Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Так талашта

Усубалиев Түлеевге батасын берип...
Бакиев доорунда казнадан "жем" жешип, Убактылуу өкмөт келгенде "акырдан" алыстап жумурлары кургай түшкөндөр эми эмне болсо да курсак тойгузушуп шайлоо фондусунан кол кесер алып, үй-бүлөөсүнө көтөрүп кетиш үчүн айрымдар президенттикке талапкерлердин штабдарын жетектей башташты. Алардын бири УТРКнын гендиректору Мелис Эшимканов талапкер Ө.Субаналиевдин штабын башкарып жатса, Камчыбек Ташиевдин шайлоо штабын президент К.Бакиевдин иш башкаруучусу Курманбек Темирбаев башкарса, бул талапкердин Нарын областы боюнча штабына Таластын экс-губернатору Бейшен Болотбеков барыптыр. Бакиевдин доорунда тышкы иштер министри Эднан Карабаев талапкер Нариман Түлеевдин штабынын башчылыгына барганы айтылууда. Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун штабын УКМК төрагасынын экс-орун басары генерал Артур Медетбеков жетектеп жатыптыр.
Ошондой эле шаар аралаган айың кептерге кулак төшөсөк Турдакун Усубалиев аксакал президенттик шайлоодо Нариман Түлеевдин талапкерлигин колдоп, ак батасын бергени айтылууда. Азыр өлкөгө иштей турган иштерман жетекчи керек дептир, аксакал.


  Адыр-адыр тоолордо

Текебаев да теминип жүрөт
Алмаз антсе мен деле ошентем дегениби, шайлоочуларыма депутаттык отчетумду берип жүрөм деп Ө.Текебаевдин мунусу да эл кыдыра баштады. Эки күндөн бери Чүй облусун кыдырып жүрөт. Президенттикке талапкер Ө.Текебаев шайлоо мыйзамын тоготпой, билгениңерди кылып алгыла дегениби?




  Шаң - шайлоо

Ташиевдин да чыйпыйы чыга баштады…
"Чоң муштум" менен эле чоң боло албаарын түшүндүбү, же бери жакта да эл бар экенин туйгандыгысыбы, балким аламан жакындаган сайын журт башчы болуу аракети күч алдыбы, Камчы Наполеондун ыкмасына салган кези. ("Үч армиядан үч гезит артык" деп Напалеон айткандай). Өзүмдүк деген маалымат булактарын күчөтүүгө аракеттенип кирди. Бул анын шайлоодогу негизги атаандаштарынын дүбүрттөрүнөн чочуганыбы же эмитен эле чый-пыйы чыга баштаганыбы? Атймакчы, Ташиевге тиешелүү делген төртүнчү күнү жарыкка чыкчу "Майдан.kg" гезити жумасына эки ириет чыгуу алдында турат.




Сайт
Сурамжылоо
Ким президент болот?
"Ким президент болот?" деген суроо менен электрондук маалымат булактары өз сурамжылоосун жүргүзүп келет. Алардын ичинен showtime.kg электрондук маалымат булагынын аныктоосу төмөндөгүдөй уланууда:

Баарына каршы 33.8%
Алмазбек Атамбаев 19.8%
Нариман Түлеев 10.8%
Камчыбек Ташиев 8.3%
Марат Иманкулов 5.0%
Адахан Мадумаров 4.8%
Акылбек Жапаров 2.0%
Өмүрбек Текебаев 1.8%
Темирбек Асанбеков 1.5%
Марат Султанов 1.3%
Өмүрбек Суваналиев 1.2%
Нурлан Мотуев 1.1%
Жусупжан Пиримбаев 1.0%
Турсунбай Бакир уулу 0.6%
Исхак Масалиев 0.4%
Эркин Булекбаев 0.4%
Акылбек Сариев 0.4%
Курманбек Осмонов 0.3%
Роман Оморов 0.3%
Гайша Ибрагимова 0.3%
Токтайым Уметалиева 0.2%
Борончу Кудайбергенов 0.2%
Кубатбек Байболов 0.2%
Жантөрө Сатыбалдиев 0.2%
Кубанычбек Апас 0.1%




