Бактыгүлдүн баам ыры
Неси болсо да А.Атамбаев менен Ө.Бабановду Д.Үсөновдун тагдыры күтпөсө болду. Айтмакчы жакындан бери "namba" интернет сайтында белгилүү ырчы Бактыгүл Бадыеванын Бишкекти Кытай каптап келе жатат" деп сыртка чуркап чыккан видеосюжети пайда болду. Бул сюжеттин көркөмдүгү юмор сыяктанганы менен сөздүн мааниси тереңде жаткансыйт.
Б.Бадыева ойлончу маселени көтөрүп жатат, сөз кадырын билгенге...
Ногойбай Султанов




Редакциядан: Кыргыздын керемет байлыктары, анын ичинде Жетим Тоо, Сандык кендери туурасында, жана аларга ким көз артып кимдер андагы байлыкка туйтунгулары келип жатканы туурасында далай жолу маселе көтөрүп, коомчулукка жарыя салган элек. Учурда кен байлыктарды көзөмөлдөгөн министрликтин жетекчиси З.Эсенаманановдун жоруктары туурасында да далай жолу ачуу пикирибизди айтканбыз. Кечээ жакында Замир мырзанын өзүмбилемдиги өкмөт башчысына да жага бербеген белем, З.Эсенамановго сөгүш жарыялады.


8-августта Нарындын тургундары Жетим-Тоо кенин кытайлык ишкерлерге берүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышты. Ошол эле 8-август күнү премьер-министр Алмазбек Атамбаев министр Замирбек Эсенамановго сөгүш жарыялады.
Буга жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов интернеттеги маалымат агенттигине курган маегинде өкмөт Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин, Терек-Сай алтын кенин жана Сандык алюминий кенин чет өлкөлүк инвесторлорго берери, бул боюнча токтом чыкканы тууралуу айтты деген маалымат негиз берген.

Алмазбек Атамбаев объявил выговор министру природных ресурсов З.Эсенаманову за его комментарии прессе о якобы решении Правительства передать месторождения полезных ископаемых иностранным инвесторам в обмен на строительство железной дороги.
8 августа, Премьер-министр Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев объявил выговор министру природных ресурсов Замирбеку Эсенаманову за его комментарии в интервью информационному ресурсу "Тазабек" о том, что якобы было принято постановление Правительства Кыргызской Республики о передаче месторождений полезных ископаемых иностранным инвесторам в обмен на строительство железной дороги Китай-Кыргызстан-Узбекистан.
"Я не подписывал подобное постановление и никогда не подпишу. Нам, конечно же, железная дорога нужна, но не такой ценой и подобной схемой", - заявил Премьер-министр на встрече с З.Эсенамановым.
Алмазбек Атамбаев отметил, что подобные заявления безответственны и могут вызвать непонимание людей.
Глава Правительства также отметил, что министерство природных ресурсов задерживает работу по проведению аукционов на разработку месторождений полезных ископаемых, от которых должны поступить значительные доходы в бюджет Кыргызстана.
"Природные богатства страны должны работать на благо народа, а не на карман отдельных лиц", - заключил Алмазбек Атамбаев.
Отдел информационной политики
Аппарата Правительства
Кыргызской Республики

Ал учурда
2009-жылы качкын Данияр Үсөнов: "Кенди темир жолго алмашуу" деген" девиси астында Кытай Эл Республикасынын инвесторлоруна кыргыз кени Жетим-Тоо, Сандыкты берип, ордуна узундугу 268 км темир жолун ошол инвесторлорго курдурабыз деп чыккан. Улуттун чыккынчысы Д.Үсөновдун ошол долбоору акырындап азыркы бийлик уламай болду. Бул долбоордун алкагында Кытайлык "Чайнер" деген компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт экен. Эскерте кетсек Жетим-Тоодо 1 миллиард темир, Сандыкта баасы 68 миллиард АКШ долларына барабар 187 миллион тонна алюминий жатат.
Жумгалдын эли "Сандыгымды бергенче саягым өлдү десеңчи" деп чыгышты эле, Нарындын жаштары Жетим-Тоо кенине 10 жыл маротория жарыялоо керек деп билек түрүп жатышат. Тоо кен иштетүүдө мол тажрыйбасы бар коммунист карыя Орозбек Дүйшеев жакында "Де-Факто" газетасынын 2011-жылдын 4-августагы санына Кытай инвесторлору кен казып алууда экологияга эч көңүл бөлбөйт экен деп акыры карылык түз сөзүн айтты. Өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Ө.Бабанов жогорудагы пикирлер менен эсептешет бекен же жокпу "Чайнер" темир жол куруучу компаниясы менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында билинет.


