Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Саясаттагы "алдаркөсөлөр"

Ташиев актанып бүтө албай жатат…
Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Ата-Журтчул депутат Камчыбек Ташиевдин 2011-жылдын 21-июлундагы "Азаттык" радиосундагы түз маеги жарым ай өткөн соң 2011-жылдын 4-августундагы "Деловой Кыргызстан" газетасына орус тилине которулуп жарыяланды. Угармандар менен болгон ошол маекте Асанкайгы аттуу угарман мындай деп суроо узатат К.Ташиевге (орусча которулган варианты дал өзүндөй кылып берүүнү эп көрдүм)


Асанкайчы: - Нариман Тюлеев утверждает, что перед парламентским выборами вы с Ахматбек Келдибековым, Айдар Акаевым ходили месте в сауну, звали также его присоединиться. Это правда? Если так, то вы оказывается беспринципный политик, готовый привести и Акаева, Бакиева. Жалал-Абадцы плюются, про эти дела?
Анда К.Ташиев: - Я в недоумении, какие цели преследует Тюлеев, распуская такие слухи? Если Тюлеев докажет, что я хоть копейку взял у Айдара, то готов продать все свои имущества и указанные 500 тысяч долларов передать в детский дом. Если не докажет, то я потребую от Наримана аналогичных действии. Каран ли возьму в руку, клятву ли принесу, но готов ответить перед богом" деп жооп бериптир. К.Ташиев, А.Келдибеков, Н.Тюлеев, Айдар Акаев жөнүндө эч тиешеси жок бирок, сөз кезеги келгенде жогорудагы үч депутат жана Бишкек шаарынын шайлоочуларына байланышкан ишке карата маселе аргасыздан эске түшөт.
Өткөн жылкы парламенттик шайлоонун үгүт учурунда "Ата-Журт" партиясы Бишкектин баардык жерлерине "Биз Нариман Тюлеевди Бишкеке кайра алып келебиз" деп жалындуу жазылган баннерлерди жайнатып илишпеди беле? Кана, Нариманды шаарга мэр кылып жибергениңер, "Ата-Журтчулар" анын ана башчысы Камчыбек Ташиев?.. Керек болсо ошондо, "реваншисттер" деп "Ата-Журтка" киши жолобой турганда, түндүктүн бир добушу түштүктүн он добушуна татып турганда Бишкекти эки жылда гүлдөтүп тартипке салган, миңдеген адамдарды иш менен камсыз кылган, шаардын алкагында коррупцияны оозуктаган, чыныгы адистерди ишке тарткан Наримандын кадыры менен "Ата-Журтчулар" добуш алышкан. Кокус Н.Тюлеев Абдылдаев сыяктуулар (Мыктыбек мырзага да президенттикке сиздин гана талапкерлериңизди көтөрөбүз деп, кийин "ылайдан" өткөндөн кийин "кайдан көрдүм кара эшек" кылып кетти) бул партияга кирбей койсо шайлоо кодекстиндеги 5%дык барьерден өтпөй, мүмкүн "Ата-Журт" парламентке кире алмак эмес. "Ата-Журтчулар" ошол кезде нагыз көз боемчулук кылышкан экен, Нариман Тюлеевди Бишкеке кайтарабыз, М.Абдылдаевди президенттике көрсөтөбүз дешип. Дагы далай ж.б. ж.блар бар. Барып турган мындай алдамчылык үчүн ириде К.Ташиев менен А.Келдибеков шайлоочулар алдында жооп бериши керек эле. К.Ташиев "мырза" куран кармайм, кудай алдында жооп берем дептир. Камчы Ташиев жана башка "Ата-Журтчулар" өткөн жылкы шайлоо алдында кокус Н.Тюлеевди Бишкеке мэр кыла албай калсак эмне болобуз" дешип кудайды, куранды эмне эстешпеди? "Ата-Журтчулар" куран, кудайды оозго алуудан мурда шайлоочулар алдында жооп бериши керек. Бул айтылган сөздөр ушак эмес, факт. Ириде К.Ташиев өткөн жылы шайлоочуларды алдаганы үчүн жооп бериши керек, өзү. Моралдык жоопкерчилик кудай, куран менен барабар дегенибиз чын болсо.
Күлчоро Кабылов





  Мударис не дейт?

