Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Азил менен чындыкта

"Чоң казат"
Чоң казаттын кайгуулуна Камчыбек датка өзү чыгып Көлдү бир айланып жоо өңүтүн алып эми Таласка сапар алганы туруптур. Казат алдында Нариман датка да жөн жатпай Соң-Көлдөн ары кошунун түгөлдөш үчүн, казат өңүтүн такташ үчүн Көлдүн Каркырадан бери карай өрчүп жатышкан алты айры Бугу элине барып казатка аттанаарын айтып буту баскан баладан бөкчөйгөн чалга чейин жоо кийимин камдагыла, казатка аттанам" деп кайткан экен. Эки көлгө (Соң-Көл, Ысык-Көл) бара электе Нариман датка Акматбек датка менен Камчыбек датканын өткөн жылкы кичи казатка киришеерде качып бозуп жүргөн ооматты кеткен ханзада Айдардан 500 миң алтын дилде алганын журтка жарыя кылып абийирлерин ашаткыдай төгүп койгон. Бул анын беттешер жоону алсыратуусу эле. Буга тигил эки датка катуу кекенип жатышат дейт.
Ошентип, ачык майданда болбосо да маалымат согушу эмитеден башталды. Нариман даткадан кийин эле казатка аттана турган Буруттардын Кызыл башчысы (милиция генералы) Субанаалынын уулу Өмүрбектин туусунун түбүндө туруп берүүчүсү, кеңешчиси, акылчөйү Эшимкандын Мелиси: "Эгер Өмүрбек Кызыл башы ажо болсо Акматбек датканы ордонун башкы вазири Алмазбекти, кичи вазир Бабанын Өмүрбегин зынданга салдырат" деп жиберди. Бул да маалымат согушу. Чынында Мелис туу башы айткандай боло бербейт. Зулум хандын тушунда (К.Бакиев-авт.) да Роза ханыша, Өмүрбек датка (Текебаев) Алмазбек вазир жана башкалар: "Биз бийликке келсек эле качкын Аскар ханды, Зулум ханды үй-бүлөөсү менен зынданга салабыз" дешип далай ирээт эл алдында үндөрү бүтүп, тамактары кургаганча айтып келишчү. Мелис туу башынын айтканы кадимки Шаршендин кайырмасы.
Күздөгү башчы так үчүн болчу чоң казатка Оруссияда жүргөн ишкер баатыр Айтикенин уулу Акбаралы да аттанмай болду. Негедир Кубанычбек Апастан дайын жок. Нагызы Буруттун тукуму деп ушул Акбаралыны айтыш керек. Калың олу болбосо да чакан тобу менен буга чейин эки жолу чоң казатка катышкан. Казат десе эле бул баатыр эки санын мыжыгып көзүнөн чаары чыгып Буруттарга хан болом деп жоо камылгасын көрө баштайт экен. Баракелде! Баатыр башы Акбаралы. Бул баатырдын бир айыбы казат бүтөөр замат эле элин таштап кайып болуп кетчү жайы бар эле.
Чоң казатка "Пери Нур" чаралакей кагаз тобунун топ башчысы Ыбышдын уулу Ырыскелдиси, орус журтунун өкүлү "Keinform" дүрбүсүнүн (Интернет портал-авт.) топ башчысы Виноградов Виктор, "ЮТС Медиа" деп аталган топтун топ башчысы Каримдин уулу Алмазбек, кылаарга жумушу жок үйүндө бош отурган Иманаалы кызы Аида, Буруттардын иш жасаар ишканасы, өндүрүшү жок, өндүрүштө, ишканада иштеген балка кармаган жумушчусу жок болсо да "Кыргызстан жумушчулар партиясы" деген топтун топ башчысы Анжияндык Парманкулдун уулу Замирбек дегендер да казатка даярданып жатышат.
Бабабыз Манастын жер майышкан калың колун Кытайды карай чоң казатка аттанаарда 12 тайпа кыргыз 4 тайпасын казак, өзбек, кара калпактар түзүшүп, баардыгы 16 тайпа эл түзгөн экен. Манастын азыркы урпактары башкы тактыны талашып өзүлөрү менен өзүлөрү кызыл кыргын, кара сүргүн болоордо 42 тайпаны түзүшмөй болушту. (42 талапкер дегеним)
Бир кудай өзүң сактай көр" деп беш убак келме келтирип отурам. Кокус чоң казатта баатырлар ээ жаа бербей кетишсе, 42 тайпа колдун сүрүнөн, баатырлардын айбатынан, жаалданган казаттын эпкининен жүрөктөрү түшүшүп Чыгыштагы коңшубуз Кытай эли андан ары Австралияга, Мухиттеги сансыз аралдарга кире качышып, оң капталдагы казактар шибер токоюн аралап кайың саап, маңдайдагы сол тараптагы өзбек, тажик, түркмөн элдери Эрен (Иран-авт.) менен Семетейдин кайын журту Огон элине жөө жалаңдап жөнөшүп, кең пейил орус журту Батыштагы Дойч, Мажарстан өлкөлөрүнүн (Германия, Венгрия - авт.) аралап өтүп алыскы Бриттердин аралына (улуу Британия-авт.) Жер Ортолук деңизиндеги Пириней (Испания-авт.) жарым аралына цыгандай тентип кетишип кайран жерлер ээн калып, биз кошуналарсыз калбасак болду. Астапуралла!

