Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Эң революциячыл
окуя
Редакциядан: Бул эмгек азыр болгондо сөзсүз тарых илиминин доктордук даражасына татымак. Тубаса акылман, көрөгөч, тигил же бул кырдаалга терең баа бере билген даанышман Жусуп бул баа жеткис эмгекти эч кандай жогору билим албай эле, аспирантураны окубай эле жазып койгон экен. Нар көтөргүз тарыхты - 1916-жыл жөнүндөгү ойлорун Ж.Абдрахманов 5 позициядан караган. 1916-жылга чейинки жана андан кийинки мезгилдерди негизги беш тамгага бөлгөн.
1. Орус падышачылыгы колонияга айлантканга чейинки кыргыздардын коомдук - экономикалык түзүлүшү тууралуу бир аз сөз.
2. Кыргыздардын агрардык колониялык район катары коомдук - чарбалык, маданий турмушуна колониялдык саясатын тийгизген таасири.
3. Элдик көтөрүлүш, согуш мезгили, жеңилиши жана анын себептери.
4. Февраль революциясы жана кыргыздардын абалы.
5. Октябрь революциясы жана кыргыздардын абалы.
Бул эмгектин кириш сөзүн Ж.Абдрахманов өзү "Автордон" деп жазган экен, эмесе ошого кезек берели.

Автордон
"Бул чакан китеп кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнүн 15 жылдыгына карата Кыргыз өкмөтүнүн жана Фрунзе шаардык советинин үстүбүздөгү жылдын (1931-жыл) 11-августта Фрунзе шаардык партиялык, профсоюздук уюмдарынын катышуусунда өткөрүлгөн чогулушта өзүм жасаган докладдын стенограммасын кайра иштеп чыгууда жана "Советская Киргизия", "Кызыл Кыргызстан", "Октябрдын жарчысы" деген макалаларымды кайра иштеп чыгуунун негизинде жазылды.
Орто Азиядагы революциячыл кыймылдардын тарыхы, анын ичинде 1916-жылдагы көтөрүлүштүн тарыхын атайын иликтеп-изилдөөнү талап кылуучу чоң жана татаал тема. Менин ишим көп болгондуктан бул теманы терең изилдөөгө, иликтөөгө мүмкүнчүлүгүм болбоду. Бул китепченин жаман-жакшы жазылганы туурасында өзүм эч пикир айта албайм, бирок 1916-жылдагы көтөрүлүштү изилдеген тарыхчыга жардам берсе, падышачылык Россия жергиликтүү эзүүчү топтор менен биргелешип кыргыз элин аесуз эзип турган "кандуу, жийиркеничтүү өткөн мезгилди" (В,И,Ленин) кыргыз элинин массасы кандайдыр бир даражада болсо да түшүнүшсө, аларга жардам берсе, анда бул эмгегим бекер жаралбаганы деп эсептейм.
Келечекте бул темага дагы бир ирээт кайрылып, мындан да салмактуу эмгек жасасамбы деген оюм бар. Бул чакан китепти жазууга факт түрүндө материалдарды билгичтик менен сын көз караштарын айтып мага жардам берген жолдошторго ыраазычылык билдирем. Бул китепчени басып чыгаруу бир жылдан ашык убакытка чейин кармалып калды. Ушуга байланыштуу Советтик Кыргызстандын чарбалык, социалдык маданий өсүшүн көрсөткөн далилдер цифралык фактылар бир аз эскире түштү, анткени Кыргызстан бул мезгилдин ичинде курулуштун баардык жактарында алга карай зор кадам таштап жиберди. Кантсе дагы бул цифралык материалдар тарыхый белгилүү датага карата Кыргызстандын абалын туура мүнөздөйт деген ойдон улам, аларды эч өзгөртүүсүз калтырдым.
Жолдоштор, биз Орто Азия жана Кыргызстан элдеринин 1916-жылдагы көтөрүлүшү тууралуу сөз кылганыбызда биздин аң-сезимибизге, туюмубузга жергиликтүү элдердин оорук жумуштарын алууга (падышалык Россия тарабынан - макаланын автору) нааразычылыктан улам конкреттүү негизде кокусунан чыккан козголоң сыяктанат. Бирок, андай эмес. 1916-жылдагы көтөрүлүш падышачылык - империалисттик Россиянын колониялары катары Орто Азиянын жана Кыргызстандын абалынан келип чыккан социалдык - экономикалык абалынын тереңде жаткан себептери бар.
Мына ошондуктан менин милдетим бул көтөрүлүштүн мүнөзүн, анын кыймылдаткыч күчүн, анын натыйжаларын гана эмес, бул көтөрүлүштү тарыхый өңүттө бышып жеткизген социалдык - экономикалык факторлорду ачыкка чыгаруу болуп саналат. Бул көтөрүлүш колониялык көз карандылыкта турган Орто Азия элдери 1917-жылга чейинки мезгилдеги алардын турмушундагы болгон революциячыл баардык окуялардын ичинен эң революциячыл окуя болуп саналат.
Кыргыз эмгекчил карапайым массасынын 1916-жылдагы көтөрүлүшүн Орто Азия элдеринин көтөрүлүшүнөн үзүп кароого болбойт. Ошентсе да, мен кыргыз элинин колониялаштырылганга чейинки, андан кийинки мезгилдеги абалын, ошондой эле көтөрүлүштүн жүрүшүн, аякташын толук сүрөттөп баян этиш үчүн Орто Азиянын башка элдеринин абалын карап чыгуудан баш тартууга муктаж болдум."
Мына, замандаш, арстандай айбаты жолборстой кайраты, теңирден берген терең акылы бар кеменгер Жусуптун калемине таандык саптар. Бул эмгек нукура илимий эмгек жаратуунун тарыхый материалисттик принциптерине таянып жазылганы дароо байкалат.
Ошол кезде эле тоталитардык система вулкан болуп атыла баштаганда эле тарых чындыгын кагаз бетине түшүргөндүгүн Жусуптун эч жалтанууну билбестигин далилдейт.

