Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Коон эмес, коом

Күч
Өткөн апта башында Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушуп, соттор корпусуна жаңы судьларды дайындамакчы болгондо, Ай үй алдына 100-150дөй адам нааразычылык акциясына чыгышып, айрым депутаттарды талап киргенде башка депутаттар Ай үйгө жолой албай жакаларын карманышып, далайы апкаарынып калышты.

Сот бийлигин тандоо ажылыктан 10 эсе кирешелүү бизнес
Элдин ачуусун басыш үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибеков: "Акыркы 20 жылда соттор "чирип бүттү" десе, КСДП фракциясынын депутаты Д.Тербишалиев: "Сотторду тандоо кеңешин (комиссиясын) биз депутаттар өзүбүз көзөмөлгө алабыз" деп жиберди. Д.Тербишалиевдин бул билдирүүсү анын саясатта тиш кага электигинин ачык белгиси. Эл аралык болобу, улуттук деңгээлдеги же жөн эле министерство, ведомстволордогу түзүлгөн комиссия эч кимдин көзөмөлүндө болбойт. Адатта комиссия администрациялык кысымдардан, манипуляциядан ажыратуу, ага жол бербөө максатында түзүлөт. Кыргыз бийлигинин азыркы шартында Жогорку Кеңеш өтө зор администрациялык күч. Себеби, Жогорку Кеңеш аткаруу бийлигин түздү, эми сот бийлигин түзүп жатат. Сотторду тандоо кеңешин түзгөн да Жогорку Кеңеш. Жогорку Кеңеш эгер бул комиссиянын ишине кийлигишсе, анда административдик кысым түздөн түз колдонулду деп баалобуз керек. Жогорку Кеңештин сотторду тандоо кеңешинин ишин көзөмөлдөөсү Совет доорундагы партиялык номенклатура бардык тармактын үстүнөн камчы үйрүп туруучу примитивдүү методдорунун кайталанышы өлкөнүн Башкы мыйзамынын 74-беренесинин 4-пунктунун 2-пунктчасында: "Мыйзамдарда белгиленген тартипке судьларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет" деп даана жазылып турат.
Бул сүйлөмдүн контекстинде парламенттик фракциялардын сунушу менен судьяларды тандоо кеңешин түзөт деген түшүнүк жок. Демек, Жогорку Кеңеш жогоруда мисал кылынган беренинин пунктчасында айтылган түшүнүктөрдү башкача чечмелешип өзүлөрүнө ыңгайлуу мыйзамды чыгарып алышканы кашкайган чындык. Бийлик бутагындагы эң коррупцияланган сот бийлигин тандоо ажылыктан 10 эсе кирешелүү бизнес. Депутаттар ошон үчүн кеңешти өзүбүз көзөмөлдөйбүз дешип бизнести колдон чыгарбоону көздөшүп, коомчулукту алдап жатышат. Судьяларды тандоо кеңешин ким түзөт? деген суроо келип чыгышы мүмкүн. Көз карандысыз судьяларды тандоо комиссиясынын курамын граждандык коом, коомдук уюмдар сунуштап, аны Конституция боюнча Жогорку Кеңеш электен өткөрүп, анын курамын бекитиш керек болчу. Парламенттик фракцияларды түзгөн партиялык уюмдардын кийлигишүүсүз эле эгер бийлик чындап эле адилет сот бийлигин реформалоону көздөсө. Бирок, президент да, анын аппараты да, Жогорку Кеңеш да ага бара албайт, кызылдай акчалар менен талапкерлер жең ичинен сунушталып жатканда.

Идеология издеп коесуң…
Акыркы 20 жыл ичинде коомдук, бей өкмөт уюмдар десе эле сөзсүз түрдө Батыш мамлекеттеринен каржыланган турмушта ак караны ажырата билбеген, акча берген жактардын камчысын чабышкан "бей өкмөт" уюмдар ассосацияланып калды. Коомдук уюмдар советтик доордо да бар болуп, алар зор күч болчу. Коммунисттик партияны эсепке албаганда комсомолдук, пионердик уюмдар социалдык идеологиянын экинчи, үчүнчү эшалонунда жүрүшчү. Азыр да жашап келе жаткан чыгармачылык союздар: жазуучулар, журналисттер, композиторлор, сүрөтчүлөр, архитекторлор, кинематографисттер, театр ишмерлер союздары интеллигенцияны авангарддары болушкан. Азыр бул союздарды бийлик эч бир көңүлүнө албайт да, Батыштан каржыланган бей өкмөт уюмдарды өз баласындай көрүшөт. Союздун убагында
1. Чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыш коому; (азыр өлөсөлү коом, бирде шаардын борборунда имараты бар)
2. Керек-жарак кооперациясы; (имаратын бийлик,банкка тартып алган)
3. Турак-жай курулуш кооперациясы;
4. "Билим" коому; (имаратынын жарымын бийлик тартып алган)
5. Бүткүл союздук ойлоп чыгаруучулар жана рационализаторлордун Кыргызстандагы уюму; (имараты тартылып алынган)
6. Кызыл крест кому;
7. Армия, авиация жана флотко көмөк көрсөтүүнүн ыктыярдуу коомунун Кыргыз Республикалык уюму;(ДОСААФ ) (имараты цехтерге айланган)
8. Ыктыярдуу спорт коому;
9. Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо коому; (имараты тартылып алынган)
10. Сууга чөгүүдөн сактоо коому; (имараты тартылып алынган)
11. Өрттөн сактоо коому; (имараты тартылып алынган)
12. Аңчылар жана балыкчылар коому;
13. Бал челектер коому;
14. Коенчулар коому;
15. Китеп досторунун коому;
16. Автоышкыбоздор коому; дагы, дагы…

