Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Дүрбүрөйт, дүрбүрөйт…

Чоң казат
Кыргыз ханшасы каарын төккөндөн кийин парламенттеги даткалар кеңешип отурушуп чоң казаттын болоор күнүн айтышты. Ал казат аркада мал бетеге-тулаңга нык семиргенде, Анжиян тарапта мөмө-жемиш жерге төгүлүп, коон-дарбыз базарларда ала-дөбөдөй үйүлгөндө, күндүн илеби кайтып турганда, пайгамбар жыл эсеби боюнча 1488-жылдын жетинин айынын акыркы күнү (2011-жылдын 30-октябрь) таң куланөөк сүргөндө башталмай болду.

(Уландысы. Башы өткөн сандарда.)
Чоң казат башталаардан бир күн мурда тыныгуу болот. Кол башчылар кошундардын эсебин алып кем карчын толуктайт, ошол күнү. Хан тактыны талашуучулар болсо эртең эмне болоор экен дешип түн уйкудан калышып, жүрөктөрүнө тамак баспай дымыгып турушат. Ошол жетинин айынын акыркы күнү багымдатта мечиттерден азан чакырылганда, казат башталып жер майыштырган калың колдор мерчемдүү жерлерге жылып жөнөшөт. Күн бою добулбастын үнү тынбай тарсылдап турат. Казаттын эрежеси ушундай.


Нариман да чоң казатка киреби?
Хан тактыны талашуучулардын саны арбый баштады. Айрымдары такка жетпесем да, казатта олжолуу кайтсам деп алтын, күмүш дилдеге, арбын малга көздөрүн кызарта баштады. Алайдагы Адигине тайпасынын даткасы Марат (Марат Султанов-авт.) Теңир-Тоолук датка Нариман (Н.Тюлеев) менен шерттешкени бар эле. Ал шерти не болгону ачык айтыла элек, бирок айрым жерлерде эр ачышпай Нариман датка өзү кире турган болуптур, казатка деген сөздөр да айтыла баштады. Нариман датка мындан 4 жыл мурда ордо калаа Бишкетин беги болгон. Адал кызмат калыс иши үчүн эл оозуна алынган. Ордо шаарда темирдей тартип орнотуп акимдерди, салык башчыларды, кызыл чокторду демиктирип иштеткен жайы бар эле. Нариман казатта ушул эмгектери зор күч болуп берет окшойт. Мындан сырткары Нариман датканын колуна Теңир-Тоодогу ар кошкон тайпалар, Ысык-Көлдөгү бугу, саяк тайпалары кошулабыз деп турушат. Буга караганда Нариман датка түндүктөгү казатта үч жерден чабуул жасайт окшойт. Нариман датканын Анжиян тараптагы бектер менен даткалар да "Сенин колуңа келип кошулуп, ошол жакта согушабыз" деп жатышкан экен. Анжиян колу тоодо согуш өнөрүн анча биле бербесе да, түздөгү согушка жакшы. (Алардын эң эле мыктылары-чачтарын төбөлөрүнө түйүп, жоо киймин кийишкен аялдары мыкты согушат.) Бабабыз Манас Кытай калмак менен согушканда "Ороңгу деген катын бар, отуз таман бети бар" деп аталган аял кыргыздын сазайын берген. Ошол Ороңгудай аялдар Анжиян тарапта арбын. Булар нечен согушта такшалып калышкан.
(2002-жылы анда датка, азыр кыргыз ханшасынын парламенттеги өкүлү Азимбекти Аскар падишах зынданга салганда, кийин, 2005-жылкы март айындагы Кара-Сүргүндө Зулум ханды такка отургузганда да "Обон" тайпасы ошол кездеги Үсөн аке миңбашынын карамагында турушуп, өз жеңиштерине жетип келген. Азыр ал тайпа кимдин карамагында экени белгисиз, бирок булар олжо болчу күч. Согушка тартынбай кире беришет. Бул тайпа менен беттешкенде эңгезердей эркек баатырлар Эр Төштүкчө жер астына кире качышат.)