(Уландысы бар)
Жолдошбек Токоев




  Айла кеткендеги аргасыз ой

Метастаза
Адамзат тарыхында нечендеген оорулар пайда болуп миллиондогондордун өмүрүн алып бул ооруларга илимпоздор дары жазашып дабасын табышып жошоо менен тынымсыз күрөшүп келишет күрөшүп келишкени белгилүү. Адамзат канчалык алпурушпасын бир оорунун дабасын, дарысын таба элек. Бул оорулардын бири илдетке чалдыккан адамдын жан этин жедирип кыйнап азапка салып оптотуп, арыктатып, алсыратып жатып жанын алган рак оорусу. Бул оорунун атын уккан айрым адамдардын жүрөктөрү шуу дей түшөт. Себеби, бул оорунун коркунучтуугун, анын эч айыкпастыгын адамдар билишет. Ошон үчүн адамга дароо коркуу сезимин пайда кылат. Кимдин болбосун үшүн алган бул оору, адамдын органдарындагы микроорганизмдин клеткалары зыяндуу шишиктин пайда кылып ал денендеги бездерге, канга тарап адамды кыйнап отуруп өмүрүн алат. Бул процесс медицинада- метастаза дап аталат. Мындан 40 жылга жакын илгери БУУ ири баадагы сыйлык жарыяласа дагы дүйнөнүн нечендеген илимпоздору бул ооруну далылоонун жолун али табыша элек. Метастаза - байыркы грек сөзү (metastasis ) ал "которулуштуруу" - деп аталат. Жогоруда белгилегендей зыяндуу микроклеткалардын канга, бездерге өтүп кетүүсү десем туура болоор. Азыркы Кыргызтандын бийлиги дал ушул рак оорусун пайда кылуучу зыяндуу шишик сыяктуу болуп бараткандай. Анын метастазасы коомдун баардык клеткаларына тарап, адам жандуунун баарын беймазага салып келет. Рак оорусу адамда кыйла убакыттан кийин сезилип, билине баштаган сыңары кырыз бийлигинин оорусу мындын 20 жыл илгери пайда болуп, азыр метазтаза абалына келиши анын симптомдору кийинки жылдарда ачык билине баштаган.
Медицинада дартка чалдыккан адамда рак оорусун жок кылууну көздөп пайда болгон зыяндуу шишик клеткаларын операцилык жол менен алып таштайт, химиялык терапия деген процедураларды жасап келишет. Бирок дарт ага моюн бербейт. Бул убактылуу таасир берүүчү аракеттер болуп саналат.
Медицина сыяктуу кыргыз эли коомдогу зыяндуу шишикти - алып таштоо үчүн эки жолу: 2005-жылдын март жана 2010-жылдын апрель айларында "операция", нечендеген митинг, пикеттер менен "химиялык терапия" жазашты, бирок метазтаза токтободу, метазтаза уланууда. Рак оорусунун шишиги адамдын ашказан же кызыл өңгөчүндө болсо бир эле ошол орган оорутпастан ал дененин бардык жерине жүгүрүп турган кан, бездеги заттар аркылуу жайылган соң ал баардык мүчөнү жабыркатып азапка салат. Өлкөдөгү бийлик - деп аталган коркунучтуу рак шишиги, анын залалдары коомчулдуктун баардык катмарына тарап чексиз кыйноого алып келүүдө. Буга үч эле мисал келтирейин. 1989 - жалы Кыргызстанда адамдын орто жашы 75 жаш болсо, азыркы учурда 67 жаш. Демек, адам өмүрү 8 жашка кыскарды. Бүгүнкү күндө төрөлгөн 1000 баланын 220сы 5 жашка жетпей тамак - аштын жетишсиздигинен чарчап калууда. Бишкек шаарынын калкы 1млн. 300миң адамды түзсө да, акыркы 20 жылда бир да оорукана курулган жок. Ошол эле учурда шаарда ууру акчалардын эсебинен жүз оорукананын имараттарына барабар жеке менчик сарайлар тургузулду. Бул факт. Бийликтеги "рак" шишигинин анын метазтазасынын кесепети. Азыркы кезде Рак оорусуна кабылбас үчүн медицина:- адам таза абада көп жүрүп, туура тамактанып, тамеки, ичкилик сыяктуу зыянду заттардан оолак болуш керек, атүгүл сууга түшүп, кумга жатып эс алган кезде дагы, күндү нурун ашыкча алуудан этият болуу керек - деген сыяктууларды кеңеш берет. Бул эми адам жана медицина деп койолу, ал эми адам коому коркунучтуу илдетке кабылбас үчүн эмне кылуу керек, андан кантип арылуу керек?