Сөз соңунда
Улуу державанын тираны И.Сталиндин көзү өткөндөн кийин өлкөгө бейпил заман орносо да, кыргыз мамлекетинин улуттук жетекчилеринин бирөөсү да (И.Раззаков, Т.Усубалиев, А.Масалиев) 1916-жылкы Үркүн туурасында тике багып, ачык сөз айта алган эмес. Эгемендүүлүк жылдары президенттер А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаева бул кылымдын тарыхын өчпөс маселени көз жаздымынан калтырып келишүүдө. Себеби, булар Советтик идеологиядан, азыр болсо Россия бийлигинен чоочуп үн катышпайт. Жогоруда кеменгер Жусуп 1916-жылкы окуяны "эң революциячыл окуя" деп таамай баа берип жазып жатат. Бул окуяга, кыргызга, Ж.Абдрахмановдун жаркын элесине таазим кылышса, Р.Отунбаева быйыл, улутубуз улутунуп турган кезеңде бир маанилүү саясий, тарыхий иш чара уюштурса болмок. "Элим" дегендери менен, бул бийликтин кургак сөзү экенин дагы бир далили ушул.
P.S Кеменгердин 1916-жыл жөнүндө жазгандарын "Айгай-пресс" газетасынын кийинки сандарында дагы окуйсуздар.
Жолдошбек Токоев




  Эл уулдары эмне деген?

