Оюнбу же чоюнбу?
Атамбаев айтканың кайда?
Өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгы эң көйгөйлүү маселеге айланып туру. Май куйуучу станцияларда 10 литрден чектөө киргизди. Көпчүлүгү жабылды. Эң көп керектелчү 92 маркасындагы бензин 41-45 сомдон сатылууда. Эсиңиздерде болсо керек, жыл башында премьер-министр Алмаз Атамбаев "күйүүчү майлар арзандайт" деген болчу. Кийинчирээк "күйүүчү май ашып кетсе 40 тыйынга кымбаттайт" деген эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө 40 тыйын эмес, 8-9 сомго чейин көтөрүлүп кетти. Көтөрүлгөндөн ары чектөө киргизилип, караламан 10 литрден ашык майды куялбай турушат. Мунун артында чо-оң саясат жатат деген чындыкка жакын өңдөнөт. Кезинде уулу Максимди коргоо менен орустарга Курманбек жаман көрүнгөндөй, Бабановдун калкалайм деген Атамбаев океңдерди тескери караткан шекилди. Так шайлоо босогосунда май буроосу менен Алмаз мырзанын кадырын кетирип, бийликтен шыпыруу планы ишке киришкендей. Болбосо, Россия менен мамилеси өтө начарлаган тажиктерде күйүүчү май көйгөйү жок. Анан эле бизге келгенде мындай жоруктун жасалып жатканы, коомчулук божурагандай чо-оң саясаттын сасык жыты эмеспи.




Саякат сахнасында
Данчиктен
"бадарке" алдыбы?
ЖоКе депутаттарынын сапары боюнча эл арасында түрдүү сөздөр жүрүүдө. Айтымдарга баам салсак, Малайзияга болгон сапарда үлкөн жолугушуулар болуптур. Араб өлкөлөрүндө баш калкалаган Данияр Үсөнов Индонезиянын кайсы бир аралында спикер А.Келдибеков менен чайлашып, алдыдагы пландарды масилеттешиптир дейт, узун кулактар. Айтор булардын чын бышыгы азырынча белгисиз. Бирок, Бишкектин Ала-Арча тарабында (аны "өйдөкүлөр" гипгородок деп койот) канчадан бери курулуп жаткан Данчике таандык заңгыраган үйлөрдү кимдер гана билбейт. Ошол жердеги хансарайлардын бирин Үсөновдун аялы А.Келдибековго энчилегени тар чөйрөдө айтылууда.




Байболовго байлык керек..?
Бакиевдин катаал бийлигинин тушунда байлыгын элден өйдө коюп Американы көздөй дыр койгон Кубатбек Байболов деген неме апрель революциясынан соң бийликтин бийик тепкичтерине секирик жасап, "көчүккө" жегенден кийин бетине тырмак салып ийгенин билебиз. Ошондо чындык ушул тарапта дегендер да болгон. Бирок, Кукең аягына чейин туралбады. Каардуу үнү бат эле өчтү. "Ата-Мекендин" жыйынында катышып, тепкиге кабылганын укканбыз, жакында Атамбаевге кирип Текебаевдин терисин сыйрып чыкты деген маалымат тарады. "Байболов байлыгыңды чогулттуң, эми жогол!" деп кыйкырык салган Алмаз мырза кантип кабыл алганын биз да түшүнбөй турубуз. Ал эми "Аламан" сайты Байболов 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов менен кармашканын токтотуп, компромат материалдарын 5 миллион долларга пулдап ийгенин жазды. Бу киши чындыктан акчаны өйдө койгонуна өкүнүп турубуз. Соодага жакын немеден чыны менен эле жакшылыкты күтүп болбойт окшобойбу.