Эшекти го токуйбуз…
Күздөгү чоң казатка Бакирдин уулу Турсунбай хаджи датка да аттана турган болду. Бул датка өткөн жылы парламентке келгенде куран кармап ант берген. Турсунбай хаджи - датканы кудай жолунда жүрөт десең кылган иши башкача. Себеби, ал көптөн бери акыйкат жолундамын деген Турсунбек Акун менен жоолашып келет. Мухамбет алейсаламдын хадисинде: "Адамдардын бир жыл бою арыздашып, касташып жүрүүсү кан төгүү менен барабар" деп айтылган. Ошентсе да Турсунбай өзүн чыныгы момун сезет.
Тээ илгери Кокон хандыгынын учурунда Анжиян, Маргалан, Намангандан молдо, сопулар Теңир-Тоону аралап, ислам динин үгүттөп барганда саяк журтунун бирөө: "Булардын эшегин токуурун токуйбуз, бирок беш убак намазын кантип окуйбуз" деп айткан экен, динге моюн сунгусу келбей.
Турсунбай хаджа - датка бурак минип, колуна зулпукар кылыч алып (Зулпукар - Мухамбеттин кылычы) Кокондун молдо сопулары исламга жыгылбагандарды мен жыктырам деп, "жихад" жарыялап, чоң казатка аттанмай болду. Бул датканын арбын колуна маджахеддер, хизбут-тахрир, ахмедийчилер, даватчылар тайпалары кирет дешет, эй. Балким, мечиттеги имамдар, аалымдар жүз башы, миң башы болушат чыгаар. Турсунбай хаджа - датка Стамбулдагы Сулаймандын мечитиндей болбосо да, парламенттин бир бөлмөсүнө намазкана орнотуп койду эле, бул улуу ишке жетине алышпай исламчылар: "Жашаң Турсунбай хаджа, жашаң!" деп мактап турушат, ушул тапта анын чоң казатка аттанчу ансарлары. (Ансарлары - Мухамбеттин жигиттери) Турсунбай хаджа - датканын ансарлары чоң казатта бат эле жеңилет дегендер көп. Анан калса алар үстүлөрүнө чопкут, зооту кийишпей, көкүрөгү ачык жака, этеги узун көйнөк, буттарына калың өтүк эмес галош кийишет экен. Алар канчалык "Аллахуакбар" дешкени менен, мындай кийим менен согушууу кыйын.
Бирок, "Малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр" дегендей, чоң казатка аттанып жаткандардын бирөөсү Турсунбайга олжодон убада кылса, өзүнө караштуу тилге кончу ансарларын олжо убада кылгандын колуна кошуп казаттан чыга берет. Ошон үчүн Турсунбай датканы ээрчүүчү Ахмадинийлер, хизбуттахрир, даватчылар тайпалары ойлонушу керек го, чын эле Алланын жолунда жүргөндөрү чын болсо?
Айтмакчы, Турсунбай хаджа - датканын парламенте бир отурган Феликс (Кулов) датка деген "акасы" бар. Ошол датка өткөн жылкы кичи казатта намазга жыгылды деген сөз тараган. "Бу датка кыргыз тилин билчү эмес эле, араб тилиндеги куранды кантип үйрөндү экен ия? Же жөн эле куранды "ичинен кайырма" кылып жатабы деп далайыбыздын кулагыбыз делдейген.


Эр башына иш түшсө өтүгү менен суу кечет
Бир кезекте коммунисттердин сансыз колу, өткүр кылыгы, жылаан боор кызыл камчысы турганда, накта коммунист Апсамат ава кыргызга ажо болду эле. Ошол кайран кишинин кадыры менен Исхак деген уулу нечен жыл датка болду. "Эр башына иш түшсө өтүгү менен суу кечет, ат башына иш түшсө ооздугу менен суу ичет" болуп аткан жылы таянганы бийликтен шыпырылып, күн батышка, Гисар өрөөнүнө качканда, күтпөгөн окуяга ызааландыбы, ордонун бир кездеги миңбашчысы Үсөн акени ээрчип, тез эле (Ү.Сыдыков-авт.) колго түшүп, араң кутулуп чыккан. Эми кайрадан кармашка түшпөсөм болбоду деп Апсамат ажонун уулу Исхак да чоң казатка аттанмай болду. Бирок, кээ бирлери айтып жатат, чоң казатка аны ордодогу "жаңы тууганы" чыгарыптып деп. Исхактын колунун ичинде Баткен, Лейлек, Кадамжайдагы айрым тайпалары, анан саны көп, бирок алдары жок коммунист доорун эңсегендер, баарынын көкүрөгүндө жакшы тилек болушса, "базардан кайтып" бараткандар.

