Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Көрдүш

Айла жок, бирок айлавю дечү эле…
Экономиканы чемичкедей чаккан менен принцип, уят-сыйыт, эл, жер дегенге келгенде "эх!!!" дедиртчү Акылбек Жапаров деген неме да шайтанды сууга ээрчитип барып, суу ичирбей кайра ээрчитип келген азезилдей алдыдагы шайлоого карата (эшиктен киргизбей койсо, тигинтип тешиктен кирип) акылды аң-таң кылган жүрүштөрү менен даярдык көрө баштады. А дегенде өзү ар дайым иштечү, эл менен жолугушчу "делген" штабын ачып, бирок, көздөн далдоо жолугушууларды Карпинкадагы дагы бир жашыруун делген офисинде иш алып барууда. (Жапаровдун оозду ачырган жоруктары жөнүндө сөз кийинкиде болсун) Айтмакчы, азыр борбордун ар кайсы көчөлөрүндө килейген жарнак такталарда "Акыл баарын жеңет…" деген жарыя-жазуулар пайда болду. Түз маанисинде түз эле сөз. Аны айрым тапандар Акылбектин амалы дешүүдө. Кокус эртең үгүт иштери башталганда ал жерге А.Жапаровдун сүрөтү илинип, "Уят-деген улуу сөз" деп жазылып калса деле таңкалуунун кереги жок…





  Шайтан оюн

Каттанини кимдер колдойт?
Ф.Кулов ушу тапта Жапаровуна да, Калматовуна да тоюп, шайлоодо Өмүрбек Суваналиевди колдомой болуптур. Андан да кызыгы Ак үй тараптан агылган маалыматтарга кулак төшөсөк, кадимки Азиз Батукаев Бахти Ташкентский менен баарлашып Каттанини колдоого алмак болгон имиш. Аны уккандар ОПГнын оозун Ошту каратам деп дайыма айтып келген Өмүрбек мырза эмне дейт болду экен…




  Курултай

КСДПдан талапкер ким?
14-август күнү КСДПнын ХI курултайы өткөрүлөт. Анда Кыргызстан Социал-демократтар партиясы алдыдагы президенттик ат салышта бирдиктүү талапкерди көрсөтүү маселеси каралат деп билдирди КСДПнын басма сөз кызматы.




  Дептир, эй

Аликбек Жекшенкулов
Айтылуу Аликебиз алдыдагы күтүүсүз жүрүштөрдө этек-жеңин ириетке келтиргендин ордуна, "мени чайга чакырып, келечектеги устукандын атын атаса тарапташтарым менен силерге өтүп кетет элем" дептир дегеним "Кереге" гезити жазып чыкты….




  Жаштар чакырат

14-августта...
2011-жылдын 14-августунда саат 10:00 А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында "7-апрель жаштар кыймылы" саясый партиясынын кеңейтилген съезди өткөрүлөт.
Съездге ар кандай саясый партиялардын, коомдук бирикмелердин жана кыймылдардын өкүлдөрү катышат.
Бардык калоочуларды "7-апрель Жаштар кыймылы" саясый партиясынын уюштуруу комитетине төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот.
Бишкек шаары,Тыныстанов көчөсү,104.
Сурап билүү тел.:
62-38-21
e-mail:
mig_2512@mail.ru





  Күн бүгүн

Кыска - нуска
К.Бакиевдин сүйүктүү генералы, экс-коргоо министри 7-апрель окуясы боюнча күнөөлөнүп, буга чейин УККнын абагында жаткан Бакытбек Калыевди фемида үй камагына бошотту.

***
Президенттик шайлоонун алдында 500 миң паспорт чыгарылып, паспорту жок атуулдарга берилгенин Мамкаттоо башчысы Жаныбек Бакчиев билдирди.

***
Учурда Казакстандын түрмөсүндө 28 Кыргызстандык атуулдар камалып жатат.

***
Кыргыз мушкерлери дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө. Бокс боюнча дүйнөлүк ал мелдеш 26-сентябрдан 9-октябрга чейин Баку шаарында өтөт.





  Жөжө санак

Темир кайда?
Кезинде "Кто бы не разыгрывал на шахматной доске за нас нашу партию - мат ему неизбежен!
Вот это я - верю!.." деп өзүн өтө барандуу сүрөттөгөн "Шах Кыргызской демократии" деген китебинде өзгөчө шрифт менен баса белгиленген Темикенин деле чама-чаркы чакталуу белем, же өткөндөгүдөй аламандын чаңында калгандан чочудубу, Алмазга эле учкашмак болуптур дейт. Ал антсе "Ак шумкардагы" жаштар тобу Өмүрбек Суваналиевди колдойбуз деп "Ак шумкардын" ичи деле кыжы-кужу…








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??