Көтөрүлүштүн долбоору
Редакциядан: Төмөндөгү бул материал Ж.Абдрахманов менен бирге 1938-жылы атылган кыргыздан дагы бир чыгаан уулу тунгуч жазма тарыхчы Белек Солтоноевдин жазгандарынан пайдаланылды. Кыргыздын залкар, тунгуч тарыхчысы Белек Солтоноев кыргыз тарыхын 1895-жылдан 1935-жылга чейин жазган. Бирок, анын эмгеги анын ичинде 1916-жылкы окуяны камтыган жогорудагы баяндар кыргыз эли эгемен алганга чейин жарыкка чыгарылган эмес. Тоталитардык система анын Кыргызстандагы бийлик ээлери И.Раззаков, Т.Усубалиев, А.Масалиевдер өздөрү бул окуя боюнча үн катмак турсун бул баалуу тарыхый эмгекти бастыруудан коркушкан, жеке керт баштары үчүн.
"Алма-Ата казагы, түндүк жак кыргыздары солдат бербеске бекип жүргөндө, муну угуп калган ар кайсы уезд, приставдар (орус падыша өкүлдөрү-авт.) өз элдерине болушуп, манап, байларды чакырып алышып, кээ бирлерин абакка салышып, кээ бирин калаадан чыкпайсыңар деп кысып турган. "Солдат бербеске чараңар жок, силерден кызматчы алганы падыша катарга кошуп чоң ырайым кылгандыгы. Мунусун да жакшылап билүүңөр керек" деген. Пишпек уезд болуштарын, көбүнчө атактуу манаптарды июль айында Пишпекке чакырып алып "кызматчы бересиңер" дегенде тигилер баш ийкешип, беребиз өздөрү жашыруун кеңешкен. Кеңеш башында Канат, Исамүдүндөр болгон экен. Кеңештеги болгон иш планында "Алматыда аскер арбын, чоң шаар, орустун кайнаган жери, жандар жана башка улуктар көп дешип. Ошондуктан биринчиден Алматалык казактардын улук чыгартып, ошол замат Пишпек, Токмок, Каракол, Нарын кыргыздарын көтөрүп, Токмок менен байланышып, Каракол, Көлдөгү орус кыштагы менен Токмок жана анын айланасындагы орус кыштактарын таламак. Казакстан жаркент уездине киши жиберип, капал Лепсиге (крепость-авт.) келип казактарын Николайга каршы чыгармак. Кочкор, Жумгал, Чүйдөгү кыргыздар Токмок, Пишпек калааларын курчап, Олуя ата жолун тосуп, Таластагы казак-кыргызды өздөрүнө кошуп, Ташкент жолун тосмок. Башка оруска тийбестен жалаң аскер менен согушмак. Шашып, кыйналган убакта элди сыртка чыгарып жиберип, тигилерди Боом капчыгайынан тосуп, эки жагынан кырча чубалып кеткен бүткүл Ала-Тоодогу белдерди алып жатмак. Ылаажы болсо орусту Түркистандан сүрмөк.
Ошентип, жерин алган үчүн переселендерди (орус-казак келгиндер-авт.) кыргыздар талай баштады. Таластагы кыргыздардан бузук (бузук-провакация-авт) чыкпастан, бузук чыгаруучуларга тилектеш болду. Каракол дунганы менен сарт калмак бузукка аралашты. Солтодон эки жерден бузук чыкты. Анжиян -Алай эли тынч болду. Алматы казагынан Мелектик жана Жаркендиктер көтөрүлсө да, аны тезинен басты. Казактардан Чийен менен Бордукени эки-үч күндө эле аларды басып, баш кишилерин Алматыдагы түрмөгө салды. Булардын ичинде кандыкка шайланган Агакей уулу Бекболотту дарга тартты. Карматпай жүрүп чапырашты казагынан Туулак 60-70 түтүнү менен кыргызга кошулуп Турпанга кошулуп барып, 1917-жылкы өзгөрүштөн кийин кайтып келди. Ал көтөрүлүштө казактар тез эле басылып калгандыктан, кыргыздын көтөрүлгөндөрү далайга тирешти. Дунган, өзбек, уйгур катышпастан Николайдын жардамында болуп калды. Солдат алат кабары кыргызга угулуп калган соң бузук кайдан чыгаар экен деп ага кошулмакка кулагын түрүп, тилеги бир болуп турду элдин. Ташкенттеги өзбектер да солдат бербес болуптур деген кабар тарады. Сырдарыя, Ферганадагы өзбектер дагы ошондой деди. Самарканд областы менен Жызак уездиндеги кыргыз өзбектер уруш чыгарыптыр деген имиш -имиш болду. Июль айынын аягында теке түрк (Түркмендер-авт.) бузук чыгарыптыр деген кабар тарады".








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«