Президент бул ыплас кеңешти тез арада таркатуусу зарыл, эгер өзү ыплас иштерге кызыктар болбосо
Өзүңүздөр баамдагандай жогорудагы коомдор менен союздар бардык тармактар боюнча түзүлүп кесиптик, ышкыбоздук инсандардын башын бириктирип турган жана турушат. Бирок, өкүнүчтүүсү, бул коомдук уюмдар батышчыл бей өкмөтчүлөрдүн тепсендисинде калышты. Батыштын ошол арам "идеологиясын" бийлик да үн дебей аткарып келүүдө. Азыркы судьяларды тандоо кеңешинин курамында жулкунуп батышчыл уюмдардын өкүлдөрү жүрүшөт. Судьяларды тандоо кеңешинин курамын адам жанынын инженерлери "акын жазуучулары" атыккан ак караны, адал менен арамды ажырата билишкен театр менен кино ишмерлери, журналисттер, архитекторлор судьяларды тандоо кеңешинин курамын түзө алышпайт беле? Түзүшмөк, азыркы кеңештен жүз эсе таза тандоо жүргүзө алышмак. Судьяга талапкер таза же булганган бул моралдык категория. Чыгармачыл инсандардын ишмердигинин объектиси дал адам жана коомдун моралы болуп саналат. Эгер эле чыгармачыл инсандар судьялардын кесипкөй деңгээлин аныктай албай жатышса, анда кеңештин курамына адвокаттар коллегиясы деген уюмду пайдаланыш зарыл болчу. "Граждандык коом" деген мына ушулар, бир эле батышчыл БӨУ эмес.
Айтмакчы, илгери Совет доорунда жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттериндеги студенттерге гениалдуу орус жазуучусу Федор Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" (преступление и наказание) "Көр болуп ыза көргөндөр" (Униженные и оскорбленные) романдары кадимкидей президенттик сабак катары окутулчу. Ф.Достоевский өзү юрист болгон эмес, турмуштун ак карасын, адал менен арамын укмуштуудай талдай билген ойчул калемгер болгон. Керек болсо Ф.Достоевскийден орустун юриспруденция боюнча белгилүү теоретиги атактуу адвокат Федор Кони акыл кеңеш алып турган. Мына, сизге айкын мисал, жазуучу ким, юристиң ким? (менимче, кыргыз бийлигинин чыгармачыл адамдарын олуттуу иштерге кийлигиштиргенге ниеттенбей жатышы, алардын рухий тармактардан таптакыр кабардар, кызыкдар эместигинен кабар берет. Азыркы судьялардын курамын сактаганга депуттар далбас уруп жатат. Президент бул ыплас кеңешти тез арада таркатуусу зарыл, эгер өзү ыплас иштерге кызыктар болбосо. Эгер анте албаса анда кайрадан коррупцияланган адилетсиз сот бийлиги түзүлөөрүнөн күмөн санап кереги жок.
Мындай бир илгерки сөз бар эле: "Милиция менен больницадан сакта" деген, азыр буга кошумча соттон сакта" дей башташкан, карапайым калк. Сөз соңунда айтаарым президент Р.Отунбаева судьялыкка талапкерлердин кесипкөйлүк деңгээли өтө төмөн экенине акцент жасады, өткөндө. Кесипкөйлүк (профессионалдык) экинчи маселе. Биринчи маселе талапкерлердин абийири, чынчылдыгы, боорукердиги, адилеттиги. Булар адамдын моралдык сапаты. Адамзат коомун кесипкөйлүк эмес, мораль кармап турат.
Азыркы судьяларды тандоо кеңеши бул судьялыкка талапкер менен парламент ортосундагы ортомчулар. Албетте, "базардагы ортомчу" да чотур алышкан сыяктуу, бул кеңештин мүчөлөрү да көк акчадан кур калышпайт…

Жолдошбек Токоев





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??