Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Окурман ой айтат

Тойго барсаң ачка бар
Жайдын толук мезгили менен күз айлары той-топурга бай келет эмеспи. Мөмө-чөмө, коон-дарбыз, башка дасторкон көркүн чыгарчу жер жемиштери жайнап, мал семирип, аш-тойлор үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн учур. Ошондуктан кыргыздар той өткөрүүнү, аш берүүнү көбүнчө ошол убакка ылайыкташтырышат.

Кыргызда той өткөрүү башка улуттардыкынан бир топ эле айырмалуу. Деги эле көп. Бир эле бутагы - балага арналган тойлорду атап көрөлү: Жентек той, бешик той, тушоо той, отургузуу тою… Булар аз келгенсип эми туулган күндү да чоң тойго айландыра баштадык. Орустарда ушул тойлордун кайсынысы бар? Эч бири дагы. Туулган күндү белгилешет экен, бирок той эмес эле үй-бүлөөлүк чакан салтанат катары. Биз эмне эле ошончо тойго ынакпыз? Үрп-адатпы? Ата-бабадан калган салтпы? Ооба, ошондой деген жооп тил учуңузда турганын сезип турам, кадырман окуучум. Бирок, "юбилей", "алтын", "күмүш" деген чоң тойлор качан бар эле? Жакында эле Атбашылык бир бардар тойдун дагы бир жаңы түрүнүн тушоосун кесип, баланын кыркын чыгаруу тоюн күркүрөтүп "Дасмия" ресторанында өткөрдү.
Макул, тоюбуз тойго улана берсин дейли. Бирок, той өткөрүүдө чектен ашып кеткен жокпузбу? Менин оюмча өтө эле ашынып бара жатабыз, чачылып, төгүлүп. Тигиден кем бекенмин деген атаандаштык байлык чачуунун атаандаштыгына, өзүн көргөзүүнүн атаандаштыгына өтө чаап, мактанчылыкка барып такалып калды. Колунда бары деле, жогу деле чоң той бергенге жанталашат.
Тойдун деңгээли союлган малдын, келген кишинин, бошогон бөтөлкөлөрдүн саны, кеткен жалпы чыгымдын суммасы менен бааланат экен.
Тойлор азыр көбүнчө кафелерде өтөт. Бул жакшы эле багыт мезгил шарты, Европа үлгүсү. Бирок, ченеми, байлык чачуусу боюнча кыргызчылдыктан, курнамыстууулуктан бошой албай келебиз. Кээ бирөөлөр үйүндө окучу балдарына керектүү шарт түзүп бере албай туруп чоң той берүүгө умтулат, карызга батат.
Менин бир жакыным мындан алты ай мурун уулун үйлөнтүп той берди. Тойго үч жылдан ашык даярданды. Байкуш кыз-жигит чыдамсыз күтүштү, айла барбы. Уулдун ата-энеси "шашпа, тойду тойдой кылып, элге окшоп өткөрөлү. Азыр колубуз жука. Алар эркектен эле беш бир тууган экен. Алдына барууга эле кийим-кечеси, союшу, эне-сүтү дегени болот, калың-палыңы менен эки жүз миңден ашык чыгым кетет экен. Андан көрө карыздап да болсо акча таап, мал алалы. Мен эптекей той кылгым келбейт, уят болуп калабыз" деп уулун санаага батырган. Үч жыл өттү, той да өттү. Элдикиндей эле жакшы өттү. Бирок, баланын мойнуна канча карыз калды. Жакында балтайган эркек балалуу болушту. Эми алдыда жентек той, бешик той, … тойлор. Бечара чоң ата, чоң эне болгондор кантээр экен? Өз кезегин күтүп жүргөн, бойго жетип бышып калган дагы бир кызы, бир уулу бар.
Раматылык Салижан Жигитов айткандай кыргыздын төрөлүшүнөн өлүшүнө чейин эле (элдин калың катмары үчүн) тозоктуу окшобойбу. Эл эми жука катмары - чиновниктери (байлары) үчүн той өткөрүү өзүнүн бардар экендигин даңазалоо, баркын көтөрүү, байлыгын арттыруунун сыналган жолу. Андайларга "алкышын" айта албай жүргөн кол астындагылар, эптеп жакындай албай жүргөндөр чачылганда той ээси чыгымын эселеп чогултуп алат, байлыгы артат.