Эсемановго экинчи жолу сөгүш берилди
Буга чейин чуулганга айланган "Кыргызмунайгаз" ишканасынын тегерегинде июнь айынын башында өкмөттө жыйын өтүп, Маммүлк жана Жаратылыш ресурстары министрликтеринин жана Жалал-Абад обладминистрациясынын иши сынга алынган. Жыйынтыгында өкмөт жетекчиси Алмаз Атамбаев Жаратылыш ресурстарынын министри Замирбек Эсенамановго сөгүш жарыялап, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановго эскертүү берип, Маммүлк министрин Нурдин Илебаевди кызматтан кетирген эле.
Атамбаев тигинтип кайта - кайта сөгүш бере бербей Эсенамановду да эбакта кызматтынан алышы керек эле.

Күйдүм чок
Өткөн 90-жылдары кимдир бирөөлөр Жумгалдын Орто-Кууганды жайлоосундагы 116,9 тонна уран жана плутоний кенине 300 сомго лицензия сатып албайбы. Бул лицензияга Канадалык "Динамит" аттуу компания ээ болот. 2007-жылдын май айында фонддук биржада бир акциясын 18 долларга баалап, Австралиялык "ТЭУ МАЙНИНТ" компаниясына 36,6 миллион доллардык акциясын сатат. Австралиялык бул "ТЭУ МАЙНИНТ" компаниясы ушул жылы эле Жумгалдын Орто-Кууганды жайлоосуна жетип барып чалгындоо иштерин жүргүзүүдөбүз деген шылтоо менен бир бийик тоону жер менен жер кылып тегиздеп жиберишет. Тоону бузуп жатканына нааразы болгон эл "ТЭУ МАЙНИНТ" компаниясынын адамдарын 2008-жылы ал жерден айдап чыгышат. Бул компаниянын "чалгындоодобуз" дегени куру шылтоо болгон. Орто-Куугандагы, уран, плутониум кенинин запасы 1961-жылы эле чалгынданып, аныкталып, картасы чийилген. Орто-Кууган кени Кара-Кече көмүр кенинин дал маңдайында жайгашкан. Жогоруда Жумгал эли Чернобыль, Фукусима атомдук реактордун үстүндө жашап жатышат" дегенимдин жөнү ушундай.
Азыркы бийлик эч бир анализ жүргүзбөстөн, жогоруда келтирилген мисалдарды көңүлгө албастан, Сандык калай кенин кыргызга эч кереги жок темир жолго алмашып, Кытай тарапка беребиз дешип ээленип жатышат. Бийлик Сандык кени ачылса бир өрөөндүн эли, малы флора менен фаунасы тукум курут болуп, мөңгүлөрү жок болуп, Жумгал, Көкөмерен дарыялары соолуп Нарын каскадындагы ГЭСтер керектен чыгаарын билишпесе керек. Жумгал, Көкөмерен дайралары Нарын дайрасынын оң куймасы. Токтогул, Камбарата жана башка ГЭСтердин генераторлорун айлантып жаткан ушул эки дарыя. Бул эки суусз Нарын дайрасы ГЭСтердин генераторлорун айлантканга кубаты жетпесин адис эмес адам да билет.
Ушул эле учурда бийлик Кытайлар менен бирге Көкөмерен дарыясына ГЭС куруу долбоорун ишке ашырууну көздөөдө. Менин билишимче бул ГЭС калк үчүн эмес, Сандык калай кенин иштетүү үчүн керек. Эгер бул ГЭС курулса сөзсүз жергиликтүү калк үчүн чоң маселелер келип чыгат. Атка минерлер "инвестор", "жумушчу орун" деген сөздөрдү модалуу сөздөргө айлантып алышкан. Болуптур, жергиликтүү эл Сандык кенинин жумушчу орун алып өлбөстүн күнүн көрүп, акча тапсын, бирок ден-соолуктарын, бай жаратылышын кайдан табышат? Адамзаттын генийлеринин бири Ф.Энгельс: "Адам табиятты кандайдыр бир деңгээлде жеңет, бирок табият качандыр бир кезде адамзаттан аесуз өчүн алат" деп айткандай, Сандык кенин "шапке" үчүн чет элдерге берип койсо, анда табияттын өчүн жалпы кыргыз көрөөрү шексиз. Жаратылыштын кудурети күчтүү. Бул маселени бир эле Жумгал эли эмес, жалпы кыргыз ойлонуш керек.
Даярдаган Токо МАМБЕТОВ

P.S.: 2011-жылдын 13-июнунда Бишкекте Жумгалдын кулундарынын жыйыны болуп, ал жыйында Сандык жайлоосун коргоо комитети түзүлүп, азаматтар өз атаконушун коргоого аттанышкан. "Манаста" … "Мааникерди бергенче, Манасым өлдү десеңчи" дегендей "Сандыгымды бергенче, саягым өлдү десеңчи" деп ушул багытта иш жүргүзүп жатат.