Коом да тирүү организм сыяктуу тазалыкты, туура башкарууну, терс көрүнүштөрдөн алыс болуусу зарыл. Кечээ жакында Россиянын өкмөт башчысы В. Путин бул өлкөсүндөгү диний конфециялардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Сергей Соловев, Николай Бердяев сыяктуу философтордон кем эмес ой жүгүрткөн бүткүл Россия жана Москванын православия чиркөөсүнүн патриархы Кирилл:" саясий партиялардын жана башка бирикмелердин мамлекеттин программаларын карап көрсөк ириде экономика, финансы, инвистиция, экология кадр, билим берүү, медицина жана дагы толгон- токойлор жөнүндө айтылып эң акыркы 30 - же 35 - пункуттарда нравалык маселеге орун берилет. Коомдун табиятына терең ой жүгүртсөк ага карата туура мамиле кылсак анда нравалык категорияга биринчи орун беришибиз керек. Ошондо гана натыйжа болот, мамлекет өнүгөт". - деп айтты. Бул акылман адамдын сөзү, калетсиз сөз. Биз сыяктуу нравалык маселени чөктүрүп жиберген Россиянын бийлиги да ушундай убарада. Рак оорусуна чалдыккан адам жан арга издеп, "бир шыпаа болуп кетээр!"- деген үмүт менен ар кайсы табыптарга барып, ошол табыптардын жасап берген дарыларын ичип бир аз жакшы болуп өзүн сергек сезе түшкөнүн, бирок бул убактылуу гана экенин көрүп жүрөбүз. Убактылуу болсо да оорунун жанын жай алдыра түшкөн бул адамдын жалган ишеничи жана үмүтү. Үмүт адамдын психологиясына таасир эткендиктен ошондой убактылуу эффектиге туш болот. Айтмакчы, табып деле жакшы билет жасап берген дарысынан рак оорусу айыкпасын. Анын максаты болгону акча жасоо. Жакында өлкөдө президенттик шайлоо өнөктүгү жүрөт. Далай адамдар жогорудагыдай куру ишенич, үмүт, жогорудагы алдамчы табып сыяктуу нечен жыл бийлик чөйрөсүндө жүрүп рак оорусунун коркунучтуу клеткасына айланып кеткен тигил же бул президенттикке талапкердин анын нравалык баалуулуктарына кайыл болуп, кыргыздын рак шишигинин бир клеткасы болгонун билип туруп ( жердешчилк уруучулдукту эсепке албаганда ) анын камчысын чабаары бышык. Ошол адамдар бүгүнкү күндөгү кыргыздын рак шишигинин бир клеткасы болгон адамды кайра бийликке алып келишет. Бул табыпка барып кайра эле аргасы түгөнгөн адамдын жоругундай нерсе.
Ошентип, метазтаза кайрадан элди жабыркатаары айкын нерсе. Кыргыз эли бийлик деп аталган "рактын" 10 - 20 клеткасын жок кылууну көздөбөй, же ошол коркунучтуу бир клетканы кайрадан дененсине сактап калганга далбас урбай, башка жаңы рецепти табуусу керек. Менимче жаңы рецептердин бири бийлик чөйрөсүнө таптакыр жаңы кан куйуубуз зарыл. Канча кылса да жаңы кан организмдеги зыяндуу заттардан арылтат. Мүмкүн башкача дарылануунун жолу табылаар, адамдын акыл мүмкүнчилүгү чексиз эмеспи. Эгер анте албасак метазтаза улутту онтоткону онтоткон.
Токо Мамбетов








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??