Түштүктө кара пияр
Шайлоонун шайтан оюндарын эмитен баштаган кээ бир эрендер Түштүктө видео дисктерди тарата баштаганы айтылууда. Анда А.Атамбаев, Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Т.Сариев сындуу Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүн каралаган материалдар камтылыптыр. Түштүк элинин жаралуу жеринен кармашып, июнь коогалаңын көңүл чордонуна уютуп, бир саатка чукул тартылган тасманы тараткандардын башында Адахан Мадумаров турат деген каңшаар жүрүүдө. Эл башкарууга белсенген адамдын мындай пастыкка барып, саясий элитаны кайраштыра баштаганы жакшылыкка алпарбашын кулакка күмүш сырга кылабыз. Учкундан жалын тутанып, ушундайдан от чыгып кетиши мүмкүн. Муну кыйынмын деген ар бир азамат билүүсү кажет. Биз үчүн азыр өлкө тынчтыгы биринчи орунда турат.
Күлчоро Кабылов




 "Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту"

Ажолукту самагандардын саны онго жетти
Былтыркы парламенттик шайлоодо 29 партияны сүрөөнгө алып, дүйнөлүк коомчулуктун оозун ачырган кыкеңдер быйылкы президенттик аламанда да рекорд койчудай болуп барат. Кечээки маалымат боюнча президенттик шайлоого катышууну каалап, БШКга арыз жазган талапкерлердин саны онго жетти. Алар Эркин Бөлөкбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Арстанбек Абдылдаев, Барктабас Аземкулов, Сергей Трофимов, Тургунбек Нарикеев, Курманбек Осмонов, Жылдызбек Стамбаев жана Исхак Масалиевдер. Ал эми аламанга аттанууга ниети барлыгын билдирип, арыз жаза электердин катары да калың. Мисалы, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Нариман Тюлеев, Марат Султанов, Турсунбай Бакир уулу, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Акылбек Жапаров, Мелис Мырзакматов ж.б. Булар элге таанылгандары гана. "Атың чыкпаса жер өрттө" дегендерди, алыста жана жакында жүргөн "докторлорду" кошкондо 16-августка чейин бир топко барчыдай. Баса, кечээ Н.Мотуев дагы президенттикке катышарын билдирип, БШКга арызын жазыптыр. Эмнесин айтысыз, кызыктар али алдыда.





  Ой, тоб-оо!

Аскар айланы кетиргенде…
"Чала молдо дин бузат" деген сыңары өлкөнүн бийлигинин бир топ талуу жерлерине өңчөй "чала молодлор" келип, чалмакейди чалып жаткан кези. Дегенибиз, энергетика тармагында эч бир түшүнүгү жок, лампочка бураганды билсе билгендир, бирок бул татаал тармакта иштеген Аскарбек Шадиевдин кесепетин карапайым калк көрүүдө. Булардын кол алдында иштегендери ушул жайдын аптабында абанын температурасы Ө 36-38 градус болуп жатканда, подстанцияларды профилактикалоону жүргүзүп, электро энергиялар өчүрүлүп, анын айынан үйдөгү жана павелиондогу муздаткычтар эрип, биртке тамак аштары зыянга учурап жаткан кези. Акылдуу жетекчи профилактиканы күн салкында, жазда же күздө жасагыла деп айтмак.




Эсенаманов "эсиргенде"
Тоо кен тармагында эч бир түшүнүгү жок, эт туурагыч машиналар боюнча билим алган табигый ресурстар министри Замирбек Эсенаманов өткөн аптада Чаткал өрөөнүндөгү кытайлар иштетип жаткан Иштемберди алтын кенин Казакстандын "Балхаш алтын кени комбинатына" барып иштетебиз деп чыкты. Бул кадам Максим Бакиевдин коррупциялык схемасына таандык болчу. Алтын менен кошо чийки заттын курамында күмүш да бар экенин көпчүлүк эл биле бербесе керек. Кокус, З.Эсенаманов чыныгы кесипгөй, мекенчил болсо кыргыздын кен байлыктарынын бир дагы киллограмын сырье түрүндө сыртка, башка мамлекетке чыгарбайбыз деп айтмак эле. Ал алтындар жөнүндө "Айгай-пресс" гезити кийинки сандарында кеңири ой айтат.


"Айгай-пресс"