Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  О, Шайлоо!

Эмне үчүн?
Талапкерлердин саны 50нү чапчып жыгылчудай болуп калды. Эмне үчүн мынча көп? Ар бир районго бирден президент. Мунун жообу күн сайын аңырайып ачылып барат - өлкөдө эл бийликке ишенбей калганы. "Өрдөк" менен "чулдуктарды" айбыктырчу чыныгы улуттук лидердин жоктугу.


Акыркы "ок"
Аталган шайлоого үстү мемиреп көрүнгөнү менен, астында буркан шаркан болуп, реваншисттик күчтөр катуу даярданууда. Бул туурасында саясий серепчилер да өз пикирлерин ачык билдирүүдө. "Реваншисттик күчтөр үчүн 30-октябрь акыркы мүмкүнчүлүк. Ал үчүн алар баарына барат" дешүүдө, алар. Негизинен Акаев, Бакиев, Атамбаевдин командаларынын ортосунда айгышкан кармаш орун алаары айтылууда.


Чоң казатта
103 гезит 40 телекомпания БШКнын атайы каттоосунан өтүп, аламандагы ар бир окуяны жаза кетирбей жамы журтка жарыялайбыз деп туру.


"Ата-Журт" аябай иштеп жатабы?
Быйыл көлдөгү жайкы сезон дурус эле болду. Жараткан да күндүн ачыгынан берди. Саратанда эзели 29-30 градус ысыктан ашпаган барометрдин сызыкчасы отуздан да ашып турду. Эс алуу демекчи, быйыл "Ата-Журт" партиясы электораты үчүн аябагандай эле аракетин жумшады белем, далай кишилерге жолдомолор жолдонуп көл жээгинде сайран курушту. Мындай сый-ургалга ыраазы болгон кээ бирлер ашыкча сүйүнгөндөнбү же ашыкча "актан" согуп алышканбы, "Ата-Журт" партиясын колдойлу" деп "ырдап" жүргөндөрүн да көрдүк, көл жээгинен. Ал тургай Ысык-Көлдүн кереметине тамшанган айрымдар ал жактан үй-жай издеп калып калгандар да бар.


  Аркардын "сүйүүсү"

Т + Т = ТТ
О, кезинде Ө.Текебаевди көпчүлүк урагыс, сынгыс, сатылгыс, патриот, чынчыл, адилет деги койчу адамзатта канчалык пакиза сапаттар болсо ошону ага ыроолого дилгир жандар четтен чыкчу. Анан эле "ыйык аска" четинен урай баштабаспы… Темирдей тартипте турат деген "Ата-Мекендин" ичи өзүнчө эле Крыловдун тамсилине айланды. Жогору жагын ылдый жагы укпай калган кудум Октябрь революциясынын кезиндей. Бирок, мындай бытпылдыктын баарына Ө.Чиркешовичтин өзү да күнөөлүү дейт. Көрсө, чыны менен эле Текебаев жеке кызыкчылык үчүн баарына кайыл белем.
Өткөн аптада "Ата-Мекендин" курултайы болуп, Таластан келген делегаттар талпынып чыгышты эле, далайына сөз берилбеди. Кыязы, Ө.Текебаев ачуу чындыкты укканды жактырбады окшойт. Калыстык үчүн айтып коюушубуз керек, кезинде, оор кезеңдерде дейличи, дал ушул таластыктар "Ата-Мекен" үчүн бийликтин административдик машинесинин астында далай ириет Чолпонбайдай "төштөрүн" тосуп келген эле. Ал эле эмес, өткөн парламенттик шайлоодо "Ата-Мекендин" абийирин түндүк электораты жаап кеткенин Текебаев "прекрасно" билет. Анда "Ата-Мекен" түштүктөн шайлоочулардын 10%нынын айланасында гана добуш чогултуп, калганын түндүк электораты көтөрүп кеткен....
Акыры, курултайда уят дештиби, партия Ө.Текебаевди президенттикке талапкер кылып чыгышты. Өзү эмне жасай ала турганын айтпайт, бирок бирөөгө асылганды укмуш үйрөнгөн Ө.Текебаев ал курултайда адатынча А.Атамбаевди айда эле шыбап алды. Анан да бир карасаң түз эле сөз көрүнгөнү менен, ар жагында эмне ой жатканын ким билсин, "Бакиевди алып келгенден коркпош керек, ал мунжу, чолок, жалгыз деген сыяктуу сөздөрүн айтып, мээни тескери жагынан айланта баштады.
Ал эми саясий серепчилердин бир далайы Ө.Текебаевде жеңиш үчүн эч кандай шанс жок экенин эмитен эле кыйытып келет. Узун кулактардан укканыбызга таянсак Ө.Текебаев К.Ташиев менен жашыруун соодалашып, тандемдешип, Ташиевдин пайдасы үчүн Атамбаевге каршы түндүк электоратында иш алып барат экен деген пикирлер да айтылууда. (Анткени али да "Ата-Мекенди" сыйлагандар түндүк электоратында аз эмес).