Балекетибиз,
балээбиз неде?
Саналуу күндөрдөн кийин мамлекетибиз эгемендиктин 20 жылдыгын белгилейт. Ушул аралыкта биз эмнеге жеттик, эмнеге жетпедик, кайда баратабыз, канткенде оңолобуз жана башка ушул сыяктуу ойлордун негизинде философия илиминин доктору, социологиянын профессору Кусейин Исаев агайыбызды маеке тарттык.

- Эгеменбиз дегенден бери эмне иштер аткарылды?
- XX кылымдын 90-жылдарындагы Кыргызстан азаттыктын башталышында жалпы кубануу маанай 10-15 жылга созулду. Азаттык жөнүндөгү декларацияны жарыялоо улуттук мамлекеттин пайдубалын түптөө, мамлекеттик ыйык белгилерди туу, герб, гимн, борбор шаарды тактоо, улуттук акчаны киргизүү, биринчи Конституцияны ар тараптан жалпы элде талкуулагандан кийин Жогорку Кеңештин атайын сессиясында (1993-жыл, 5-май) кабыл алуу, Бириккен Улуттар Уюму баш болгон Эл аралык уюмга мүчө болу, алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен тең ата болуп, дипломатиялык мамилелерди түзүп, ар тараптан өркүндөтүү аракетинде болду.
Өз алдынча азаттыктагы, эркин улут катары кыргыздардын мамлекеттүүлүгүн 2200 жылдыгы, Ош шаарынын 3000 жылдыгы жана "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы Бириккен Улуттар Уюмунун атайын чечими менен Эл аралык денгээлде кеңири майрамдалды. Тилекке каршы, Кыргызстан мамлекетинин биринчи президенти баш болгон улуттук элита кыргыздын байыркы элдигин дааналаган, жогорку саналган тойлордон тоодой эттен, көлдөй төгүлгөн чыктан башка келечекте мамлекеттин өнүгүүсүнө зарыл болгон тарыхый, социалдык, саясий жана рухий сабактар алынбады. Кыргызстан эркин коом жана азаттыктагы мамлекет катары улуттук өнүгүү жолуна түшпөдү, ал турмак изденүү да болбоду.
- Анан кайда кеттик?
- Натыйжада, батыштын кеңеши, консультациясы, ар кандай программалары менен Кыргызстанда жапайы капитализмдин жолуна түштү, Кыргызстанды толук батыштандыруунун (вестернизация) жүздөгөн жылдар бою улуу муундардын маңдай тер, таман акысы менен чогулган элдик байлык таланды, өндүргүч күчтөр (завод, фабрикалар) түбү менен Россияга директорлор, инженерлер менен кошо көчүлдү, колхоз-совхоздор түп-оту менен талкаланды, ачарчылык, кедейчилик, баңгичилик, аракечтик карапайым калктын жашоосунун негизине айланды. Социалдык маанай саламаттыкты сактоонун, маданияттын, билимдин сапаты төмөндөгөндөн төмөндөй берди, интеллектуалдык эмгек бааланбай калды.
Эгерде Батыш Европа базарлык мамилеге өтүүнүн 3 толкунуна өнүгүүнүн 150 жылын короткон болсо, Кыргызстан ал жолго 10 гана жылды короткон. Натыйжада, эмгек, жер анын байлыгы жана адамдын денеси товар катары базарда сатыла баштаган. Өнүгүүсүз өзгөрүүлөргө дуушар болду, башкача айтканда, Кыргызстанда өндүрүш коом, мамлекет алмаштыруунун (базардын) зордукчулугу менен кери кеткен абалына жеткен.
- Мунун себеби неде дейсиз?
- Менимче, мындай абалдын тарыхый себептери бар. Биринчиден, азаттыктагы жаңы Кыргызстан мамлекетинин алгачкы президенти он жети жылдан ашык убакыт тете жогорку билим алып, кандидаттык докторлук, диссертацияларды физика илими боюнча батыштын үлгүсүндө коргогон. Кыргыздын тарыхы, философиясы, мамлекет башкаруу салты жөнүндө билим албаган. Тилекке каршы, мындай абал Кыргызстандын башкаруу элитасынын биринчи жана экинчи муундарынын баарына тиешелүү. Бул биздин балекетибиз, балээбиз!
