Серепчи эмнени сезип жатат?

Марс Сариев:
"Президенттик шайлоодо талапкерлер өтө кылдат болушпаса регионалдык картага ойноп жатышып тышкы күчтөрдүн алдында шахмат пешкасы болуп калышат"
Жаш саясат таанучу бар эмеспи Марс Сариев аттуу. Жаштыгынан, коомдун табиятына али тиш кага элек бул жигит тигил же бул кырдаалга баа берүүдө көп жаңылып жүрчү эле, кечээ жакында төбөдөн түшкөн маанилүү кеп айтты. Марс: "Президенттик шайлоодо талапкерлер өтө кылдат болушпаса регионалдык картага ойноп жатышып тышкы күчтөрдүн алдында шахмат пешкасы болуп калышат. Былтыркы түштүк окуясы аларга сабак болушу абзел. Алар ириде ушуну эске алышы керек" деп бул сапар туура коңгуроо какты. Марстын сөзүндө калет жок. Сырткы күчтөр ар дайым Кыргызстандын ички саясатын көзөмөлгө алып кандайдыр бир эле себеп табылса, элден ырк кетип турса өздөрүнүн арам максаттарын ишке ашыруу үчүн коомду чакчелекей салаары турган иш. Айрыкча Кыргызстан Борбордук Азиядагы геосаясаттын талылуу жери. Анын үстүнө батыштан каржыланган бей өкмөт уюмдар 3,5 миңден ашат. Батыш жана АКШнын мамлекеттик жана бей өкмөт уюмдары толтура. Дүйнө жүзүн ойго салган "Викликс" интернет сайтындагы АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллердин детективдүү окуялары бул айым элчиликти жамынып алып, демократия - деген түшүнүктү калп эле байрак кылып, Кыргызтандын ички ишине ачык да ЦРУнун агентиндей тымызын да жүргүзгөн иштеринен чет элдиктер кыргызга эч жакшылык кылбастыгы коомчулукка даана билинди. Ушул кыштагы жана жаздагы "Араб революциясы" деп аталган түндүк Африка, Жакынкы Чыгыштагы кандуу жаңжалдардын тымызын учкуну тутантып, аны алоолонгон өрткө "айланткан" АКШнын үч уюму кыйла жылдардан бери жардам берген түр көрсөтүшүп, азыркыга чейин өлкөбүздө жашап келет. Биз тергеп айтпай жаткан ал уюмдарды 1993-1995 жылдары АКШнын Борбордук Чалгындоо Башкармасынын шефи, Россия, Иран, Ирак, Египет, Сирия. Сауд Арабиясынын ашынган душманы Джеймс Вулси деген негиздегени айтылат.
Дүйнөлүк саясаттагы неоимпериалист Дж. Вулси 2003-жылы Колифорния, Лос-Анжелес шаарларынын студенттери менен жолугушуу учурунда: - "Америка дүйнөлүк төртүнчү согушту баштады. Бул согуш көп жылга уланат, бирок дүйнөлүк үчүнчү согуштан мөөнөтү азыраак болот" дегени бар. Дж. Вулси: "дүйнөлүк үчүнчү согуш" - деп социалисттик державалардын ( Чыгыш Европа жана СССР ) "Варшава келишими" - деп аталган согуштук блок менен НАТОнун ортосундагы 40 жылга жакын тирешип, жарыша куралдануу процесстерин айтат экен. Ал жогоруда айтылган студенттер менен жолугушуусунда мындай деген дагы бир фразаны ыргытат. "Биз, Америкалыктар өзүбүздүн гана кызыкчылыкты көздөйбүз!" Анын жогорудагы сөздөрү кезегинде дүйнөлүк прогрессивдүү коомчулуктун кыжырын кайнаткан. Бул адамдын Кыргызстандагы "ишканасы" мамлекеттин бейпилдиги үчүн өтө кооптуу. Бей күнөө миңдеген адамдардын өмүрүн алган, НАТОнун самолетторунун бомбасынан нечендеген ооруканалар менен мектептер, имараттар кыйроого учураткан Араб жалынын алоолонтконго түздөн-түз тиешелери бар, кезегинде АКШнын экс- президенти Рональд Рейган негиздеген Эл аралык Республикалык институту (ЭРИ) жана Эл аралык кызматташтык боюнча Улуттук демократиялык институту (НДИ) деген аталыштагы АКШнын бей өкмөт уюмдары кыйла жылдардан бери кыргызга демократияны үйрөткөн болушуп шайлоолор боюнча сабак беришип, саясий партиялардын көз караштарын сурамжылап, булар жөнүндө китеп чыгарышып, спонсорлук милдет аткарышып, Бишкектин чок ортосунан орун алышып, өз үйү, өлөн төшөгүндөй эле жашап жүрүшөт. Баса, белгилей кетүүчү сөз, ушул уюмдар Египеттик жаштар тобуна 2010- жылы Сербияда семинарларды өткөрүшүп, ошолорду марионетка катары колдонушкан. Бул жаштардын семинарынын логотипи быйыл Каир шаарындагы толкундоолордо жаштар тарабынан колдонулганын Россия журналисттери көрүшкөнүн жазып чыгышты. Бул уюмдардан сак болбосок алар Араб учкунун Кыргызстандан тутантып, аны Борбордук Азияга жайылтып жибербейт - деп эч ким кепил боло албайт. Араб коңгуроосу сиз менен бизге кагылып жатат, мекендешим!

