылбай келет. Тигилерго чычаласа жарашат (У.Ө -ред), Ташиевге не жок десең. А балким кыргыз эли бүгүн чыныгы менеджерге суусап жаткан чыгаар. Өлкөнү саздан чыгарчу ушул жигит деп Нариман Тюлеевге үмүт артып жатканы ошондондур…

Нурдин Асанов




  Остап Бендер дегендей...

Президенттикке талапкерлер элди эмне менен алдайт?
Канкор Бакиев 2009-жылкы президенттик шайлоонун алдында УТРКдан Камбар-Ата 2 ГЭСинин курулушун күнүнө 10 маал көрсөтүп, элди ошол ГЭС курулушу менен алдады эле. "Энергиядан эч камсанабагыла" деп. Камбар-Ата эми иштебей турат. Ал эми өткөн чак болсун. Азыркылар жөнүндө кеп кылсак, башкы так талашка түшкөн тапакерлердин шайлоо алдында жолугушууларда лозунгдары төмөдөгүдөй болуп жатат:
"Мен президент болсом үй-бүлөөмдү мамлекеттик иштерге кийлигиштирбеймин..."
"Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен жакшы мамиледе болом..."
"Эмгек акыларды, пенсия, пособиелерди 2-3 эсе көтөрөм."
"Азыркы Жогорку Кеңешти таркатам.
Акаев, Бакиевдерди 2 айда кармап келип түрмөгө отургузам..."
"Чакан ишканаларды көбөйтүп жумушчу орундарды түзөм..."
"Улут аралык ынтымакты бекемдейм, түндүк-түштүк маселесин түп тамырынан бери кыркам..."
"Бишкек-Торугарт жолун бүтүрөм."
"Кытай-Кыргыз темир жолун салып соода салык жолун Индия, Тынч океандарына чыгарам."
"Коррупцияны түп тамырынан бери жоем."
"Абийирдүү, кесипкөй кызматкерлерди, жаштарды мамлекеттик кызматка алып келем."
"Жеп ичкендерди кустуруп, казынаны эки эсе толтуртам."
"Жеке менчик рейдерликти токтотом.
Уюшкан кылмыштуулукту жоем."
"Мектептерде, жогорку окуу жайларда билимдин деңгээлин көтөрөм..." ж.б ж.б.
Мына ушул сыяктуу жатталуу даяр лозунгдар, фразалар. Бирок, азыркы талапкерлердин бирөөсү да жогорудагы айта турган сөздөрдүн өтөсүнө чыкканга кудуреттери жетпейт. Себеби, социологиялык сурамжылоолордо президенттикке талапкерлердин бирөөсү да 25%дан аша албай коюшту. Бул факт тигил же бул талапкерге шайлоочулардын ашып кетсе1/4% ишеним көрсөтөт дегенди билдирет. Ошондо да сурамжылоого катышкандардын бир канчалары талапкерлердин жердештери же жек жааттары. Эгер талапкердин бирине калктын 51%ы добуш берсе, анда ага бир аз да болсо ишеним артып, жогорудагы даяр убадаларды аткарат деп үмүт кылса болот эле. Буларга караганда улуу комбинатор Остап Бендер: "Өмүр бою мамлекеттик кызматты эңсеп келем, бюрократ болгум келет, бирок өзүм дөдөй адаммын" деп чын дилинен өзүнүн ким экенин айткан. Азыркылар Остап Бендердей өздөрүнө - өздөрү сын айта албайт. Маселенин төркүнү ушунда.

Күлчоро Кабылов




  Чиновник - тактоо

Атамбаевге таш ыргыткан жок
"Акипресс" маалымат борборунун "Баракелде" рубрикасына - "Президенттик такты үчүн талапкерлигин коюп, элде жок мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, премьер-министр катары А.Атамбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды - деп "Айгай-пресс" гезитинин 18-августта чыккан санынан алып жазган, бул кабар интернет аркылуу "Премьер-министр А.Атамбаев 2007-жылы Таласта таш баранга кабылгандай Балыкчыда дагы ошол окуя кайталанып, Тоңго өтүп кетти" деген маалыматты таркатышкан.
Бирок, расмий сапар сиздер жазгандай болгон жок. А.Атамбаев 16-августта 2011-жылы саат 14.00дө Балыкчыда расмий иш сапар менен болуп, биринчи шаардык суу каналдары ишканасынын суу сактоочу жайынын (резервуар) абалын көрдү. Андан кийин "Кыргызтрансавто" базасынын абалы менен таанышты. Мен шаарга суу жеткирүү, калкты таза суу менен камсзыдоодогу маселелер тууралуу билдирдим.
Премьер-министр Балыкчыны таза суу менен толук камсыздоо максатындагы Балыкчы шаар мэриясынын "Сары-Булак" тоо суусун шаарга жеткирүү үчүн суу курулушун баштоо жана "Калмак-Ашуу" суу каналын курулушун пайдаланууга берүү боюнча айткан маселелерди колдоого алды. "Сары-Булак" тоо суусун шаарга жеткирүү боюнча курулушту долбоорго ылайык баштоону мага милдеттендирди.
Премьер-министрдин иш сапарынын регламентинде жогоруда аталган эки ишканада гана болуусу белгиленген. Тилекке каршы сиздер эл менен жолугушуп, А.Атамбаевга карай таштар ыргытылды деген ушак кабарыңыздар жеке эле мени эмес, элди дагы тынчсыздандырган маселе болуп калды. Ошондуктан, мен сиздерден фактысы жок жалган кабар экендигин кайра түзөтүп, кабарлооңуздарды сураймын.

Сиздерге ишеним артып жана урматтап,

Балыкчы шаарынын мэринин
милдетин аткаруучу

М.Э.БООБЕКОВ.

Редакциядан: …Т-а-аң көрү десең. Өйдөкүлөргө ыргытылган "таштарга" төшүн төшүп, алардын "ар-намысы, кадыры үчүн" күнү-түнү ушундай чуркап иштеген чоңдор өздөрү башкарган чөлкөмдөгү карапайым элдин далайларынын жашоосу ташты гой, небак сазга батып кеткен абалына ушинтип безилдеп чуркашса гана…





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«