"Атаңдын көрү дүйнө бок,
Кечеки көргөн бүгүн жок" деп ачуусун оюн-зооктон чыгарып Исхак мырза кейип турат дейт. Кейибей коймокпу. Ажонун уулу болду. Үкөсү болду. Бирок, Исхак мырзанын кемчилиги көп эле. Нечен жыл датка болуп жүрүп кылыч чабаар, найза сайаар чокмор баш, айбалта шилтеер жаш коммунисттердин тайпасын курай албады. Эртеңки күндү ойлобой, көксөө чалдарга ишенип жүрүп алды. Бирок, анткен менен "бөрү карыса бир койлук алы бар" дегендей, Исхактын бул колу чоң казатта душмандардын бир капталын жирегенге жарайт. Исхак өзү да ошого ишенип, казатка аттанмай болду бейм.


Алдыраар күнү жаздырган
Кыргыз парламентинде аталышы кеңири болгон менен "Ата-Мекен" деген топ бар. Ушу топ чоң казатка катышпай калабы? деген түкшүмөл суроолор сунулуп калган. Кечээ жакында ушул топтун тыңчыкмасы, Таластын төмөн жагындагы Сару журтунун Акбай, Бабыр элинен болгон Бабырбек уулу Равшанбек датка (Р.Жээнбеков-авт.) "Ата-Мекен" тобунан чоң казатка атанаарын тайпада андан башка да найза сайаар, кылыч, айбалта чабаар баатырлар бар экенин жар салды. Жакында Анжиян-арканын кыргыздарын, доңуздун этин жакшы көргөн орус, Украиндерди, ала топу өзбек, тажиктерди, ашлямфу жыттанган дунгандарды, чеснок, калемпирсиз тамак жебеген корейлерди, көкүрөктөрүнөн 2 байпактык жүн чыккан Кавказдык тайпаларды, Европа, АКШнын элчилерин чакырып курултай өткөзөбүз да, ошондо хандыкка талапкерибизди көрсөтөбүз деди.
Өткөн жылкы кичи казатта бул "Ата-Мекен" тобу жакшы жеңишке жетише албай, Жокеде таасири жокко барабар болуп калган эле. Анын себеби, ошол кичи казат учурунда "Ата-Мекенчилер" өзүлөрүнүн кызыл байрагын Ала-Тоонун ой-чуңкурундагы дарактарга, карагайларга, үйлөрдүн дарбазаларына иле беришип, аны көрүшкөн букалар кыжыры кайнап, жер чапчышып, уйлар мөңкүп мөөрөшүп, букалар менен уйлардын ээлеринин ачуулары келишип, алардын колуна каршы согушуп чыгышкан. "Алдыраар күнү жаздыраар" деген ушул белем, "Ата-Мекенчилерде" же бирөөсү билсечи, кызылды көргөндө Зеңгир бабанын тукумунун кыжыры кайнаарын? Эми "Ата-Мекен" тобу күздөгү чоң казатта уйду көрсө оолак болуп, буканы көрүшсө бугуп жатып, өгүздү көрүшсө өмчөктөп согушат сыяктанат. Кокус бул топ Чиркештин уулу Өмүрбекти хандык такка сүрөшсө калп айткан менен болобу.
Өмүрбек датканын бир артыкчылыгы бар. Ал дүйнө жыйнап сасык бай, кара жемсөө жегич атка конгон эмес. Өмүрүнүн жарымын жоо менен беттешип, жоокерчиликте өткөздү. Көп жоону жеңип, жеңилип бара жатса да аргымактын ыйык жалына өбөктөп жатып кайра бел түзөп кетип согушуп жүрдү.

(Уландысы бар)

Жолдошбек Токоев




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«