Айымдар бурчу

Ашыкча салмактан арылыңыз

Жай келип аялзаты өзүндөгү кыш бою "жыйылып" калган ашыкча салмактан арылгысы келет эмеспи. Мунун негизинде кээ бири ар түрдүү диеталарды кармаса, кээ бири спорт менен машыгууну көздөшөт. Буга албетте ар кимисинин эле мүмкүнчүлүгү жана шарты туура келе бербейт. Төмөндө ашыкча салмактан арылып, салмагыңызды бир калыпта кармап жүрүүгө негиз боло алган кеңештерди сунуштайбыз.
1) Тамактанууга чейин бир стакан жемиш суусунан же жөнөкөй эле кайнатылган суу ичсеңиз ашыкча тамактанып алууга чек коюлат.
2) Өзүңүздүн рационуңузга ар түрдүү специяларды колдонуңуз, бул зат алмашунуу тездетип, керексиз коллорияларды жок кылат.
3) Көк чай бул тамакка болгон табитиңизди төмөндөтөт
4) Бир күндө 2 стакандан көп эмес кофе ичиңиз бул болсо тамакка болгон табитиүизди калыптандырат.
5) Тамактануу учурунда көйгөйлөрдү ойлобой тынч олтуруп тамактанганыңыз оң.
6) Тамактанып бүткөн соң дароо дасторкондон туруп кетиңиз, эгер көп отуруп калсаңыз сиз дагы көп тамактанып алшыңыз мүмкүн ,ошондуктан тамактангандан кийин көп олтрууга болбойт.
7) Тамакты кылдаттык менен азыраак өлчөмдө жегенге үйрөнүңүз.
8) Тамактанып жатканда тик туруп тамактанбастан столго отуруп тамактансаңыз тамак сиңимдүү болот.

Организиминизге керек болчу азыктар
1) Алма- йодду көп болуп чыгарат, ошондуктан организимге пайдалуу.
2) Курамында май кошулбаган йогурт ичиңиз .
3) Грейпфрут жесеңиз, керексиз коллорияларды жок кылат.