Урмат Сапаров


  Теңир-Тоодо эл чогулуп

"Ойгон, Нариман!"
8-август күнү Нарын шаарындагы Теңир-Тоо аянтында эл чогулуп ЖК депутаты Н.Тюлеевди КР президенттигине талапкер болууга чакырык таштады. "Ойгон, Нариман! Эл намысына туруп бер, биз сени президенттикке талапкер катары көргүбүз келет" деген кайрылуусун таратышты.
А чынында эле иш билги, жоомарт, сакадай бою сары алтын болгон бул жигит туурасында эл оозунда көп айтыла баштады. Муну оппоненттери деле "ичтери күйүп, түз жалабай эле" моюнга алгандары эп. Эл арасындагы Н.Тюлеев жөнүндө жылуу пикирлер илгери үмүт менен коштолуп, улам арбып баратканы анын буга чейин Ысык-көл, Нарын, Талас облустарында болгон жолугушуулары тастыктап турат. Н.Тюлеевдин эми түштүк эли менен жолугушуусу күтүлүүдө. Айтмакчы, ушул жуманын аягында Н.Тюлеев да БШКга президенттикке талапкер катары арыз жолдоосу күтүлүүдө.





  Тойдон кийинки ой

Соң-Көлдүн башы мал менен…
Жолдошева менен Отунбаеванын оозу ачылып…
Жакында келберсиген кең Соң-Көл жайлоосунда 200дөн ашык боз үйлөр тигилип, 20 миң конок күтүлүп, байгеге 10 автоунаа сайылып, кыргызда жаактууга жаа бербеген чечен, адамды бир карап ичин аңтарып баа берген сынчы, манасчы өзгөчө сапаты, өнөрү менен Шабдан, Байзак манаптардын катарында тизгин улай жүргөн Куйручуктун 145 жылдык мааракеси белгиленбеди беле. Асман толо жылдызы көп Соң-Көлдүн абасынан түнөй дем алып, эртеси күлүк байгесин тапшырып коюп Бишкеке кайтаарда президент Роза Отунбаева Нарын областынын губернатору Канат Муратбековго: "Манас 1000 мааракесинен кийин ("Манас 1000" мааракеси 1995-жылы өткөн) мындай мааракени көрө элек элем. Жакшы уюштурулуптур. Мен абдан ыраазымын" деп айтыптыр. Бул сөздү Р.Отунбаева өзү деле трибунадан элге айтса болмок. Жогорку Кеңештин депутаты кадимки Жылдыз Жолдошева да Соң-Көл тоюна барып моокуму канган белем, чын дилинен областын, Жумгал районунун жетекчилерине "Мындай тойду бир гана саяктар уюштура алат" дептир дейт, эй... Андан аркы сөзүндө "Күзүндө, сентябрь айында Курманжан Датка энебиздин 200 жылдык мааракесин өткөзүүгө өзүңөрдүн тажрыйбаңарды бөлүшүп жардам бергиле" дептир. Ушул тапта жөн билги Жумгалдыктар "Курманжан Адигиненин кызы болсо, биз Тагай бийдин урпактарыбыз. Адигине Тагай бир тууган. Эки бир туугандын урпактарыбыз дешип "200 жылдык мааракени өткөзүүгө, акы кошконго даярбыз" деп жатышат дейт. Эгер Алайлыктар менен Кара-Суулуктар кайра эле чалкасынан кетишпесе.
"Карышкыр" псевдоними бар журналист Сабыр Муканбетов да тойго катышып көзү, курсагы тоюп алигиге чейин тамшанып, суктанып жүрөт. "Бу саяктарың автономия болуп алышса да жарашчудай" деп.

Исанын планы ишке ашпай калдыбы?
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов чынында эле Куйручук экөө бир уруудан, Курманкожо уругунан тарашат. Куйручук Исанын жетеси же жотосу болуш керек. Соң-Көл тоюна Иса да аялы менен барат. Мэрдин жубайы конок болгон боз үйгө Жумгалдын Кызарт, Куйручук айылынан барышкандар "жеңе, келиңиз деп улам келишип, салам беришип, тындырбай конокко чакырышып, жеңебиз болсо бир кап устукан чогултуп, анысын Ысык-Аталыктарга (Соң-Көлгө барышкан) таркатып бериптир. Ошентсе да, Иса Өмүркулов мени Жумгал эли жакшы тоспой койду дегендей таарынып калыптыр деген сөз эл ичинде күбүр-шыбыр. Эгер бул сөз чын болсо, Иса мырза кыялында Соң-Көлгө барып машинадан түшөөрүм менен бетеге шибердин үстүнө кызыл килем төшөлүп, өзүнчө көтөрүлгөн ак өргөгө кирем деп ойлосо керек. Анын үстүнө ал мааракенин астында Жумгал саяктарын Токмоктогу "Гавай" ресторанына коноктоп 5 миң доллар кошумча берген эле. Анын бул кадамын Бишкекте жашаган Жумгалдыктар тойго эмес, күздөгү президенттик шайлоого деп туура, түз түшүнүшкөн.
Ал антпесе дагы бир жагдай, И.Өмүркулов мэр болоору менен Н.Тюлеевдин убагында иштеп жүрүшкөн Жумгалдыктарды иштен бошотуп таштаган. Ушуну кек кылып жүрүшөт далай Жумгалдыктар, кезегин күздөгү шайлоодо кайтарабыз дешип.

Жүз миң сом жоголду, көрдүңбү?
Отунбаеванын оозун ачырган бул тойдон кийин ал жерден 4 тонна таштанды чыгарылганын, аны тээ Кара Жайлоо деп аталчу таштанды ташталчу жерге ташып барып төгүшкөнүн, ага кеткен каражат да башкармалыктын эсебинен чыгымдалганын Нарын облусттук айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү билдиришти. Бирок, тойдон кийин Соң-Көлдү тазалоого бөлүндү деген 100 миң сомдун дайыны кимдин чөнтөгүнө кирип кеткени белгисиз.

Ногойбай Султанов




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??