Той ашты айылдын бардарлары беш-алтыга чейин жылкы союп, этти көлдөлөң кылып, келген коноктор гана эмес жалпы айыл чучук-картага тоюнуп, этти үйлөрүнө ташыса, шаардын чиновник байлары (бай болбосоң чиновник боло албайсың) гилейген, үч жүздөн ашуун адам бата турган кафелердин столдорунун үстүн эт-ашка, кымбат баалуу ичимдиктердин түрлөрүнө, башка түрдүү даамга толтуруп жайнатышат. Отургандар курсагынан ашкандарын баштыктарга толтуруп көтөрүп жөнөшөт, жуттан чыккандай стол үстүн тазалап кетишет. Антпесе да болбойт, оголе көп калат. Коноктордун ар бирине өзүнчө да баштыкчалар даярдалып, белектер берилет. Илгери айтылчу эле тойго барсаң тоюп бар деп, бүгүн ал ылайыксыз. Азыр тойго ачка барышат. Кекиртегине чейин жеп-ичишип, бир тобунун бутары чалыштап, баштары геңгиреп, ооздорунан ичкендери атып чыккандары да болот. Мындайларды үйлөнүү тоюнан көбүрөөк жолуктурасың. Айрыкча кыз тараптыктардан. Анан кантишет, кудаларды улам бирден барып, жалдырап суранып, жанынан кетпей, алып коюң таттуу тилек менен коштоп, миң жолу кайталап, ой-боюна койбой алдырып атышса. Ашыкчасы ооздон чыгат да. Сыйлап жаткандарга ошо керек, ошого ыраазы.
"Тойду араксыз өткөрүүгө болобу?" деген эксперимент өткөрүштү Көк-Жарда. Болот экен, бирок арак саткан камоктор ал жерде жок болсо. Оюман оолактап кеттим окшойт. Биздеги той маданиятынын мени ирээнжиткен жагымсыз, керексиз майда-чүйдөсүнөн да айтайын дегем. Менин бир профессор иним айтты эле "той - аштан жадап бүттүм" деп. Менимче бул сөздү угузуп-угузбай айткандар арабызда бир топ эле арбын го. Ар бир той - ашка барган сайын чөнтөгүң кагылат. Аз эле дегенде миңге. Андан аз алып барсаң адам ордуна көрүнбөйсүң. Сенин мүмкүнчүлүгүң менен эчкимдин иши жок. Барбай койсоң адам катарынан чыгасың. Той бай эместер үчүн көп учурда жүке, санаага айланат.
Тойдун кызыктары көп. Бир тууган эжемдин аш - тоюн өткөргөндө уулуна кырк эки кытай көйнөк кийгизилиптир. Керекпи? Ал эми маркумдан кичүү эжемдин үч кызы апасынын жанында эле жашап турушуп, таңылчак кылып өз апасына кийгизчү кийимдерди көтөрө барып, ошол жерде кийгизип жатышат, көгүн түшүрүп. Эмне минтесиңер десем эл көрсүн да дешет. Кийим эмне болуп калыптыр. Жакында эле шаарыбыздын бир чиновнигинин кызына көгүн түшүрүп алтын сөйкө алып барылганын мага айтып беришти. Көк кийгизүү бир убакта балким керек болгондур. Азыр аны кармануунун кажети барбы? Кийим кийгизип, чүпөрөк алмашуу, аза күтүп көк кийүү, көгүн түшүрүүгө окшогон нерселерди калтырып эле койсок кыргыз салты көп деле жоготууга учурамак эмес. Бүгүнкү күнгө ылайык келбей турган көп эле үрп-адаттардан, ырым-жырымдардан кутулуунун оордуна биз аларды күчөтүп, адатка айландырып келе жатабыз.
Дагы бир арылчу адатыбыз - той-ашка дайыма кечигип барганыбыз. Үч жума мурун бир тууган жээним элүү жылдык юбилей тоюна чакырды. Саат бешке. Аксакал адам кечиксе уят деп алыс жерден жанталашып,убагына жетип Барсак кызмат кылгандардан башка кишилер жокко эссе. Той ээси саат алты жарымда келсе болобу. "Айланайын, элди саат бешке чакырып, өзүң алты жарымга келгениң кандай?" - десем, Тайке кыргыздарды саат бешке чакырсаң жетиге зорго келишет. Мен жарым саат эрте келип жатпайымбы" деп карсылдап күлөт. Бул да чындык. Көпчүлүк үчүн көнүмүш адат.
Чакырган жерге кечигип баруу мыйзам ченемине, убагында баруу уятка айланып калганбы деген да ой келет. Токмокко кудалардын тоюна бара жатсак бир топко белгилүү эле Чокубаева Чынара деген карындашым жолдо жарым сааттай эс алдырбадыбы, уят болот байке, бир аз кечигип баруу абзел деп. Мен билбейт экенмин мындай жөрөлгө качан, кайдан келип чыкканын.
Көпчүлүккө айтаар элем, тоюңар тойго улана берсин, бирок анын санын, түрүн азайткылачы. Ысыраптыкты жерип, жылкыбызга карап ышкырып үнөмдүүлүккө багыт алалычы. Тойдун эртеси да болоорун эстей жүрөлү. Байлык чачуу атаандаштыгын чиновниктер менен байларга эле береличи. Тойдун керексиз ырым-жырымдарын таштайлычы. Анан дагы арака шыкаганды.
Кашкабай Алишеров,
Сокулук району







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??