Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
АЗГЫРЫК
СЕЗИМ
(Уландысы.
Башы өткөн санда)

Мээрим эжем тамшана үн катты:
- Жеңе, менде бир сөз бар...
- Сен дагы кызыма жуучу болуп келгенсиң бейм? - деди апам сактана.
- Дал үстүнөн түштүңүз...
- Кимге, ботом?
- "Ак буудайдын бараар жери - тегирмен, кыздын бараар жери күйөө" деген жеңе. Кызыңыз жатка кетпесин, менин кайниме эле бергениңиз туура болоор, - деп эжем сүзө качырып кирсе болобу!
- Темирбеккеби?!
- Ооба, эмне ал жаман жигитпи?
- Ой, аның менин кызымдан кеминде эле он жашка улуу эмеспи! Чынбы?
- Болсо эмне экен! Анткени менен жашоосу жакшы да. Үй-жайы, малы бар. Турмушту түшүнө билет...
Мен кабагымды салдым. Апам муну байкай калды белем, эжеме сылык-сыпаа:
- Кызымдын көңүл кушу башкада. Ошол жигитке гана турмушка чыгат буйруса, - деди.
- Ах, ушундайбы! Бирок, "жүгүргөн албайт, буйруган алат" - деген жеңе, - деп эжем табышмактата сүйлөдү.
Көрсө... ал ичинен башкача чечимге келген экен. Бул кийин белгилүү болуп жүрбөйбү. Мен эч нерседен шектенгеним жок ошондо...

* * *
...Бир күнү Тазабек жумуштап Бишкекке бармакчы болду. Мени менен кайырлашып жатып мындай деди:
- Ары барса эки жума гана жүрөмүн. Келээрим менен сага жуучу жөнөтөм. Апаңа айтып, даярданып тургула. Макулбу? - деди ал уялыңкы түрдө.
- Уят го, кантип айтам?
- Баары бир жиберем. Көрөсүң го!
Жан дүйнөм бороонго буюгуп, муздап турду. Кабагыма кар жаап, маанайым чөктү. Эмнегедир мен аны экинчи жолу көрбөөчүдөй туюлуп жатты. Чийки май жутуп алгансып, көңүлүм түпөйүл тартты...
Көрсө... туюмум алдабаган экен...
Бул күн он сегизинчи май эле...

* * *
...Арадан төрт күн өттү.
Эжем Мээрим дагы келди. Үйгө кирээри менен мага үн салды:
- Сени Элмира чакырып жатат, - деди, - Бишкектен азыр эле келди. Кызым сени аябай сагынган го.
Ал ордо калаада жогорку окуу жайында билим алчу. Аны көрбөгөнүмө үч айдай болуп калган. Сагынып жүргөнүм ырас.
- Ай-ий, чын элеби, эже! - деп мен жаш баладай кубанып кеттим.
- Ооба, ал сени чыдамсыздык менен күтүп олтурат. Тез келсин деди...
Эжем мени атайын эле алдап койгон экен. Элмира келбептир деле. Тескерисинче мени орто жолдо кайниси Темирбек акмалап туруптур. Жалгыз эмес, үч жолдошу жана жеңил машина менен. Ай-буйга келбей эле мени ала качып жөнөштү. Каршылык кылганыма да, кыйкырып-бакырганыма да карашпады. Көз жашымды көлдөтүп, боздоп бара жаттым...
Темирбектин үйүнө да жеттик.
- Мен бул үйдө баары бир олтурбайм! Сүйлөшкөн жигитим бар, - дедим.
Үйдөн келин-кесектер жүгүрүп чыгышты. Бирөөнүн колунда чоң ак жоолук да жүрөт.
- Токтогула! Силерди милицияга беремин! Менин сүйлөшкөн жигитим бар! - деп колумдан келишинче коргонуп жаттым.
- Жигитиң ким эле? - деди келиндердин бири оозун ачканча, таңданган өңдөнүп.
- Тазабек! Уктуңарбы, Тазабек!
- Асан байкенин уулубу?
- Албетте, ошол!
- Бишкекке кеткен беле!
- Ооба, эки жумадан кийин келмек.
Баягы келин башын чайкады:
- Жигитиң эми келбей калды го...
- Эмнеге антесиз?
- Каза болгонун укпадыңбы Темирбектин. Бишкекке баратып жол кырсыгына учураптыр. Өзүн билбей ооруканада жатат дешкен. Кечээ каза болуптур. Туугандары бүгүн эртең менен сөөгүн алып келгени Бишкекке кетишти. Кечке жуук келип калышаар...
- Кантип ошондой болсун?! Ишенбейм! Калп айтып жатасыңар! Жалган! Жалган! - деп үнүмдүн жетишинче айкырык салдым.
- Өзүң бил. Бирок, бул карандай чындык, - деп тиги келин текебердене унчукту.
Эсим ооп чалкамдан жыгылдым...











кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??