Күлчоро Кабылов




  Бомбарбия, кергуду

Туратбек Мадылбеков, ЖК депутаты,
"Ата-Мекен" фракциясы:
"Ажатканага кирем деп
ашканага кирип кетти…"
- Туратбек мырза, президенттик жарышка сексенден ашык талапкер аттанды. Гиннестин китебине кирчүдөй болдук го?
- Биринчиден муну демократия дейли. Экинчиден кыргыздар ушундай уникалдуу эл экенбиз кантели. Бирок, терең баам салсак бул көрүнүштүн бир өзөгү - өлкөдө бийликке болгон ишенимдин жоктугу. Чыныгы улуттук лидердин жок болуп жаткандыгы.
- Ошентсе да, ошол сексенден ашуун талапкер так талашка чыкканын кайдайча түшүнөбүз?
- Менин жеке пикиримде ал мырзалардын далайы эртең менен турганда ажатканага кирем деп, ашканага кирип алгандай эле болду окшойт. Мисалы, кээ бирлери жөн гана кыска пиар үчүн баш бакса, кээ бири силер журналисттер акыры учурда көп жазчу "соодалашууга" баргандар. Кээ бирлерин ошол эле аламанга ат салышканы жаткан үлкөн фигуралардын "айдактоочулары", "добуш бөлгүчтөрү" болушу мүмкүн.
- Бүгүнкү тизме менен жүрүп олтурсак, шайлоо баракчабыз өзүнчө эле бир метрден ашат го?
- Мүмкүн. Бирок, алдыда ошол аламандын талаасына чыгыш үчүн дагы далай тоскоолдуктар турат. Мисалы, эми 100 миң сом төлөш керек. Бул жерден дагы далайы кетет. Анан 30 миң кол топтоо. Андан да бир тобу ташыркайт. Андан ары мамлекеттик тилден жыдыйт. А бирок, силер айткандай чын эле 80ден ашык талапкер, ар бир 4-5 айылга бирден президент. Кызык эле,ээ..?

Суроо салган
Күлчоро Кабылов




Сайт сурамжылоо
"Сиз, президенттик шайлоодо кимге добушуңузду бересиз?" деген суроо менен электрондук маалымат булактары өз сурамжылоосун жүргүзүп келет. Алардын ичинен эң алдыда делген diesel.elcat.kg электрондук маалымат булагынын аныктоосу төмөндөгүдөй уланууда:

Нариман Тюлеев [ 121 ] [12.62%]
Феликс Кулов [ 108 ] [11.26%]
Алмаз Атамбаев [ 93 ] [9.70%]
Өмүрбек Текебаев [ 61 ] [6.36%]
Өмүрбек Суваналиев [ 58 ] [6.05%]
Темир Сариев [ 50 ] [5.21%]
Марат Султанов [ 41 ] [4.28%]
Өмүрбек Бабанов [ 32 ] [3.34%]
Адахан Мадумаров [ 27 ] [2.82%]
Мирослав Ниязов [ 24 ] [2.50%]
Акылбек Жапаров [ 23 ] [2.40%]
Камчыбек Ташиев [ 19 ] [1.98%]
Кубатбек Байболов [ 15 ] [1.56%]
Темирбек Асанбеков [ 13 ] [1.36%]
Аскар Салымбеков [ 11 ] [1.15%]
Акматбек Келдибеков [ 7 ] [0.73%]
Эмилбек Каптагаев [ 7 ] [0.73%]


Так талаштан
Учурда так талашка түшкөн талапкерлери арасынрда тараза салмагына жараша "куда түшмөй" башталды. Мисалы, өзүн "эл оозундамын" деп сезген Адахан Мадумаров Нариман Тюлеевге киши чаптырып Марат экөөңөр биз тарапка өтсөңөр жеңиш колдо дегендей кеп айттырыптыр дейт. Ал тургай Нариманрды премьер-министр, Маратка спикерликти тартуулаптыр. Ушул эле оюндун ыкмасын Атамбаевдин штабы да ойлонуп жатканын эшиттик... Андай болсо Н.Тюлеев кай тарапка ыктайт болду экен.
Мындай шартта чыны менен эле Тюлееев менен Султанов кай тарапка кошулса шайлоонун тараза ташы ошол тарапка ооп кетээри турмуш чындыгына дал келип туру. Бирок, Марат менен Наримандын максаттары азырынча ачыла элек сандыктай...
Ногойбай Султанов