Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Аламан алдында

ТЮЛЕЕВ МЕНЕН СУЛТАНОВ - ТАЛАСТА
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нариман Тюлеев Нарын, Ысык-Көлдөн кийин Талас облусунда болуп, шайлоочулар менен жолугушту. Тюлеев менен бирге депутат Марат Султанов чогуу болду.
Эл өкүлдөрү иш чараны Манас Ордодо зыярат кылуудан башташты. Манас Атабыздын күмбөзүндө куран окутушуп, түлөө өткөрүштү. Ага жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, аксакалдар катышып, депутаттарга ак бата беришти.
Ишемби күнү эл өкүлдөрү Талас шаарында шаардын жана Талас, Бакай-Ата райондорунун шайлоочулары менен кездешишти. Жолугушууга 400-500дөй адам катышып, иш чара кызыктуу өттү. Шайлоочулар депутаттарга ар кандай курч суроолорду жаадырышты.


Көзмө көз
- Нариман Ташболотович, сиз Бакиевди "ата" дегениңиз макалга айланып кетти. Чын эле ошенттиңиз беле?! - деп сурашты Түлеевден
- Бул кара пиар. Мен эч убакта Бакиевди да, Акаевди да, эч кимди "ата" деген эмесмин. Кудайга шүгүр, атам жанымда бирге иштейт. Эгерде мен чын эле ошентип айтсам далилдешсин же уккан бирөө болсо, айтсын. Анан да кайдагы бир алтындан жасалган статуетканы таап алышып, ошону мени Бакиевге тартуулаган деп чыгарышты. Эгерде мен аны чын эле тартуу кылсам эмнеге танмак элем. Эртең эле бирөө "эй, эмнеге калп айтып жатасың" деп абийиримди ачпайбы. Ишимден, ишмерлигимден олуттуу күнөө таба алышпай, анан айласыздан ар кандай жөө жомокторду ойлоп чыгарышып, эптеп эл арасындагы кадыр-баркымды түшүрүүгө жан далбас кылып жатышат, - деп жооп берди Тюлеев.
- Мына, экөөңүздөр ээрчишип, эл аралап жүрөсүздөр. Президенттикке кимиңиздер чыгасыздар?! - деген суроо коюлду.
- Кимибиз чыгаарыбызды сиздер, эл аныктайсыздар. Биз Кыргызстанды түрө кыдырып, эл менен акылдашууну туура көрдүк. Кимибиз чыгаарыбызды сиздер менен жолугуулардын жыйынтыгында аныктайбыз. Балким, Марат Абдразакович менин кайыгыма түшөт, балким, мен Марат Абдразаковичтин кайыгына түшөм, - деди, Нариман.
- Биз Нариман экөөбүз бир эле кайыктабыз, - деди Марат Султанов.
- Бир эле кайыктабыз. Бирок, эки рулдуу кайыкта... - деп түзөттү Наке.
- Кандай суроолоруңуздар, талаптарыңыздар болсо, ачык айта бериңиздер. Биз сиздердин кызматка даярбыз. Биз азыр кулун курактан өтүп, атка айланып калганбыз. Иштерман атка. Сиздердин оор жүктү көтөрүшкө жарайбыз! - деп билдирди Тюлеев.
Ал жолугушууда Таластык бир топ шайлоочулар Тюлеев менен Султановдун буга чейинки ишмерликтерине оң бааларды беришип, келечекте элге чоң кызмат кылышаарына ишенгендиктерин билдиришти.
Депутаттар жекшемби күнкү иш сапарын Шекерден баштап, Чыңгыз Айтматовдун музейинде болушуп, эстелик дептерчеге ойлорун жазып калтырышты. Тюлеев музейге акчалай жардамын көрсөттү. Эл өкүлдөрү Чыкеге багыштап куран түшүрүштү.
Андан соң Кызыл-Адыр кыштагында Кара-Буура жана Манас райондорунун шайлоочулары менен жолугушушту. Ага 500гө жакын адам катышып, жыйын курч, кызыктуу өттү.
Депутаттар республиканын учурдагы саясий-экономикалык абалына токтолушуп, андан чыгуунун жолдорун сунуш кылышты.
- Кудай буйруса, Кыргызстанды 2 жылда көтөрсө болот! Ошондо элдин баары жумуш менен камсыз болуп, айлык акылар, пенсия-пособиелер 3-4 эсе жогорулайт - деди Тюлеев.
Нариман мырза андан ары Талас элинин көйгөйүнө айланган төө буурчак маселесине токтолуп, өсүмдүктүн бул түрүн кайра иштетүүчү завод куруу керектигин, ошондо ал чет өлкөлөргө азыркыдай сырьё түрүндө эмес, даяр продукция иретинде сатылып, баасы өсөөрүн, ал үчүн 5 миллион доллар сарпталаарын, аны жасоого толук мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.
Майрамбек Казакбаев, Дөнөнбай Сейиткулов, Асанбек Турдалиев, Таштан Кулжабаев, Тургуналы Соорбеков өңдүү бир катар Таластык шайлоочулар чыгып сүйлөшүп, жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн козгошту жана эки депутатка чоң ишеним артышаарлыгын, алдыдагы саясий күрөштөрдө колдоого алууга даяр экендиктерин билдиришти.
Өзгөчө, Тюлеевдин мэр кезинде Бишкек шаарын кыска мезгилде көтөргөнүн эскеришип, алдыда элдин чоң жүгүн көтөрүүгө жараарына ишенээрлигин жар салышты. Алдыдагы президенттик жарышка талапкер катары катышуусун көпчүлүк дүркүрөгөн кол чабуулар менен кубаттоого алды.
Эки депутатка жергиликтүү калктын өкүлдөрү кыргыздын салтына ылайык ак калпак кийгизишип, чапан жабышты. Ошондой эле элибизде "күчтүн символу" катары эсептелген аюунун терисин тартуулашты.









кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??