- Эгерде биз ушундай күнгүрттүктө жүрө берсек коомдун өзү да топ-топко бөлүнүп кетпейби?
- Учурда, жалпы калк бир кылка эмес. Өткөөл мезгилдин татаалдыгына жараша, ошондой эле апрель элдик ыңкылаптын баалуулуктарына жана анын келечегине да ар кандай түшүнүктөр, ошого жараша мамилелер бар.
Бүгүн коомубуз ачыктан-ачык эле үч топко бөлүнүп калды.
Биринчи топ , социалдык элдик ыңкылапка терең иштегендер жана анын баалуулуктарын коргоого жана бекемдөөгө даяр тургандар. (Кандай гана социалдык ыңкылап болбосун коргонууга муктаж жана коргонуусунун кубаттуулугуна жараша асыл максаттарына жетет.- ред. ) Кыргызстандын келечегине ишенгендер жана республиканын түп-тамырынан бери кайрадан жакшыртууну эңсегендер. Бирок, кантип, кандай күчтөрдүн, каражаттардын жана идеологиянын негизинде жаңы Кыргызстанды түптөйбүз деген маселелерде толук ачыктык жана түшүнүк жетишсиз. Аны бир гана жаңы Жогорку Кеңеш жана Өкмөт чечкиндүү жана ишенимдүү иш аракеттер менен жалпы коомдо биримдикти жана бир тилектүүлүктү бекемдеши мүмкүн.
Экинчи топ - апрель ыңкылабынан кийин ыңкылаптык өзгөрүүлөрдүн болбой жатканына нааразы болгондор. Ошондой эле ыңкылапка катышкан же ыңкылаптын душмандарынын бийликке келишине макул болбогондор. Көпчүлүк маалымат каражаттарында жарыяланган мүнөздүү бир пикирди келтирейин: "2010-жылдагы ыңкылаптан кийин баардык жактан өзгөрүүлөр болуш керек эле. Бирок, тилекке каршы ишке ашпай калды. Бул ачуу чындыкты биз моюнга алышыбыз керек. … "мамлекет түп-тамырынан бери тазаланып, жаңы мамлекет болушубуз керек эле, бирок эски чапан, эски тебетей менен эски арабага отуруп, эски жол менен баратат". Ушуга окшош пикир, сунуштар Бишкекте чыккан көпчүлүк гезиттерге жарыяланууда жана мындай пикирге макул болгондордун санын күн сайын көбөйтүп жатат. Эң башкысы - эртеңки күнгө ишенүүчүлүк маанай жоктой, келечек күңүрт.
Ошентип, апрель ыңкылабынан асыл максаттарын колдонгондордун саны геометриялык ылдамдыкта көбөйүп барат. Мындайда үчүнчү ыңкылаптын болушуна тоскоолдук түзүлөөрү анык.
Калктын үчүнчү тобун - апрель элдик ыңкылабынын душмандары, эски бийликтин жактоочулары түзөт. Аларды ар кандай басмада контрыңкылапчылар, реваншисттер, диндик экстремисттер, террористтер, сепаратистер ж.б. деп аташат. Алар саны боюнча анчалык көп эмес. Бирок аларда - байлык, акча, куулук, четтен даярдалып, машыккан тажрыйба бар. Чет жакадан колдонгондор көбүнчө байлыкка, акчага жалдангандар, обочолонууга, бөлүнүүгө аракеттенгендер. Алар коомду кайрадан тазалап курууга, коомдун ынтымагына, биримдигине, адамдардын жан-дүйнөсүнүн агарышына, кең пейилдүүлүккө, аруулукка, дээрдин тунуктугуна, зээндин сергектигине каршы чыккандар. Алар саны боюнча аз болсо да, ар кандай амалкөйлүк, куулук, арамдык аракеттер менен коомго, адамдарга алда канча көп зыян келтириши толук мүмкүн. Кыргыз мамлекетин бүлүндүрүүгө, жок кылууга умтулгандар. Ошондуктан, алар менен мамлекеттин күч колдонуучу мекемелери элдешкис күрөштү жүргүзүп, алардын адамга, коомго терс таасирлерин бейтарапташтыруу эле эмес, экстирпатор (латын сөзүнөн - тамыры менен жулуп таштоо) жасоо зарыл.

Алтынай Бакирова







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??