  Ар менен намыс түгөнгөн жерде

Акылбектин "акылдуу" жүрүштөрүнөн
Акыл десе акылдуу болуп көрүнө бергиси келген Акылбек Жапаров улам жаңы жоруктары менен коомчулуктан колдоо издей баштады. Бишкек шаарынын ичи акыл айткан жарнактарга толуп кетти. Кечээ болсо "Фабула" гезити "Жапаров 200 кол топтоп берген адамга 10 миң сомдон төлөп берип жаткан экен" деген кепти таратты.
Андан да кызыгы, акылдуу Акылбек азыр өзүнчө кооператив түзүп, "Мен, сен үчүн" деген Жапаров үчүн жантыгынан жата калчу 500 кишини топтоп, алардын максаты 250-300 миң добушту эмне болсо да камсыз кылууга "касам" ичишкендер экен дейт. Жер-жерлерге убара болуп үгүт-штабын да ачпайт экен. Көпчүлүк ага ишенбээрин Акылбек өзү деле сезип жатса керек. Ошенткен менен эмне болсо да жогорудагы 250-300 миң добушту "сатып" алууга канча акча кетээрин калькулятору менен кайра-кайра эсептеп жаткан кези экен дейт. Чын-бышыгын билиш үчүн чыгаан журналисттер жүрөт, иликтеп. Эгер кокус, Акылбектин жалпы эл бийлиги болгон өлкөнүн башкы тактысы үчүн ушундай мамиле жасап жатканы анык болсо, президенттик креслодон айланып, аман эле бол демекчибиз. Же "кыргызстанда 5 миллион койум калды" деп Курманбектин Максиминин салыштыруусундай, элди такыр эле малча көрүп алганбы, Акыл?




 "Генийдин" акылыбы?

Артык кылам деп тыртык кылып албаса болду…
7-апрель революциясынын каармандары, алардын дээрлик көпчүлүгү, бийликтин өкүм зордугуна, мамлекеттин чыныгы ээси болгон карапайым көпчүлүктүн жонунан кайыш ала баштаганда чыдоо чегине жетип, зулум бийликти кулаткан карапайым үй-бүлөөнүн уулдары болгон. Ал жеңиш 90го жакын азаматтын өмүрүн алып кетти. Ошонун учугу Ош окуясын тутантты. Бейкүнөө канча өмүрлөр кыйылды, шаар талкаланды. Азыр деле элдин жашоосу жыргап кеткен жок. "Убактылуулардан" болсо "Ушулар эми оңойт, жашоону!" деген үмүттөрү күңгүрт тартып, далайы түңүлгөн. Балким өлкө чыны менен эле мыкты менеджерге суусап жаткандыр. Ошондон улам 7-апрель күнү аянтка ок менен кандын ортосунда жүргөн жаштардын өзүнчө тобун түзгөн "7-апрель Жаштар кыймылы" саясий партиясы өз иши менен өзүн көрсөтө алган Н.Түлеевге ишеним артканы ошондондур. Азыр айрымдар аны "тигинин, мунун" кишиси деп атпайбы. 80 талапкерди санабайлы, эл оозунда арбын сөз болуп жаткан беш талапкерди карап көр - А.Атамбаев, А.Мадумаров, К.Ташиев, М.Султанов, Н.Түлеев. Акаевчил-Бакиевчил деп бөлсөк анда булардын бирөө да жарабайт. Ушинтип отура бериш керекпи. Демек, алга жылыш керек.
Ошентип, талапкерлер көрсөтүлүп, күрөштүн кийинки этабы башталса да айрымдар Н.Түлеевди "7-апрель жаштар кыймылы" саясий партиясы президенттикке талапкер катары көрсөткөнү али да негизги оппоненттердин оюн онго бөлүп келет. Кечээ жакында Ташиев өзүнө караштуу гезиттер аркылуу Нариманды армансыз каралап бугун чыгарса, жакында 7-апрелдеги жаштардын дагы бир тобу "Кабар" агенттигине маалымат жыйын куруп, "7-апрель кыймылынан" кыйкым издеген өз пикирлерин билдирди.
Алардын артында "ашынган ойчул" Эмилбек Каптагаевдин кулагы көрүнүп турганын кобурашууда, билгендер.
Анысы чын болсо андай "услугасы" менен Атамбаевдин этегин эптеп кармап калсам деген аракети окшобойбу. Апрель окуясынан кийин СДПК менен "Ата-Мекендин" ортосундагы "сүйүүнү" жаратканы, парламенттик шайлоодо "Ата-Журттун" борбордук штабын "өрттөп" салмакчы болгону, ушунун баары келип өзүнө эле эмес, өлкөгө да муш болуп жатканын Эмиль мырза сезбесе керек.
Эми минтип Н.Түлеевге жаштарды шыкактап жатканы чын болсо, (кимдир бирөөнө жагынам деп) артык кылам деп адатынча тыртык кылып албаса болду.

Ногойбай Султанов







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??